[1] Аллах тааланын бирге болушу Заты менен эмес, ар нерсени камтыган илими менен.
[1] Жакшы-жаман иштердин бардыгы Аллахтын периштелери тарабынан жазылып, ээси менен кошо Акыретке – Аллахтын алдына барат жана Аллах ошол иштерге карап, пендесине жаза же сыйлык берет.
[1] Түндүн сааттарын күндүзгө киргизгенде күн узарат: жаз-жай мезгилдери келет. Ал эми, күндүздүн сааттарын түнгө киргизгенде түн узарып, күз-кыш айлары келет.
[1] Ар бир адамдын байлыгы чынында Аллахтын мүкү. Аллах ал адамды Өз мүлкүнө убактылуу орунбасар кылып койгон.
[1] "Фатх" - бул мусулмандардын Меккени алуулары. Ошого чейин мусулмандар оор абалда болгон. Мекке фатх кылынгандан кийин саясий-экономикалык абал оңолгон.