Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - Përkthimi kirgizisht - Shemsudin Hakimov

Тийн

external-link copy
1 : 95

وَٱلتِّينِ وَٱلزَّيۡتُونِ

Анжирге ант, Зайтунга ант! info
التفاسير:

external-link copy
2 : 95

وَطُورِ سِينِينَ

Жана Синай (өрөөнүндөгү) Тур тоосуна ант! info
التفاسير:

external-link copy
3 : 95

وَهَٰذَا ٱلۡبَلَدِ ٱلۡأَمِينِ

Жана мына бул тынч шаарга (Меккеге) ант![1] info

[1] Аллах таала Иса пайгамбардын мекенинин негизги белгилери болгон анжир, зайтун дарактарына, Муса алейхи салам Аллах таала менен сүйлөшкөн Синай – Тур тоосуна жана Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын пайгамбарга вахий түшүргөн Мекке шаарына ант ичип, кийинки аяттардагы маанилүү нерсенин кабарын берүүдө.

التفاسير:

external-link copy
4 : 95

لَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ فِيٓ أَحۡسَنِ تَقۡوِيمٖ

Чынында Биз инсанды эң сонун келбетте жараттык. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 95

ثُمَّ رَدَدۡنَٰهُ أَسۡفَلَ سَٰفِلِينَ

Кийин Биз аны (эгер ибадат кылбаса тозоктогу) эң төмөн жерге кайтарабыз. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 95

إِلَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فَلَهُمۡ أَجۡرٌ غَيۡرُ مَمۡنُونٖ

Ал эми, ыйман келтирип салих амал кылгандарга (бейиштеги бийик орундарда) түгөнгүс сооп-сыйлыктар бар. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 95

فَمَا يُكَذِّبُكَ بَعۡدُ بِٱلدِّينِ

(Оо, инсан!) Ушундан кийин сени динди “жалган” дешке эмне мажбур кылды? info
التفاسير:

external-link copy
8 : 95

أَلَيۡسَ ٱللَّهُ بِأَحۡكَمِ ٱلۡحَٰكِمِينَ

Аллах эң даанышман өкүмдар эмеспи? info
التفاسير: