Жөөттөр ушундай маскара жолго түшүп жатышат, Аллах алардын сөздөрү менен иш-аракеттеринин кайсынысын жашырып, кайсынысын ачыкка чыгарып жаткандарын билерин элес алышпаган сыяктуу. Ал жакында аны ачык көрсөтүп, шерменделерин чыгарат.
Жөөттөрдүн арасында бир топ бар, алар Тооратты окуганды эле билишет, бирок анын маанисин түшүнүшпөйт. Аларда улууларынан калган жалган уламыштардан башка эч нерсе жок. Алар ошону Аллах түшүргөн Тоорат деп ойлошот.
Туура жолго түшүүнү жана акыйкатты байлык же бийлик сыяктуу дүйнөдөгү арзыбаган баага алмаштыруу үчүн өз колдору менен китеп жазып алып: «Бул Аллахтан келген китеп» – деп жалган айткандарды катаал азап жана кыйроо күтүп турат. Аларга өз колдору менен Аллахка карата жазган жалган жалаалары үчүн азап жана кыйроо болсун. Жана мунун артынан тапкан байлык жана бийлик сыяктуу нерселери үчүн аларга катаал азап жана кыйроо болсун.
Алар жалган жана текеберлик абалда: «Бизге тозок оту тийбейт, тозокко түшсөк да убактылуу гана болобуз» – дешти. Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Силер буга Аллахтан анык убада алдыңар беле? Эгер силер үчүн ошондой болсо, Аллах Өз убадасын бузбайт. Же силер билбей туруп эле жалган жана алдамчылык жолдо Аллахтын атынан сүйлөп жатасыңарбы?».
Абал алар ойлогондой эмес. Чындыгында Аллах каапырлык күнөөсүн кылган ар бир адамды азаптайт, аны күнөөлөрү бүт тарабынан курчап алат жана аны тозокко киргизип, ал жакта түбөлүк калтыруу менен жазалайт.
Эй, Исраил урпактары! Эстегиле, Биз силерден Аллахты жалгыздап, Андан башка эч нерсеге сыйынбоого, ата-энеге, жакын туугандарга, жетимдерге, муктаж кембагалдарга жакшы сөз сүйлөөгө, орой жана катуу айтпастан жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыюуга, намазды Биз буйругандай толук аткарууга жана зекетти чын көңүлүңөр менен татыктууларга берүүгө бекем убада албадык беле? Силердин араңардан кээ бир бирлериңерден башкаңар бул келишимден кийин силерден алынган убаданы аткаруудан баш тартып кеттиңер.
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• بعض أهل الكتاب يدّعي العلم بما أنزل الله، والحقيقة أن لا علم له بما أنزل الله، وإنما هو الوهم والجهل.
Китеп ээлеринин кээ бирлери Аллах түшүргөн нерсени билебиз дешет, бирок акыйкатта алар Аллах түшүргөн нерсени билишпейт. Чындыгында бул – адашуу жана наадандык.
• من أعظم الناس إثمًا من يكذب على الله تعالى ورسله ؛ فينسب إليهم ما لم يكن منهم.
Адамдардан эң чоң күнөөкөрлөрдүн бири – Аллахка жана Анын элчисине карата жалган айтып, алардан болбогон нерсени аларга таандык кылган адам.
• مع عظم المواثيق التي أخذها الله تعالى على اليهود وشدة التأكيد عليها، لم يزدهم ذلك إلا إعراضًا عنها ورفضًا لها.
Аллах таала жөөттөрдөн алган келишимдердин улуулугуна жана бекем тастыкталганына карабастан, бул алардын андан баш тартуусун жана четке кагуусун күчөттү.