કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝ ભાષામાં અનુવાદ - શમસુદ્ દીન હકીમોફ

પેજ નંબર:close

external-link copy
4 : 57

هُوَ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٖ ثُمَّ ٱسۡتَوَىٰ عَلَى ٱلۡعَرۡشِۖ يَعۡلَمُ مَا يَلِجُ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَا يَخۡرُجُ مِنۡهَا وَمَا يَنزِلُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ وَمَا يَعۡرُجُ فِيهَاۖ وَهُوَ مَعَكُمۡ أَيۡنَ مَا كُنتُمۡۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرٞ

Ал асмандар менен жерди алты күндө жаратып, кийин Арштан Бийик болду. Ал жерге кирген жана жерден чыккан, асмандан түшүп жаткан жана ага көтөрүлүп жаткан бардык нерселерди билет. Силер кайда болбогула, Ал силер менен бирге.[1] Аллах силердин (бардык) амалыңарды Көрүүчү. info

[1] Аллах тааланын бирге болушу Заты менен эмес, ар нерсени камтыган илими менен.

التفاسير:

external-link copy
5 : 57

لَّهُۥ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَإِلَى ٱللَّهِ تُرۡجَعُ ٱلۡأُمُورُ

Асмандар менен жер мүлкү Ага таандык. Бардык иштер Аллахка кайтат.[1] info

[1] Жакшы-жаман иштердин бардыгы Аллахтын периштелери тарабынан жазылып, ээси менен кошо Акыретке – Аллахтын алдына барат жана Аллах ошол иштерге карап, пендесине жаза же сыйлык берет.

التفاسير:

external-link copy
6 : 57

يُولِجُ ٱلَّيۡلَ فِي ٱلنَّهَارِ وَيُولِجُ ٱلنَّهَارَ فِي ٱلَّيۡلِۚ وَهُوَ عَلِيمُۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ

Жана Ал түндү күндүздүн ичине, күндүздү түндүн ичине киргизет.[1] Ал көөдөндөрдөгү сырларды Билүүчү. info

[1] Түндүн сааттарын күндүзгө киргизгенде күн узарат: жаз-жай мезгилдери келет. Ал эми, күндүздүн сааттарын түнгө киргизгенде түн узарып, күз-кыш айлары келет.

التفاسير:

external-link copy
7 : 57

ءَامِنُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَأَنفِقُواْ مِمَّا جَعَلَكُم مُّسۡتَخۡلَفِينَ فِيهِۖ فَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنكُمۡ وَأَنفَقُواْ لَهُمۡ أَجۡرٞ كَبِيرٞ

(Оо, адамдар!) Аллахка жана пайгамбарына ыйман келтиргиле жана Аллах халифа-орунбасар кылган нерселерден[1] (Аллахтын Жолуна) садака кылгыла. Силерден ким ыйман келтирсе жана садака кылса, аларга чоң сыйлыктар бар. info

[1] Ар бир адамдын байлыгы чынында Аллахтын мүкү. Аллах ал адамды Өз мүлкүнө убактылуу орунбасар кылып койгон.

التفاسير:

external-link copy
8 : 57

وَمَا لَكُمۡ لَا تُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلرَّسُولُ يَدۡعُوكُمۡ لِتُؤۡمِنُواْ بِرَبِّكُمۡ وَقَدۡ أَخَذَ مِيثَٰقَكُمۡ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ

Силерге не болгон, пайгамбар Раббиңерге ыйман келтирүүгө чакырып турса да, Аллахка ыйман келтирбей жатасыңар?! Эгер ыймандуу болсоңор, ал убадаңарды алган эле го?! info
التفاسير:

external-link copy
9 : 57

هُوَ ٱلَّذِي يُنَزِّلُ عَلَىٰ عَبۡدِهِۦٓ ءَايَٰتِۭ بَيِّنَٰتٖ لِّيُخۡرِجَكُم مِّنَ ٱلظُّلُمَٰتِ إِلَى ٱلنُّورِۚ وَإِنَّ ٱللَّهَ بِكُمۡ لَرَءُوفٞ رَّحِيمٞ

Ал силерди караңгылыктардан Нурга чыгаруу үчүн пендесине (Мухаммадга) анык аяттарды түшүрдү. Аллах силерге өтө Ырайымдуу, Мээримдүү. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 57

وَمَا لَكُمۡ أَلَّا تُنفِقُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَلِلَّهِ مِيرَٰثُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ لَا يَسۡتَوِي مِنكُم مَّنۡ أَنفَقَ مِن قَبۡلِ ٱلۡفَتۡحِ وَقَٰتَلَۚ أُوْلَٰٓئِكَ أَعۡظَمُ دَرَجَةٗ مِّنَ ٱلَّذِينَ أَنفَقُواْ مِنۢ بَعۡدُ وَقَٰتَلُواْۚ وَكُلّٗا وَعَدَ ٱللَّهُ ٱلۡحُسۡنَىٰۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٞ

Силерге не болду, Аллах жолунда садака кылбайсыңар?! Акыры, асмандар жана жер мурасы Аллахка таандык го! Силердин эч кимиңер «Фатхтан»[1] мурун садака кылгандарга жана согушкандарга теңеле албайт. Алардын даражасы (фатхтан) кийин садака кылып, согушкандардан алда канча жогору. Ошентсе да, Аллах бардыгына сооп-сыйлык (бейиш) убада кылган. Аллах ишиңерден Кабардар. info

[1] "Фатх" - бул мусулмандардын Меккени алуулары. Ошого чейин мусулмандар оор абалда болгон. Мекке фатх кылынгандан кийин саясий-экономикалык абал оңолгон.

التفاسير:

external-link copy
11 : 57

مَّن ذَا ٱلَّذِي يُقۡرِضُ ٱللَّهَ قَرۡضًا حَسَنٗا فَيُضَٰعِفَهُۥ لَهُۥ وَلَهُۥٓ أَجۡرٞ كَرِيمٞ

Ким Аллахка (өзүнүн адал мүлкүнөн) жакшынакай карыз берсе,[1] ага ашыкчасы менен кайтарат жана ага улук сооп (бейиш) бар. info

[1] Аллахтын жолуна жумшаса.

التفاسير: