पवित्र कुरअानको अर्थको अनुवाद - किर्गिज अनुवाद : शम्सु द्दीन हकिमोव ।

رقم الصفحة:close

external-link copy
63 : 33

يَسۡـَٔلُكَ ٱلنَّاسُ عَنِ ٱلسَّاعَةِۖ قُلۡ إِنَّمَا عِلۡمُهَا عِندَ ٱللَّهِۚ وَمَا يُدۡرِيكَ لَعَلَّ ٱلسَّاعَةَ تَكُونُ قَرِيبًا

Сенден адамдар кыямат жөнүндө сурашат. Айткын: Анын илими Аллахтын гана алдында. (Оо, Мухаммад!) Сен кайдан билер элең, мүмкүн кыяматтын болору жакын. info
التفاسير:

external-link copy
64 : 33

إِنَّ ٱللَّهَ لَعَنَ ٱلۡكَٰفِرِينَ وَأَعَدَّ لَهُمۡ سَعِيرًا

Аллах каапырларга наалат айтты жана аларга тозокту даярдап койду! info
التفاسير:

external-link copy
65 : 33

خَٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدٗاۖ لَّا يَجِدُونَ وَلِيّٗا وَلَا نَصِيرٗا

Алар анда түбөлүккө калышат! Өздөрүнө эч бир (тозоктон куткаруучу) дос, эч бир жардамчы таба алышпайт! info
التفاسير:

external-link copy
66 : 33

يَوۡمَ تُقَلَّبُ وُجُوهُهُمۡ فِي ٱلنَّارِ يَقُولُونَ يَٰلَيۡتَنَآ أَطَعۡنَا ٱللَّهَ وَأَطَعۡنَا ٱلرَّسُولَا۠

Алардын беттери тозокто (ары-бери) оодарылган күндө: «О! Кана эми, Аллахка жана Анын элчисине моюн сунуучу болгонубузда!» – деп (өкүнүчтө) калышат. info
التفاسير:

external-link copy
67 : 33

وَقَالُواْ رَبَّنَآ إِنَّآ أَطَعۡنَا سَادَتَنَا وَكُبَرَآءَنَا فَأَضَلُّونَا ٱلسَّبِيلَا۠

Жана: «О, Рабби! Биз өзүбүздүн башчыларыбызга, чоңдорубузга баш ийген элек. Бизди ошолор туура жолдон адаштырган! info
التفاسير:

external-link copy
68 : 33

رَبَّنَآ ءَاتِهِمۡ ضِعۡفَيۡنِ مِنَ ٱلۡعَذَابِ وَٱلۡعَنۡهُمۡ لَعۡنٗا كَبِيرٗا

Оо, Рабби! Аларга эки эсе азап бер! Жана аларга чоң наалат жаадыр!» – дешет. info
التفاسير:

external-link copy
69 : 33

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَكُونُواْ كَٱلَّذِينَ ءَاذَوۡاْ مُوسَىٰ فَبَرَّأَهُ ٱللَّهُ مِمَّا قَالُواْۚ وَكَانَ عِندَ ٱللَّهِ وَجِيهٗا

Оо, ыйман келтиргендер! Силер (Мухаммадка мамиле кылганда) Мусаны иренжиткен адамдар сыяктуу болбогула! Анан Аллах аны (Мусаны) алар айткан сөздөн аруулаган.[1] (Себеби) Ал Аллахтын алдында урматтуу (пайгамбар). info

[1] Муса алейхи салам ыйбалуу адам болгондуктан эч кимге денесин көргөзбөйт болчу. Муну жүрөгү бузук адамдар башкача жоромолдошуп «Муса жумурткасы чоңойуп кеткен ооруга жолуккан же болбосо, денеси ак (ала) болуп калган. Ошондуктан денесин элден жашырат» деп ушак таратып жиберишкен. Күндөрдүн биринде Муса ээн жерде жуунуп бүтүп, эми чапанын алайын десе..., үстүнө чапанын койгон чоң таш качып баратыптыр! «Эй, таш, токто!» деп кууп кете берип, ошол бойдон коому чогулуп турган жерге барып калганын билбей калыптыр. Таш ошондо гана токтоп, Муса болсо өзүн элейип тиктеп турган элден уялып, денесин жапканга шашыптыр. Аллах, Өз пайгамбарын ушакчылардын уу сөзүнөн ушинтип аруулаган экен.

التفاسير:

external-link copy
70 : 33

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَقُولُواْ قَوۡلٗا سَدِيدٗا

Оо, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула жана чындык-акыйкат гана сөздөрдү сүйлөгүлө! info
التفاسير:

external-link copy
71 : 33

يُصۡلِحۡ لَكُمۡ أَعۡمَٰلَكُمۡ وَيَغۡفِرۡ لَكُمۡ ذُنُوبَكُمۡۗ وَمَن يُطِعِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ فَقَدۡ فَازَ فَوۡزًا عَظِيمًا

(Ошондо) Аллах силердин ишиңерди оңдоп, күнөөңөрдү кечирет. Кимде-ким Аллахка жана Анын элчисине моюн сунса, улук жеңишке (бейишке) жетиптир! info
التفاسير:

external-link copy
72 : 33

إِنَّا عَرَضۡنَا ٱلۡأَمَانَةَ عَلَى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَٱلۡجِبَالِ فَأَبَيۡنَ أَن يَحۡمِلۡنَهَا وَأَشۡفَقۡنَ مِنۡهَا وَحَمَلَهَا ٱلۡإِنسَٰنُۖ إِنَّهُۥ كَانَ ظَلُومٗا جَهُولٗا

Биз аманатты (Ислам шариятын оболу) асмандарга, Жерге жана тоолорго сунуштадык. Алар аны көтөрүүдөн коркуп, баш тартышты. Анан аны инсан өз мойнуна алды. Ал – зулумкер, наадан.[1] info

[1] Инсандын табиятында зулумкерлик, наадандык бар. Аллах Шарият аманатын анын мойнуна жүктөп жатып, зулумдук, наадандык кылбаса, акылы менен бул эки жаман касиетин жеңе алса, аны бейишке киргизээрин шарт кылган.

التفاسير:

external-link copy
73 : 33

لِّيُعَذِّبَ ٱللَّهُ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ وَٱلۡمُنَٰفِقَٰتِ وَٱلۡمُشۡرِكِينَ وَٱلۡمُشۡرِكَٰتِ وَيَتُوبَ ٱللَّهُ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمَۢا

Аллах мунафык эркектер менен мунафык аялдарды, мушрик эркектер менен мушрик аялдарды азаптоо үчүн, ал эми ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдардын тообосун кабыл алуу үчүн (ушул аманатты инсаниятка жүктөдү). Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу. info
التفاسير: