Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - Përkthimi kirgizisht - Shemsudin Hakimov

Шуара

external-link copy
1 : 26

طسٓمٓ

Та. Сиим. Миим.[1] info

[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.

التفاسير:

external-link copy
2 : 26

تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡمُبِينِ

Булар анык китептин (Курандын) аяттары. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 26

لَعَلَّكَ بَٰخِعٞ نَّفۡسَكَ أَلَّا يَكُونُواْ مُؤۡمِنِينَ

(Оо, Мухаммад! Мекке мушриктери) ыйманга келбегени үчүн сен (катуу кайгырып, кыжаалат болуп) жаныңды жок кыла жаздадың![1] info

[1] Көп кыйналба. Хидаят (Туура жол) Аллахтын колунда. Сенин милдетиң жеткирүүдөн гана турат.

التفاسير:

external-link copy
4 : 26

إِن نَّشَأۡ نُنَزِّلۡ عَلَيۡهِم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ ءَايَةٗ فَظَلَّتۡ أَعۡنَٰقُهُمۡ لَهَا خَٰضِعِينَ

Эгер Биз кааласак, аларга (мушриктерге өздөрү сурагандай) асмандан белги-керемет түшүрүп, аларды ага (мажбур) моюн сунуучулардан кылмакпыз.[1] info

[1] Бирок, мындай мажбурлап ыйманга келтирүүдөн пайда жок. Чыныгы ыйман көрбөй туруп, кайыптагы нерселерге ишенүү. Анан калса, ошол моожиза келсе жана мурдагы каапырлар сыяктуу ыйман келтирбей коюшса, анда аларга азап хак (ылайык) болуп калмак.

التفاسير:

external-link copy
5 : 26

وَمَا يَأۡتِيهِم مِّن ذِكۡرٖ مِّنَ ٱلرَّحۡمَٰنِ مُحۡدَثٍ إِلَّا كَانُواْ عَنۡهُ مُعۡرِضِينَ

Аларга (мушриктерге) Ырайымдуу (Аллах) тарабынан жаңы эскертүүчү (аяттар) келсе, дароо андан жүз буруучу (ишенбөөчү) болушту. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 26

فَقَدۡ كَذَّبُواْ فَسَيَأۡتِيهِمۡ أَنۢبَٰٓؤُاْ مَا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ

Алар (Курандагы тозок-бейишти) жалганга чыгарышты (жана аны окуп берген Мухаммадды мазакташты) эми жакында аларга мазактаган нерселеринин анык кабарлары келип калат. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 26

أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ إِلَى ٱلۡأَرۡضِ كَمۡ أَنۢبَتۡنَا فِيهَا مِن كُلِّ زَوۡجٖ كَرِيمٍ

Алар жерге карашпайбы: Биз анда канча сонун (пайдалуу) өсүмдүк түрлөрүн өндүрүп чыгардык. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 26

إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗۖ وَمَا كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّؤۡمِنِينَ

Мында (Аллахтын кудуретине) белги бар. Бирок, алардын көпчүлүгү ыйман келтиришпеди. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 26

وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ

Чынында сенин Раббиң Кудуреттүү (жана) Ырайымдуу.[1] info

[1] Ал кааласа зордоп ыйманга келтирип, моюндарын ийип коюууга Кудуреттүү. Бирок, Анын мээрими, каардуулугунан жогору. Пендесине мөөнөт берет, мүмкүнчүлүк берет, Өзүнө өз ыктыяры менен кайтуусун күтөт.

التفاسير:

external-link copy
10 : 26

وَإِذۡ نَادَىٰ رَبُّكَ مُوسَىٰٓ أَنِ ٱئۡتِ ٱلۡقَوۡمَ ٱلظَّٰلِمِينَ

Жана (эстегин оо, Мухаммад) бир кезде Раббиң Мусага (мындай) деди: «Залым коомдорго: info
التفاسير:

external-link copy
11 : 26

قَوۡمَ فِرۡعَوۡنَۚ أَلَا يَتَّقُونَ

Фараондун коомуна баргын жана аларга: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?» дегин». info
التفاسير:

external-link copy
12 : 26

قَالَ رَبِّ إِنِّيٓ أَخَافُ أَن يُكَذِّبُونِ

«Оо, Раббим, – деди (Муса), – алар мени жалганчыга чыгаруусунан коркомун. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 26

وَيَضِيقُ صَدۡرِي وَلَا يَنطَلِقُ لِسَانِي فَأَرۡسِلۡ إِلَىٰ هَٰرُونَ

(Натыйжада) жүрөгүм сыгылып, тилим эркин айланбай калуусу мүмкүн.[1] (Ошондуктан бир тууганым) Харунду да (мага кошуп пайгамбар кылып) жибер. info

[1] «Тилим эркин айланбай калуусунан коркомун» дегенинин себеби, ал бир аз кекечтенип сүйлөчү.

التفاسير:

external-link copy
14 : 26

وَلَهُمۡ عَلَيَّ ذَنۢبٞ فَأَخَافُ أَن يَقۡتُلُونِ

Алардын (оюнда) менин күнөөм бар.[1] Мени өлтүрүп коюуларынан да коркомун». info

[1] Мусанын мындай дешинин себеби, ал Мисирде Фараондун сарайында жүргөндө бир египеттик кишини байкоосуздан уруп өлтүрүп алат жана ушул себептүү качып кетет.

التفاسير:

external-link copy
15 : 26

قَالَ كَلَّاۖ فَٱذۡهَبَا بِـَٔايَٰتِنَآۖ إِنَّا مَعَكُم مُّسۡتَمِعُونَ

(Аллах) айтты: «Жок, (өлтүрө алышпайт) экөөң Биздин кереметтерди алып бара бергиле. Биз силер менен бирге угуп (кабардар болуп) туруучубуз. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 26

فَأۡتِيَا فِرۡعَوۡنَ فَقُولَآ إِنَّا رَسُولُ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Баргыла да минтип айткыла: «Биз ааламдардын Раббисинин элчилери болобуз. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 26

أَنۡ أَرۡسِلۡ مَعَنَا بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ

Исраил урпактарын (азат кыл жана) биз менен кошуп (ата-журттарына) жибер» дегиле. (Аллахтын элчилери Фараонго барып, буюрулган сөздөрдү айтышты эле...,) info
التفاسير:

external-link copy
18 : 26

قَالَ أَلَمۡ نُرَبِّكَ فِينَا وَلِيدٗا وَلَبِثۡتَ فِينَا مِنۡ عُمُرِكَ سِنِينَ

(Фараон мындай) деди: «Балалыгыңда өзүбүздүн арабызда биз тарбия кылбадык беле сени (эй, Муса?) Өмүрүңдөн бир нече жылдарды биздин арабызда өткөрдүң эле го! info
التفاسير:

external-link copy
19 : 26

وَفَعَلۡتَ فَعۡلَتَكَ ٱلَّتِي فَعَلۡتَ وَأَنتَ مِنَ ٱلۡكَٰفِرِينَ

Андан кийин кылгылыкты кылып коюп, (Египеттик букарабызды өлтүрүп) шүгүрсүз адамдардан болгонсуң!». info
التفاسير: