ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم

رقم الصفحة:close

external-link copy
191 : 2

وَٱقۡتُلُوهُمۡ حَيۡثُ ثَقِفۡتُمُوهُمۡ وَأَخۡرِجُوهُم مِّنۡ حَيۡثُ أَخۡرَجُوكُمۡۚ وَٱلۡفِتۡنَةُ أَشَدُّ مِنَ ٱلۡقَتۡلِۚ وَلَا تُقَٰتِلُوهُمۡ عِندَ ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡحَرَامِ حَتَّىٰ يُقَٰتِلُوكُمۡ فِيهِۖ فَإِن قَٰتَلُوكُمۡ فَٱقۡتُلُوهُمۡۗ كَذَٰلِكَ جَزَآءُ ٱلۡكَٰفِرِينَ

Аларды жолуккан жерде өлтүргүлө жана силерди кууп чыккан Меккеден аларды да кууп чыккыла. Ыймандуу адамды дининен тосуп, каапырлыкка кайтаруудан чыккан бүлгүнчүлүк – өлтүрүүдөн да чоң. Алар өздөрү Аль-Харам мечитинде согуш баштамайынча, силер анын урматы үчүн ал жерде согуш баштабагыла. Эгер алар Аль-Харам мечитинде согуш баштаса, анда аларды өлтүргүлө. Аль-Харам мечитинде кол салгандыгы үчүн аларды өлтүрүү сыяктуу ушундай жаза – каапырлардын жазасы болот. info
التفاسير:

external-link copy
192 : 2

فَإِنِ ٱنتَهَوۡاْ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ

Эгерде алар согушканын жана каапырлыктарын токтотушса, анда силер да аларга тийбегиле. Чындыгында Аллах тообо кылгандарга кечиримдүү, аларды мурдагы күнөөлөрү үчүн жазалабайт жана аларга ырайымдуу, аларды жазалоого шашылбайт. info
التفاسير:

external-link copy
193 : 2

وَقَٰتِلُوهُمۡ حَتَّىٰ لَا تَكُونَ فِتۡنَةٞ وَيَكُونَ ٱلدِّينُ لِلَّهِۖ فَإِنِ ٱنتَهَوۡاْ فَلَا عُدۡوَٰنَ إِلَّا عَلَى ٱلظَّٰلِمِينَ

Каапырлардын арасында ширк кылуу, адамдарды Аллахтын жолунан тосуу, каапырлык кылуу жок болуп жана үстөмдүк кылган дин – Аллахтын дини болмоюнча алар менен согушкула. Эгер алар каапырлыктарынан кайтып, Аллахтын жолунан тоспосо, анда алар менен согушууну токтоткула. Анткени каапырлык кылган жана Аллахтын жолунан тоскон залымдардан башкаларга душмандык кылынбайт. info
التفاسير:

external-link copy
194 : 2

ٱلشَّهۡرُ ٱلۡحَرَامُ بِٱلشَّهۡرِ ٱلۡحَرَامِ وَٱلۡحُرُمَٰتُ قِصَاصٞۚ فَمَنِ ٱعۡتَدَىٰ عَلَيۡكُمۡ فَٱعۡتَدُواْ عَلَيۡهِ بِمِثۡلِ مَا ٱعۡتَدَىٰ عَلَيۡكُمۡۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ مَعَ ٱلۡمُتَّقِينَ

Аллах силерге жетинчи жылы Аль-Харамга кирүүгө жана умраны аткарууга мүмкүнчүлүк берген ыйык ай – ал алтынчы жылы мушриктер силерди Аль-Харамга киргизбей койгон ыйык айдын ордуна берилди. Ыйык шаардын, ыйык айлардын жана ихрамга кирүүнүн ыйыктыгы сыяктуу ыйык нерселерде душмандык кылгандардан өч алынат. Бул нерселерде ким силерге душмандык кылса, аларга кылгандарына жараша мамиле кылгыла, андан ашырып чектен чыкпагыла. Чындыгында Аллах Анын чегинен чыккандарды жакшы көрбөйт. Аллах уруксат берген нерседе чектен чыгууга келгенде Андан корккула. Билгиле, Аллах Өз колдоосу жана ийгилиги менен такыбалар тарапта. info
التفاسير:

external-link copy
195 : 2

وَأَنفِقُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَلَا تُلۡقُواْ بِأَيۡدِيكُمۡ إِلَى ٱلتَّهۡلُكَةِ وَأَحۡسِنُوٓاْۚ إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلۡمُحۡسِنِينَ

Аллахка баш ийүү үчүн Анын жолундагы согушка жана башка нерселерге мал-мүлк сарптагыла. Аллах жолунда согушууну жана ага мал-мүлк сарптоону таштоо менен же өлүмгө себеп боло турган нерселерге өзүңөрдү дуушар кылуу менен өзүңөрдү өзүңөр кыйроого түртпөгүлө. Ибадатыңарды, мамилеңерди жана адеп-ахлагыңарды жакшырткыла. Чындыгында Аллах бардык иштеринде жакшылык кылуучуларды жакшы көрөт, алардын сообун көбөйтөт жана аларга туура жолго түшүүгө ийгилик берет. info
التفاسير:

external-link copy
196 : 2

وَأَتِمُّواْ ٱلۡحَجَّ وَٱلۡعُمۡرَةَ لِلَّهِۚ فَإِنۡ أُحۡصِرۡتُمۡ فَمَا ٱسۡتَيۡسَرَ مِنَ ٱلۡهَدۡيِۖ وَلَا تَحۡلِقُواْ رُءُوسَكُمۡ حَتَّىٰ يَبۡلُغَ ٱلۡهَدۡيُ مَحِلَّهُۥۚ فَمَن كَانَ مِنكُم مَّرِيضًا أَوۡ بِهِۦٓ أَذٗى مِّن رَّأۡسِهِۦ فَفِدۡيَةٞ مِّن صِيَامٍ أَوۡ صَدَقَةٍ أَوۡ نُسُكٖۚ فَإِذَآ أَمِنتُمۡ فَمَن تَمَتَّعَ بِٱلۡعُمۡرَةِ إِلَى ٱلۡحَجِّ فَمَا ٱسۡتَيۡسَرَ مِنَ ٱلۡهَدۡيِۚ فَمَن لَّمۡ يَجِدۡ فَصِيَامُ ثَلَٰثَةِ أَيَّامٖ فِي ٱلۡحَجِّ وَسَبۡعَةٍ إِذَا رَجَعۡتُمۡۗ تِلۡكَ عَشَرَةٞ كَامِلَةٞۗ ذَٰلِكَ لِمَن لَّمۡ يَكُنۡ أَهۡلُهُۥ حَاضِرِي ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡحَرَامِۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ

Ажылык жана умраны Аллах тааланын Жүзүн көздөп толук аткаргыла. Эгер оору же душман жолтоо болуп толук аткара албай калсаңар, анда ихрамдан чыгууңар үчүн төөдөн же уйдан же койдон колуңардан келгенин курмандыкка чалгыла. Курмандык малды союуга уруксат болгон жайга жеткенге чейин чачыңарды кырбагыла жана кыскартпагыла. Эгерде аларды Аль-Харамга алып кирүүгө тыюу салынса, анда ошол тыйылган жеринде курмандыкка чалсын. Эгерде Аль-Харамга алып кирүүгө тыюу болбосо, анда Курман айт күнү же андан кийинки ташрик күндөрү Аль-Харамдын ичинде сойсун. Силердин араңардан ким оорулуу болсо же башы биттеп ж.б.у.с. нерселер менен чачынын азабын тартса жана ушундан улам чачын кырып салса, ага эч кандай күнөө болбойт. Ал үчүн мындан кутуулуу акысы – үч күн орозо кармайт, же Аль-Харамдагы кембагалдардан алтоосун тойгузат, же бир кой союп Аль-Харамдагы кедейлерге таркатып берет. Эгерде силер үчүн коркунуч болбосо, араңардан ким ажылык айларында умра кылууну кааласа жана ошол жылы ажылык үчүн ихрамга киргенге чейин ихрам учурундагы тыйылган нерселерди пайдаланса, анда ал колунан келишинче бир кой же жети адам биригип бир төө же бир уй сойсун. Эгерде курмандык чалууга кудурети жетпесе, анын ордуна ажылык күндөрүнүн үч күнүндө орозо кармайт жана үй-бүлөсүнө кайткан кезде жети күн орозо кармайт, ошондо баары биригип он күн болот. Милдеттүү түрдө курмандык чалуу менен билгеликте бул пайдалануу (таматту ажылыгын аткаруу) же курмандык чалууга кудурети жетпегендердин орозо тутуусу Аль-Харамдын эли менен ага жакын жашагандардан башкаларга тийиштүү. Анткени аларга таматту ажылыгын кылуу зарыл эмес. Алар Аль-Харамда болгондуктан ажылыкка чейин умрадан пайдаланып жалпы эле таваф кылганы жетиштүү болот. Аллахтын шариятын ээрчип, чектерин улуктоо менен Андан корккула. Билгиле, Аллахтын буйругуна каршы чыккандарга Анын жазасы катаал. info
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• مقصود الجهاد وغايته جَعْل الحكم لله تعالى وإزالة ما يمنع الناس من سماع الحق والدخول فيه.
Аллах жолунда согушуунун максаты – өкүмдү Аллах таалага таандык кылуу, адамдардын акыйкатты угуусуна жана аны кабыл кылуусуна тоскоол болгон нерселерди жок кылуу. info

• ترك الجهاد والقعود عنه من أسباب هلاك الأمة؛ لأنه يؤدي إلى ضعفها وطمع العدو فيها.
Аллах жолунда согушууну токтотуу жана ага барбай коюу – үммөттүн кыйроосунун себептеринин бири. Анткени ал анын алсыроосуна жана душмандын ага көз артуусуна алып келет. info

• وجوب إتمام الحج والعمرة لمن شرع فيهما، وجواز التحلل منهما بذبح هدي لمن مُنِع عن الحرم.
Шарият талап кылгандарга ажылык менен умраны толук аткаруу милдет жана Аль-Харамга кирүүдөн тыйылгандар үчүн курмандык чалуу менен андан кутулуу уруксат. info