Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht

Numri i faqes:close

external-link copy
135 : 4

۞ يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ كُونُواْ قَوَّٰمِينَ بِٱلۡقِسۡطِ شُهَدَآءَ لِلَّهِ وَلَوۡ عَلَىٰٓ أَنفُسِكُمۡ أَوِ ٱلۡوَٰلِدَيۡنِ وَٱلۡأَقۡرَبِينَۚ إِن يَكُنۡ غَنِيًّا أَوۡ فَقِيرٗا فَٱللَّهُ أَوۡلَىٰ بِهِمَاۖ فَلَا تَتَّبِعُواْ ٱلۡهَوَىٰٓ أَن تَعۡدِلُواْۚ وَإِن تَلۡوُۥٓاْ أَوۡ تُعۡرِضُواْ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٗا

Оо, Аллахка ишенип, пайгамбарга ээрчиген ыймандуулар, бардык абалңарда адилеттүү болгула. Бардык адамдарга күбөлүк берүүдө адил болгула. Эгер өзүңөрдүн зыяныңарга же ата-энеңердин, же жакын туугандарыңардын зыянына болсо да күбөлүк берүүдө адил болгула. Алардын кедейлиги же байлыгы аларга күбөлүк берүүгө же бербей коюуга тоскоол болбосун. Кедейге да, байга да силерге караганда Аллах абзелирээк жана алардын жакшылыгын билүүчүрөөк. Чындык ачыкка чыгып калбоосу үчүн күбөлүк берүүдө каалооңорго берилип кетпегиле. Эгер күбөлүктү өзүнө ылайык болбогон жакка буруп өзгөртсөңөр же күбөлүк берүүдөн баш тартсаңар; Аллах Таала чынында силердин эмне кылганыңардан Кабардар. info
التفاسير:

external-link copy
136 : 4

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ ءَامِنُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَٱلۡكِتَٰبِ ٱلَّذِي نَزَّلَ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ وَٱلۡكِتَٰبِ ٱلَّذِيٓ أَنزَلَ مِن قَبۡلُۚ وَمَن يَكۡفُرۡ بِٱللَّهِ وَمَلَٰٓئِكَتِهِۦ وَكُتُبِهِۦ وَرُسُلِهِۦ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ فَقَدۡ ضَلَّ ضَلَٰلَۢا بَعِيدًا

Оо, ыймандуулар, Аллахка жана Анын элчисине, Анын элчисине түшүрүлгөн Куранга, андан мурдагы пайгамбарларына түшүргөн китепке болгон ишенимиңерде бекем болгула. Ким Аллахка, периштелерине, китептерине, элчилерине, кыямат күнүнө ишенбей каапырлык кылса; анда ал туура жолдон өтө алыс кетиптир info
التفاسير:

external-link copy
137 : 4

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ثُمَّ كَفَرُواْ ثُمَّ ءَامَنُواْ ثُمَّ كَفَرُواْ ثُمَّ ٱزۡدَادُواْ كُفۡرٗا لَّمۡ يَكُنِ ٱللَّهُ لِيَغۡفِرَ لَهُمۡ وَلَا لِيَهۡدِيَهُمۡ سَبِيلَۢا

Ыйман келтиргенден кийин кайра динден чыгып, кийин кайра ыйман келтирип,кийин дагы динден чыгып, каапырлыгын бир канча жолу кайталаган жана каапыр тейинче жүрүп өтүп кеткендер; Аллах алардын күнөөсүн кечирбейт, Аллах Таалага алып барчу түз жолду аларга ыраа көрбөйт info
التفاسير:

external-link copy
138 : 4

بَشِّرِ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ بِأَنَّ لَهُمۡ عَذَابًا أَلِيمًا

Оо, элчи, сыртынан ыймандуу, ичинде каапыр болгон эки жүздүүлөргө кыямат күнү Аллах Тааланын кордоочу азабы болорун айтып сүйүнчүлө info
التفاسير:

external-link copy
139 : 4

ٱلَّذِينَ يَتَّخِذُونَ ٱلۡكَٰفِرِينَ أَوۡلِيَآءَ مِن دُونِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَۚ أَيَبۡتَغُونَ عِندَهُمُ ٱلۡعِزَّةَ فَإِنَّ ٱلۡعِزَّةَ لِلَّهِ جَمِيعٗا

Алар ыймандууларды эмес, каапырларды жардамчы, колдоочу кылып алганы үчүн аларга ушундай азап болот, (алардын ошолорго ишенип алуусу таң калыштуу). алар көтөрүлүү үчүн ошолордон күч, колдоо сурашабы?! Чынында күч да, колдоо да, баары Аллахта. info
التفاسير:

external-link copy
140 : 4

وَقَدۡ نَزَّلَ عَلَيۡكُمۡ فِي ٱلۡكِتَٰبِ أَنۡ إِذَا سَمِعۡتُمۡ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ يُكۡفَرُ بِهَا وَيُسۡتَهۡزَأُ بِهَا فَلَا تَقۡعُدُواْ مَعَهُمۡ حَتَّىٰ يَخُوضُواْ فِي حَدِيثٍ غَيۡرِهِۦٓ إِنَّكُمۡ إِذٗا مِّثۡلُهُمۡۗ إِنَّ ٱللَّهَ جَامِعُ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ وَٱلۡكَٰفِرِينَ فِي جَهَنَّمَ جَمِيعًا

Оо, момундар, Аллах Таала силерге Куранда, эгер бир отурушта отурсаңар жана анда Аллахтын аяттарына каапыр болгон жана аны шылдыңдагандарды уксаңар; Аллахтын аяттарына каапыр болбогон жана шылдыңдабаган башка сөзгө өтмөйүнчө аларды таштап ал жерден туруп кетүү зарыл деген өкүмдү түшүрдү. Эгер алардан Аллахтын аяттарына каапыр болгон жана аны шылдыңдаган сөздөрүн уккандан кийин деле алар менен отура берсеңер, Аллахтын ишине каршы чыгууда алар менен бирдей болуп каласыңар; анткени алар каапырлыгы менен Аллахка күнөөкөр болгондой эле силер да алар менен чогуу олтуруп Аллахка күнөөкөр болдуңар. Кыямат күнү Аллах Таала сыртын мусулман көрсөтүп, каапырлыгын ичине жашырган эки жүздүүлөрдүн баарын каапырлар менен бирге тозокко киргизет info
التفاسير:
Dobitë e ajeteve të kësaj faqeje:
• وجوب العدل في القضاء بين الناس وعند أداء الشهادة، حتى لو كان الحق على النفس أو على أحد من القرابة.
өзүнө же жакын тууганынын зыянына болсо да, адамдарга өкүм чыгарганда жана күбөлүк бергенде адил болуу важыб, зарыл, info

• على المؤمن أن يجتهد في فعل ما يزيد إيمانه من أعمال القلوب والجوارح، ويثبته في قلبه.
ыймандуу адам ар дайым ыйманын күчөтө турган жүрөк жана дене менен аткарылчу иштерди кылууга тырышып, жүрөгүн ыйманга бекемдөөсү зарыл info

• عظم خطر المنافقين على الإسلام وأهله؛ ولهذا فقد توعدهم الله بأشد العقوبة في الآخرة.
Эки жүздүүлөрдүн исламга жана мусулмандарга кылган зыяны өтө чоң болду, ошон үчүн Аллах Таала алардын акыбети акыретте оор болорун убада кылды info

• إذا لم يستطع المؤمن الإنكار على من يتطاول على آيات الله وشرعه، فلا يجوز له الجلوس معه على هذه الحال.
Эгер ыймандуу адам Аллах Тааланын аяттарына жана шариятына сөз тийгизгендерди тыя албаса, мындай учурда алар менен чогуу отурууга болбойт info