[1] Аллах таала Иса пайгамбардын мекенинин негизги белгилери болгон анжир, зайтун дарактарына, Муса алейхи салам Аллах таала менен сүйлөшкөн Синай – Тур тоосуна жана Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын пайгамбарга вахий түшүргөн Мекке шаарына ант ичип, кийинки аяттардагы маанилүү нерсенин кабарын берүүдө.