แปล​ความหมาย​อัลกุรอาน​ - คำแปลภาษาคีร์กีซ สำหรับหนังสืออรรถาธิบายอัลกุรอานอย่างสรุป (อัลมุคตะศ็อร ฟีตัฟซีร อัลกุรอานิลกะรีม)

หมายเลข​หน้า​: 192:187 close

external-link copy
37 : 9

إِنَّمَا ٱلنَّسِيٓءُ زِيَادَةٞ فِي ٱلۡكُفۡرِۖ يُضَلُّ بِهِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ يُحِلُّونَهُۥ عَامٗا وَيُحَرِّمُونَهُۥ عَامٗا لِّيُوَاطِـُٔواْ عِدَّةَ مَا حَرَّمَ ٱللَّهُ فَيُحِلُّواْ مَا حَرَّمَ ٱللَّهُۚ زُيِّنَ لَهُمۡ سُوٓءُ أَعۡمَٰلِهِمۡۗ وَٱللَّهُ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلۡكَٰفِرِينَ

Караңгылык доорунда арабдар кылгандай ыйык айдын ыйыктык өкүмүн ыйык эмес айга жылдыруу жана анын ордуларын алмаштыруу алардын Аллахка кылган каапырлыгына каапырлык кошуп көбөйтөт. Анткени алар Анын ыйык айлар тууралуу өкүмүнө каапырлык кылышты. Шайтан аларга бул жаман жолду таап берип ушул аркылуу Аллахка каапырлык кылгандарды адаштырат. Алар бир жылы ыйык айды ыйык эмес айлардын бири менен орун алмаштырып, аны ыйык эмес кылышса, кийинки жылы ошол эле айды Аллах ыйык кылган айлардын санына туура келиш үчүн ыйык бойдон калтырышат. Кайсы айды ыйык эмес кылышса, анда анын ордуна сөзсүз башка айды ыйык кылышат. Муну менен алар Аллах ыйык кылган айларды ыйык эмес кылышып, Анын өкүмүнө каршы чыгышат. Шайтан аларга жаман иштерди жакшы кылып көрсөттү, алар аны аткарышты. Ошондой эле алар ойлоп тапкан айлардын ордун алмаштыруу да ушул нерселерден. Аллах каапырлыктан көшөрүп кайтпаган каапырларга ийгилик бербейт. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 9

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَا لَكُمۡ إِذَا قِيلَ لَكُمُ ٱنفِرُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ ٱثَّاقَلۡتُمۡ إِلَى ٱلۡأَرۡضِۚ أَرَضِيتُم بِٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا مِنَ ٱلۡأٓخِرَةِۚ فَمَا مَتَٰعُ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا فِي ٱلۡأٓخِرَةِ إِلَّا قَلِيلٌ

Оо, Аллахка жана Анын Элчисине ыйман келтиргендер жана Анын шариятын аткаргандар! Силерге эмне болду, Аллахтын жолунда душманыңарга каршы согушкула деп айтылса кыбырап калдыңар, үйүңөрдө эле болгуңар келип калды? Аллах жолунда согушкандарга даярдалган түбөлүк акырет жыргалчылыктарынан да бул убактылуу дүйнө жашоосунун жыргалчылыктарын ыраа көрдүңөрбү? Акырет жыргалчылыктарынын жанында бул дүйнөнүн жыргалчылыктары эч нерсеге арзыбайт. Акылы бар адам кантип убактылууну түбөлүккө, арзыбаган нерсени улуу нерсеге алмаштырсың?! info
التفاسير:

external-link copy
39 : 9

إِلَّا تَنفِرُواْ يُعَذِّبۡكُمۡ عَذَابًا أَلِيمٗا وَيَسۡتَبۡدِلۡ قَوۡمًا غَيۡرَكُمۡ وَلَا تَضُرُّوهُ شَيۡـٔٗاۗ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٌ

Оо, ыймандуулар! Эгерде силер душманыңарга каршы согушууга чыкпай турган болсоңор, анда Аллах силерди зордук-зомбулук, кордук жана башка жолдор менен жазалайт. Эгерде аларды согушка чакырса да алар качышса, анда Аллах алардын ордуна Өзүнө моюн сунган коомду алып келет. Силер Аллахка каршы чыгуу менен Ага эч зыян алып келбейсиңер. Ал силерге муктаж эмес. Силер Ага муктажсыңар. Аллах бардык нерсеге кудуреттүү. Аны эч бир нерсе алсыратпайт. Ал Өзүнүн динин жана пайгамбарын силерсиз эле жеңишке жеткирип коёт. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 9

إِلَّا تَنصُرُوهُ فَقَدۡ نَصَرَهُ ٱللَّهُ إِذۡ أَخۡرَجَهُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ ثَانِيَ ٱثۡنَيۡنِ إِذۡ هُمَا فِي ٱلۡغَارِ إِذۡ يَقُولُ لِصَٰحِبِهِۦ لَا تَحۡزَنۡ إِنَّ ٱللَّهَ مَعَنَاۖ فَأَنزَلَ ٱللَّهُ سَكِينَتَهُۥ عَلَيۡهِ وَأَيَّدَهُۥ بِجُنُودٖ لَّمۡ تَرَوۡهَا وَجَعَلَ كَلِمَةَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ ٱلسُّفۡلَىٰۗ وَكَلِمَةُ ٱللَّهِ هِيَ ٱلۡعُلۡيَاۗ وَٱللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ

Оо, ыймандуулар! Эгерде Аллахтын элчисине жардам бербесеңер жана Аллах жолунда согушкула деген чакырыгына жооп бербесеңер, мушриктер пайгамбар менен Абу Бакрды кууп чыкканда Аллах ага силерсиз эле жардам берген. Ал экөөсү каапырлардан Хира үнкүрүнө жашынышканда аларды издешти. Абу Бакр Аллахтын Элчисин көрүп калат экен деп кабатыр болгондо ал досуна: «Капаланба! Чындыгында Аллах биз менен бирге. Ал колдойт жана жардам берет» – деп айтты. Аллах Өз элчисинин жүрөгүнө бейпилдик орнотту жана аларга көрүнбөгөн периштелерден болгон аскерлерди жиберди. Алар ага жардам беришти. Аллах Исламды көтөрүү менен Өзүнүн сөзүн бийик кылды, мушриктердин сөзүн төмөн кылды. Аллах Өз Затында, багынтуусунда жана бийлигинде кубаттуу. Аны эч ким жеңе албайт. Ошондой эле Ал башкаруусунда, шариятында жана тагдыр кылуусунда даанышман. info
التفاسير:
ประโยชน์​ที่​ได้รับ​:
• العادات المخالفة للشرع بالاستمرار عليها دونما إنكار لها يزول قبحها عن النفوس، وربما ظُن أنها عادات حسنة.
Шариятка каршы келген үрп-адаттар дайым кылына берсе жана аны эч ким тыйбаса, анда адамдар аны туура үрп-адаттар деп ойлоп калышат. info

• عدم النفير في حال الاستنفار من كبائر الذنوب الموجبة لأشد العقاب، لما فيها من المضار الشديدة.
Согушка чакырса барбай коюу – катуу жазага дуушар кыла турган чоң күнөөлөрдөн. Анткени бул нерседе көптөгөн зыяндар бар. info

• فضيلة السكينة، وأنها من تمام نعمة الله على العبد في أوقات الشدائد والمخاوف التي تطيش فيها الأفئدة، وأنها تكون على حسب معرفة العبد بربه، وثقته بوعده الصادق، وبحسب إيمانه وشجاعته.
Бейпилдиктин артыкчылыгы жана ал жашоодо адамдар кабылган коркунуч жана кыйынчылык кездерде Аллахтын пендеге берген түгөнгүс жакшылыгы. Бул нерсе пенденин Раббисин таанып билгенине, Анын чындык убадасына болгон ишеничине жана ыйманына, кайраттуулугуна жараша болот. info

• أن الحزن قد يعرض لخواص عباد الله الصدِّيقين وخاصة عند الخوف على فوات مصلحة عامة.
Аллахтын тандаган чынчыл пенделери да кээде капалыкка кабылышат. Айрыкча жалпы кызыкчылыктырга байланыштуу иштерде болгон коркунуч. info