Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht

Numri i faqes:close

external-link copy
92 : 4

وَمَا كَانَ لِمُؤۡمِنٍ أَن يَقۡتُلَ مُؤۡمِنًا إِلَّا خَطَـٔٗاۚ وَمَن قَتَلَ مُؤۡمِنًا خَطَـٔٗا فَتَحۡرِيرُ رَقَبَةٖ مُّؤۡمِنَةٖ وَدِيَةٞ مُّسَلَّمَةٌ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِۦٓ إِلَّآ أَن يَصَّدَّقُواْۚ فَإِن كَانَ مِن قَوۡمٍ عَدُوّٖ لَّكُمۡ وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَتَحۡرِيرُ رَقَبَةٖ مُّؤۡمِنَةٖۖ وَإِن كَانَ مِن قَوۡمِۭ بَيۡنَكُمۡ وَبَيۡنَهُم مِّيثَٰقٞ فَدِيَةٞ مُّسَلَّمَةٌ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِۦ وَتَحۡرِيرُ رَقَبَةٖ مُّؤۡمِنَةٖۖ فَمَن لَّمۡ يَجِدۡ فَصِيَامُ شَهۡرَيۡنِ مُتَتَابِعَيۡنِ تَوۡبَةٗ مِّنَ ٱللَّهِۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمٗا

ыймандуу адам ыймандуу адамды өлтүрүүгө болбойт, бирок адашып кокустан өлтүрүп алуусу мүмкүн. Ким ушинтип кокустан ыймандуу адамды өлтүрүп алса, мунусун жуу үчүн бир кулду азаттыкка чыгаруусу керек. Өлтүргөн адамдан мурас ала турган жакын туугандары өлгөн адамдан мурас ала турган жакындарына кун төлөп берүүсү кажет. А эгер туугандары кечип жиберсе, анда кун төлөөдөн кутулат. Эгерде өлтүрүлгөн адам ыймандуу, бирок мусулмандарга каршы согушуп жаткан коомдон болсо, анда өлтүрүүчү бир кулду азат кылса жетиштүү, кун төлөнбөйт. А эгер өлтүрүлгөн адам ыймандуу болбосо, бирок мусулмандар менен анын коомунун ортосунда тынчтык келишим түзүлгөн коомдон болсо (мусулмандарга салык төлөп, алардын арасында жашаган каапырлар сыяктуу), анда өлтүргөн адамдан мурас ала турган жакын туугандары кун төлөйт жана өлтүрүүчү күнөөсүн жуу үчүн кул азат кылат. Эгер азат кылууга кыл таппаса же кулдун баасын төлөй албаса, анда Аллах Таала анын тообосун кабыл кылуусу үчүн, катары менен арасын үзбөстөн алтымыш күн орозо кармасын. Аллах Таала пенделеринин иштерин жана ниеттерин Билүүчү, шарият кылууда жана башкарууда Данышман. info
التفاسير:

external-link copy
93 : 4

وَمَن يَقۡتُلۡ مُؤۡمِنٗا مُّتَعَمِّدٗا فَجَزَآؤُهُۥ جَهَنَّمُ خَٰلِدٗا فِيهَا وَغَضِبَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِ وَلَعَنَهُۥ وَأَعَدَّ لَهُۥ عَذَابًا عَظِيمٗا

Ал эми ыймандуу адамды акысыз атайлап өлтүргөн адамдын жазасы, эгер ал кылганын адал деп эсептесе, же тообо кылбаса, анда тозокко кирип, түбөлүк калат. Аллах Таала ага ачууланат, ырайым кылбайт, ушундай чоң күнөөгө баткандыгы үчүн ага катуу азап даярдап койгон. info
التفاسير:

external-link copy
94 : 4

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا ضَرَبۡتُمۡ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ فَتَبَيَّنُواْ وَلَا تَقُولُواْ لِمَنۡ أَلۡقَىٰٓ إِلَيۡكُمُ ٱلسَّلَٰمَ لَسۡتَ مُؤۡمِنٗا تَبۡتَغُونَ عَرَضَ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا فَعِندَ ٱللَّهِ مَغَانِمُ كَثِيرَةٞۚ كَذَٰلِكَ كُنتُم مِّن قَبۡلُ فَمَنَّ ٱللَّهُ عَلَيۡكُمۡ فَتَبَيَّنُوٓاْۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٗا

Эй, Аллахка ишенип, пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, Аллах жолунда казатка аттансаңар, ким менен согушарыңарды жакшылап билип алгыла. Мусулман экени көрүнүп турган адамга сен мусулман эмессиң, сен жаның же малың үчүн коркуп эле мусулман көрүнүп жатасың дебегиле. Анан анын болор-болбос дүйнөсүнө кызыгып өлтүрөсүңөр. Аллахтын алдында олжо көп, ал олжо мына бу силер алган нерседен жакшы жана түбөлүктүү. Силерде бир кезде тиги сыяктуу коомуңардан ыйманыңарды жашырып коркуп жүргөнсүңөр, кийин Аллах Таала силерди ислам менен кубаттандырды, каныңарды сактады, эми ишиңерди так билгиле. Силердин кылганыңар канчалык кичине болбосун Аллахка жашыруун калбайт, кийин ошол ишиңерге жараша сый же жаза аласыңар (Жихадга бара жаткан сахабалар, алдынан чыккан киши мусулманча салам айтса, "бул коркуп эле салам айтты, өзү каапыр экен" деп өлтүрүп, мал-келин айлап кетишет. Аллах Таала аларды туура эмес кылганы үчүн жемелеп, бир кезде өздөрү да ушинтип коркуп-үркүп жүргөнүн эскертти). info
التفاسير:
Dobitë e ajeteve të kësaj faqeje:
• جاء القرآن الكريم معظِّمًا حرمة نفس المؤمن، وناهيًا عن انتهاكها، ومرتبًا على ذلك أشد العقوبات.
Куран Карим ыймандуу адамдын жанын улуу, кол тийгис кылды, аны өлтүрүүгө тыюу салды жана өлтүргөн адамдын акыбети оор болорун эскертти info

• من عقيدة أهل السُّنَّة والجماعة أن المؤمن القاتل لا يُخلَّد أبدًا في النار، وإنما يُعذَّب فيها مدة طويلة ثم يخرج منها برحمة الله تعالى.
Ахлу суннат вал жамаат (сүннөт жана жамаат ээлери) ишениминде ыймандуу адамды өлтүргөн киши тозокто түбөлүк калбайт, күнөөсүнө жараша азапталгандан кийин Аллахтын ырайымы менен тозоктон чыгат info

• وجوب التثبت والتبيُّن في الجهاد، وعدم الاستعجال في الحكم على الناس حتى لا يُعتدى على البريء.
Казаттка чыкканда ким менен согушаарын жакшы билип, тактоо милдет, ошондой эле чындыкты билмейинче бирөөлөргө өкүм чыгарууга шашылбоо зарыл. info