ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم

رقم الصفحة:close

external-link copy
234 : 2

وَٱلَّذِينَ يُتَوَفَّوۡنَ مِنكُمۡ وَيَذَرُونَ أَزۡوَٰجٗا يَتَرَبَّصۡنَ بِأَنفُسِهِنَّ أَرۡبَعَةَ أَشۡهُرٖ وَعَشۡرٗاۖ فَإِذَا بَلَغۡنَ أَجَلَهُنَّ فَلَا جُنَاحَ عَلَيۡكُمۡ فِيمَا فَعَلۡنَ فِيٓ أَنفُسِهِنَّ بِٱلۡمَعۡرُوفِۗ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٞ

Силерден кимдир бирөө өлүп, артында боюнда жок аялдар калса, анда алар төрт ай он күн күтүү (идда) мөөнөтүндө болушат. Бул учурда алар үчүн күйөөсүнүн үйүнөн чыгуу, жасануу жана турмушка чыгуу тыюу салынат. Ал эми бул мөөнөт бүткөндөн кийин аларга ошол мезгилде жасоого тыюу салынган иштерди шариятта жана үрп-адатта белгилүү болгон жолдо кылыша турган болсо, анда алардын камкорчуларына (валийлерине) күнөө болбойт. Аллах силердин эмне кылып жатканыңарды Билүүчү. Силердин сырткы жана ички көрүнүшүңөрдөн эч бир нерсе Ага жашыруун эмес. Кийин силерге анын жазасын же сыйлыгын берет. info
التفاسير:

external-link copy
235 : 2

وَلَا جُنَاحَ عَلَيۡكُمۡ فِيمَا عَرَّضۡتُم بِهِۦ مِنۡ خِطۡبَةِ ٱلنِّسَآءِ أَوۡ أَكۡنَنتُمۡ فِيٓ أَنفُسِكُمۡۚ عَلِمَ ٱللَّهُ أَنَّكُمۡ سَتَذۡكُرُونَهُنَّ وَلَٰكِن لَّا تُوَاعِدُوهُنَّ سِرًّا إِلَّآ أَن تَقُولُواْ قَوۡلٗا مَّعۡرُوفٗاۚ وَلَا تَعۡزِمُواْ عُقۡدَةَ ٱلنِّكَاحِ حَتَّىٰ يَبۡلُغَ ٱلۡكِتَٰبُ أَجَلَهُۥۚ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ مَا فِيٓ أَنفُسِكُمۡ فَٱحۡذَرُوهُۚ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌ حَلِيمٞ

Силер күйөөсү өлүп же толук талак түшүп күтүү (идда) мөөнөтүндөгү аялдарга жуучу түшүрүү тууралуу ниетиңерди ачык билдирбестен, мисалы: «Күтүү мөөнөтүң бүтсө, мага айтып кой» – деп өз каалооңорду кыйытып айтууңарда эч кандай күнөө жок. Ошондой эле күтүү мөөнөтү бүткөн аялдарга үйлөнүү тууралуу каалооңорду ичиңерге жашырып койсоңор да күнөө эмес. Аллах силердин аларга болгон каалооңордун күчтүүлүгүнөн улам аларды эстериңерди билди, ошол себептен аларга ачык билдирбестен, кыйытып айтууңарга уруксат берди. Алардын күтүү мөөнөтүндө алар менен үйлөнүү тууралуу жашыруун убадалашуудан сак болгула. Бирок кыйытып айткан белгилүү сөздөр болсо гана уруксат. Күтүү (идда) мөөнөтү учурунда никеге турбагыла. Билгиле, Аллах силерге уруксат берген жана тыйган нерселердин кайсынысын ичиңерге жашырганыңарды билет. Андыктан Андан сак болгула, Анын буйругуна каршы чыкпагыла. Билгиле, Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, жазалоого шашылбаган Токтоо. info
التفاسير:

external-link copy
236 : 2

لَّا جُنَاحَ عَلَيۡكُمۡ إِن طَلَّقۡتُمُ ٱلنِّسَآءَ مَا لَمۡ تَمَسُّوهُنَّ أَوۡ تَفۡرِضُواْ لَهُنَّ فَرِيضَةٗۚ وَمَتِّعُوهُنَّ عَلَى ٱلۡمُوسِعِ قَدَرُهُۥ وَعَلَى ٱلۡمُقۡتِرِ قَدَرُهُۥ مَتَٰعَۢا بِٱلۡمَعۡرُوفِۖ حَقًّا عَلَى ٱلۡمُحۡسِنِينَ

Никеге турган аялыңар менен жыныстык мамиле кылганга чейин жана аларга белгиленген калыңды берүү милдетин алганга чейин ажырашасаңар, силерге күнөө эмес. Эгерде ушундай абалда аларга талак берсеңер, анда калың берүүгө милдеттүү эмессиңер. Бирок байлыгы көп бакубат жашаган болобу же байлыгы аз кыйналып жашаган болобу, аларга мүмкүнчүлүккө жараша аларды кубанта тургандай жана сынган көңүлүн жубата тургандай бир нерсе берүү керек. Бул белек иш-аракетинде жана мамилесинде жакшылык кылуучулардын мойнундагы бекем милдет. info
التفاسير:

external-link copy
237 : 2

وَإِن طَلَّقۡتُمُوهُنَّ مِن قَبۡلِ أَن تَمَسُّوهُنَّ وَقَدۡ فَرَضۡتُمۡ لَهُنَّ فَرِيضَةٗ فَنِصۡفُ مَا فَرَضۡتُمۡ إِلَّآ أَن يَعۡفُونَ أَوۡ يَعۡفُوَاْ ٱلَّذِي بِيَدِهِۦ عُقۡدَةُ ٱلنِّكَاحِۚ وَأَن تَعۡفُوٓاْ أَقۡرَبُ لِلتَّقۡوَىٰۚ وَلَا تَنسَوُاْ ٱلۡفَضۡلَ بَيۡنَكُمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرٌ

Эгерде никелешкен аялдарыңар менен жыныстык мамиле кылганга чейин талак берсеңер жана аларга белгилүү бир өлчөмдө калың берүү милдетин мойнуңарга алсаңар, аларга аталган калыңдын жарымын төлөп бергиле. Болбосо ал аялдар акыл акыл-эстүүлүк кылып кечип коюшсун же эркектер айкөлдүк кылып аларга калыңды толук беришсин. Бири-бириңерге болгон укуктарда кечиримдүү болгонуңар Аллахтан коркууга жана Ага баш ийүүгө жакыныраак. Оо, адамдар! Бири-бириңерге кайрымдуу болууну жана өз ара укуктарда кечиримдүү болууну токтотпогула. Чындыгында Аллах силердин кылганыңарды Көрүүчү. Андыктан Аллахтын сыйлыгына жетиш үчүн жакшылык кылууга аракет кылгыла. info
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• مشروعية العِدة على من توفي عنها زوجها بأن تمتنع عن الزينة والزواج مدة أربعة أشهر وعشرة أيام.
Шарият боюнча күтүү (идда) мөөнөтүндөгү аялга төрт ай он күн жасанууга жана турмушка чыгууга болбойт. info

• معرفة المؤمن باطلاع الله عليه تَحْمِلُه على الحذر منه تعالى والوقوف عند حدوده.
Ыймандуу адамдын Аллах тааланы таанып билүүсү аны Андан сак болууга жана Анын чектеринен чыкпоого түрткү берет. info

• الحث على المعاملة بالمعروف بين الأزواج والأقارب، وأن يكون العفو والمسامحة أساس تعاملهم فيما بينهم.
Жубайларды жана туугандарды бири-бирине жакшы мамиледе болууга үндөө жана алардын ортосундагы мамиле кечиримдүүлүккө жана айкөлдүккө негизделүүгө тийиш. info