ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم

رقم الصفحة:close

external-link copy
182 : 2

فَمَنۡ خَافَ مِن مُّوصٖ جَنَفًا أَوۡ إِثۡمٗا فَأَصۡلَحَ بَيۡنَهُمۡ فَلَآ إِثۡمَ عَلَيۡهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ

Ким керээз калтыруучунун акыйкаттан четтегенин же керээзде адилетсиздик кылганын билип калып, ага насаат кылуу менен туура эмес кылганын оңдосо жана керээзге каршы чыккандарды жараштырса, ага эч кандай күнөө болбойт. Тескерисинче, ал оңдогону үчүн сооп алат. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу. info
التفاسير:

external-link copy
183 : 2

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ كُتِبَ عَلَيۡكُمُ ٱلصِّيَامُ كَمَا كُتِبَ عَلَى ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تَتَّقُونَ

Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Силерден мурунку үммөттөргө парз кылынган сыяктуу силерге да орозо кармоо Раббиңер тарабынан парз кылынды. Балким өзүңөр менен Аллахтын азабынын ортосуна жакшылык иштерди, алардын ичинен эң улугу болгон орозону калкан кылуу менен Андан коркосуңар. info
التفاسير:

external-link copy
184 : 2

أَيَّامٗا مَّعۡدُودَٰتٖۚ فَمَن كَانَ مِنكُم مَّرِيضًا أَوۡ عَلَىٰ سَفَرٖ فَعِدَّةٞ مِّنۡ أَيَّامٍ أُخَرَۚ وَعَلَى ٱلَّذِينَ يُطِيقُونَهُۥ فِدۡيَةٞ طَعَامُ مِسۡكِينٖۖ فَمَن تَطَوَّعَ خَيۡرٗا فَهُوَ خَيۡرٞ لَّهُۥۚ وَأَن تَصُومُواْ خَيۡرٞ لَّكُمۡ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ

Силерге парз кылынган орозону жыл ичинде бир нече күн эле кармайсыңар. Силерден ким орозо кармаганда кыйнала тургандай оору менен ооруса же сапарда болсо, ага оозун ачууга уруксат. Бирок кийин оозун ачып алган күндөрдүн казасын кармоосу керек. Орозо кармаганга кудурети жетип, бирок кармай албагандар фидья беришет. Ал – орозо кармабаган ар бир күнү үчүн кедейге тамак берүү. Эгер орозодо кандай артыкчылыктар бар экенин билсеңер, анда орозо кармаганыңар оозуңарды ачып жүрүүдөн жана фидья берүүдөн жакшыраак. Мындай өкүм Аллах орозону шариятка киргизген алгачкы убакта болгон, ким кааласа орозо кармаган, ким кааласа оозун ачып, ал үчүн фидья берген. Кийин Аллах орозону милдет кылды жана балагатка жетип, кудурети жеткендерге парз кылды. info
التفاسير:

external-link copy
185 : 2

شَهۡرُ رَمَضَانَ ٱلَّذِيٓ أُنزِلَ فِيهِ ٱلۡقُرۡءَانُ هُدٗى لِّلنَّاسِ وَبَيِّنَٰتٖ مِّنَ ٱلۡهُدَىٰ وَٱلۡفُرۡقَانِۚ فَمَن شَهِدَ مِنكُمُ ٱلشَّهۡرَ فَلۡيَصُمۡهُۖ وَمَن كَانَ مَرِيضًا أَوۡ عَلَىٰ سَفَرٖ فَعِدَّةٞ مِّنۡ أَيَّامٍ أُخَرَۗ يُرِيدُ ٱللَّهُ بِكُمُ ٱلۡيُسۡرَ وَلَا يُرِيدُ بِكُمُ ٱلۡعُسۡرَ وَلِتُكۡمِلُواْ ٱلۡعِدَّةَ وَلِتُكَبِّرُواْ ٱللَّهَ عَلَىٰ مَا هَدَىٰكُمۡ وَلَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ

Рамазан айы – кадыр түнү пайгамбарга Куран түшүп баштаган ай. Аллах аны адамдарга туура жол катары түшүрдү, анда туура жолдун жана акыйкат менен жалганды ажыратуунун ачык-айкын далилдери бар. Кимде-ким Рамазан айына жетип, туруктуу жашаган жеринде болсо жана дени сак болсо, анда милдеттүү түрдө орозо тутсун. Ал эми ким ооруп, орозо кармоо ага кыйынчылыкты жаратса же сапарда болсо, анда ал оозун ачса болот. Эгер оозун ачкан болсо, ал үчүн орозо кармабаган күндөрдүн казасын тутуу милдет. Аллах шарият кылган нерселер аркылуу силерди кыйынчылыктын эмес, жеңилдиктин жолуна салууну каалайт. Орозо айынын санын баштан-аяк толуктагыла, Рамазан айы бүткөндөн кийин жана айт күнү силерге орозону насип кылган жана аны толук тутууга жардам берген Аллахты улуктагыла. Балким силер Аллах Өзү ыраазы болуп берген ушул динге багыттаганы үчүн шүгүр кыларсыңар. info
التفاسير:

external-link copy
186 : 2

وَإِذَا سَأَلَكَ عِبَادِي عَنِّي فَإِنِّي قَرِيبٌۖ أُجِيبُ دَعۡوَةَ ٱلدَّاعِ إِذَا دَعَانِۖ فَلۡيَسۡتَجِيبُواْ لِي وَلۡيُؤۡمِنُواْ بِي لَعَلَّهُمۡ يَرۡشُدُونَ

Оо, пайгамбар! Эгер пенделерим сенден Менин жакындыгым жана алардын дубаларын кабыл кылуум жөнүндө сурашса, Мен аларга жакынмын, абалдарын билемин жана дубаларын угамын. Алар ортомчуларга муктаж эмес жана үндөрүн бийик көтөрүүгө да муктаждык жок. Мен чын ыкластан дуба кылгандын дубасына жооп беремин. Андыктан Мага жана буйруктарыма моюн сунушсун жана ыймандарына бекем турушсун. Чындыгында бул Менин жооп берүүмө карай эң жакшы жол. Балким алар муну менен дин жана дүйнө иштеринде туура жолго түшүшөр. info
التفاسير:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• فَضَّلَ الله شهر رمضان بجعله شهر الصوم وبإنزال القرآن فيه، فهو شهر القرآن؛ ولهذا كان النبي صلى الله عليه وسلم يتدارس القرآن مع جبريل في رمضان، ويجتهد فيه ما لا يجتهد في غيره.
Аллах Рамазан айын орозо айы кылып, бул айда Куранды түшүрүү менен артык кылды. Бул – Курандын айы. Ошондуктан пайгамбар Рамазан айында Жебрейил менен бирге Куранды үйрөнгөн жана башка айларга караганда бул айда ага көбүрөөк аракет кылган. info

• شريعة الإسلام قامت في أصولها وفروعها على التيسير ورفع الحرج، فما جعل الله علينا في الدين من حرج.
Ислам шарияты түпкү негиздеринде жана бутактарында жеңилдетүүгө жана оорчулукту кетирүүгө курулган. Аллах биз үчүн динде эч кандай оорчулукту кылган эмес. info

• قُرْب الله تعالى من عباده، وإحاطته بهم، وعلمه التام بأحوالهم؛ ولهذا فهو يسمع دعاءهم ويجيب سؤالهم.
Аллах тааланын пенделерине болгон жакындыгы, аларды толук камтуусу жана абалдарын толук билүүсү. Ошол себептен Ал алардын дубаларын угат жана суранычтарына жооп берет. info