แปล​ความหมาย​อัลกุรอาน​ - คำแปลภาษาคีร์กีซ สำหรับหนังสืออรรถาธิบายอัลกุรอานอย่างสรุป (อัลมุคตะศ็อร ฟีตัฟซีร อัลกุรอานิลกะรีม)

หมายเลข​หน้า​:close

external-link copy
7 : 9

كَيۡفَ يَكُونُ لِلۡمُشۡرِكِينَ عَهۡدٌ عِندَ ٱللَّهِ وَعِندَ رَسُولِهِۦٓ إِلَّا ٱلَّذِينَ عَٰهَدتُّمۡ عِندَ ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡحَرَامِۖ فَمَا ٱسۡتَقَٰمُواْ لَكُمۡ فَٱسۡتَقِيمُواْ لَهُمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلۡمُتَّقِينَ

Аллах жана Анын элчисинин алдында мушриктер үчүн келишимге жана коргоо кепилдигине уруксат жок. Оо, мусулмандар! Бирок Аль-Харам мечитинин алдында силер менен Худайбия тынчтык келишимин түзгөн мушриктерге гана уруксат. Алар ортоңордо болгон келишимди бузган жок, силер дагы ага бекем болгула жана аны бузбагыла. Чындыгында Аллах пенделеринен такыбаларын жакшы көрөт. Алар Анын буйруктарына баш ийишет жана тыйгандарынан алысташат. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 9

كَيۡفَ وَإِن يَظۡهَرُواْ عَلَيۡكُمۡ لَا يَرۡقُبُواْ فِيكُمۡ إِلّٗا وَلَا ذِمَّةٗۚ يُرۡضُونَكُم بِأَفۡوَٰهِهِمۡ وَتَأۡبَىٰ قُلُوبُهُمۡ وَأَكۡثَرُهُمۡ فَٰسِقُونَ

Алар душманыңар болуп атса, анан кантип аларга келишим жана коргоо кепилдиги болсун?! Эгер алар жеңишке жетишсе, анда Аллахтын алдындагы акыңарга да, туугандыкка да, келишимге да карашпайт. Тескерисинче, силерди катуу азапка салышат. Бал тилге салып жакшы сөз менен силерди ыраазы кылабыз дешет, бирок алардын айткан сөздөрү менен жүрөктөгү ойлору башка. Алар айткандарын аткарышпайт жана келишимди бузушканы себептүү алардын көпчүлүгү Аллахка моюн сунушпайт. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 9

ٱشۡتَرَوۡاْ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ ثَمَنٗا قَلِيلٗا فَصَدُّواْ عَن سَبِيلِهِۦٓۚ إِنَّهُمۡ سَآءَ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ

Убадага турууну өзүнө камтыган Аллахтын аяттарын ээрчүүнү бул дүйнөнүн арзыбаган баасына алмаштырып жиберишти жана алар бул дүйнө жыргалчылыктары аркылуу напсилери, шакыбаттары каалаган нерселерге жетүүгө арекет кылышат. Ошондуктан акыйкатты ээрчүүдөн баш тартышты жана башкаларды да акыйкаттан тосушту. Алардын кылган иш-аракеттери кандай жаман! info
التفاسير:

external-link copy
10 : 9

لَا يَرۡقُبُونَ فِي مُؤۡمِنٍ إِلّٗا وَلَا ذِمَّةٗۚ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُعۡتَدُونَ

Алар душмандык себептүү мусулмандын Аллах алдындагы акысына да, туугандыкка да, келишимге да карашпайт. Аларда душмандык жана зулумдук болгон үчүн Аллахтын чектеринен чыгып кетишти. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 9

فَإِن تَابُواْ وَأَقَامُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتَوُاْ ٱلزَّكَوٰةَ فَإِخۡوَٰنُكُمۡ فِي ٱلدِّينِۗ وَنُفَصِّلُ ٱلۡأٓيَٰتِ لِقَوۡمٖ يَعۡلَمُونَ

Эгер алар каапырлыктан Аллахка кайтышса, күбөлүк келмени айтышса, намаз окушса, мал-мүлкүнөн зекет беришсе, анда алар мусулман болушат. Ошолор диндеги бир туугандарыңар. Силер кандай укукка ээ болсоңор, алар да ошондой укукка ээ. Силерге алар менен согушууга болбойт. Алар Исламды кабыл алышканы үчүн алардын каны, мал-мүлкү, ар намысы корголот. Билген адамдар үчүн аяттарды ачыктап баяндайбыз. Мына ошолор аяттардан пайда алышат, башкаларга да пайда беришет. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 9

وَإِن نَّكَثُوٓاْ أَيۡمَٰنَهُم مِّنۢ بَعۡدِ عَهۡدِهِمۡ وَطَعَنُواْ فِي دِينِكُمۡ فَقَٰتِلُوٓاْ أَئِمَّةَ ٱلۡكُفۡرِ إِنَّهُمۡ لَآ أَيۡمَٰنَ لَهُمۡ لَعَلَّهُمۡ يَنتَهُونَ

Белгилүү бир мөөнөткө чейин согушпайбыз деп силер менен келишим түзгөн мушриктер келишимдерин жана убадаларын бузушса, диниңерди айыпташса жана кемсинтсе, анда алар менен согушкула. Алар каапырлыктын жол башчылары. Алардын канын төгүүнү тыйган эч кандай убада да, келишим да жок. Алардын каапырлыгын жок кылыш максатта, ошондой эле келишимдерди бузушуп, динди кемсинткендери үчүн алар менен согушкула. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 9

أَلَا تُقَٰتِلُونَ قَوۡمٗا نَّكَثُوٓاْ أَيۡمَٰنَهُمۡ وَهَمُّواْ بِإِخۡرَاجِ ٱلرَّسُولِ وَهُم بَدَءُوكُمۡ أَوَّلَ مَرَّةٍۚ أَتَخۡشَوۡنَهُمۡۚ فَٱللَّهُ أَحَقُّ أَن تَخۡشَوۡهُ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ

Оо, ыймандуулар! Эмнеге силер келишим жана убадаларын аткарбаган адамдар менен согушпай жатасыңар? Алар пайгамбарды Меккеден чыгарыш үчүн “Даар ан-Надва (жыйын үйүндө)” чогулуш уюштурушту жана алар пайгамбардын өнөктөшү Хузаа уруусуна каршы Курайштын өнөктөшү Бакр уруусуна жардам берип силерге каршы согушту биринчи башташты. Алар менен согушууга эмнеге бет албадыңар, алардан корктуңарбы?! Эгерде чындап ыймандуу болсоңор, Аллах тааладан гана коркконуңар эң туура болот. info
التفاسير:
ประโยชน์​ที่​ได้รับ​:
• دلَّت الآيات على أن قتال المشركين الناكثين العهد كان لأسباب كثيرة، أهمها: نقضهم العهد.
Келишимди бузган мушриктерге каршы согушуу көптөгөн себептерден улам болгон. Эң негизги себеби — келишимди бузуулары. info

• في الآيات دليل على أن من امتنع من أداء الصلاة أو الزكاة فإنه يُقاتَل حتى يؤديهما، كما فعل أبو بكر رضي الله عنه.
Намаз жана зекеттен баш тарткандар кайра аткарып баштамайынча алар менен согушуу. Абу Бакр да ушундай кылган. info

• استدل بعض العلماء بقوله تعالى:﴿وَطَعَنُوا فِي دِينِكُمْ﴾ على وجوب قتل كل من طعن في الدّين عامدًا مستهزئًا به.
Кээ бир аалымдар Аллахтын «... алар диниңерге акаарат кылышты» деген сөзүн далил кылып, динге атайын акаарат кылган, аны шылдыңдаган адамга тообо кылуу мүмкүнчүлүгү берилгенде тобо кылбаса, анда аны өлтүрүү милдет деген. info

• في الآيات دلالة على أن المؤمن الذي يخشى الله وحده يجب أن يكون أشجع الناس وأجرأهم على القتال.
Жалгыз Аллахтан корккон ыймандуу адам — адамдардын арасынан согушка эң кайраттуусу жана тайманбасы болуш керек. info