[1] Муса алейхи салам ыйбалуу адам болгондуктан эч кимге денесин көргөзбөйт болчу. Муну жүрөгү бузук адамдар башкача жоромолдошуп «Муса жумурткасы чоңойуп кеткен ооруга жолуккан же болбосо, денеси ак (ала) болуп калган. Ошондуктан денесин элден жашырат» деп ушак таратып жиберишкен. Күндөрдүн биринде Муса ээн жерде жуунуп бүтүп, эми чапанын алайын десе..., үстүнө чапанын койгон чоң таш качып баратыптыр! «Эй, таш, токто!» деп кууп кете берип, ошол бойдон коому чогулуп турган жерге барып калганын билбей калыптыр. Таш ошондо гана токтоп, Муса болсо өзүн элейип тиктеп турган элден уялып, денесин жапканга шашыптыр. Аллах, Өз пайгамбарын ушакчылардын уу сөзүнөн ушинтип аруулаган экен.
[1] Инсандын табиятында зулумкерлик, наадандык бар. Аллах Шарият аманатын анын мойнуна жүктөп жатып, зулумдук, наадандык кылбаса, акылы менен бул эки жаман касиетин жеңе алса, аны бейишке киргизээрин шарт кылган.