[1] Бирок, мындай мажбурлап ыйманга келтирүүдөн пайда жок. Чыныгы ыйман көрбөй туруп, кайыптагы нерселерге ишенүү. Анан калса, ошол моожиза келсе жана мурдагы каапырлар сыяктуу ыйман келтирбей коюшса, анда аларга азап хак (ылайык) болуп калмак.
[1] Ал кааласа зордоп ыйманга келтирип, моюндарын ийип коюууга Кудуреттүү. Бирок, Анын мээрими, каардуулугунан жогору. Пендесине мөөнөт берет, мүмкүнчүлүк берет, Өзүнө өз ыктыяры менен кайтуусун күтөт.
[1] «Тилим эркин айланбай калуусунан коркомун» дегенинин себеби, ал бир аз кекечтенип сүйлөчү.
[1] Мусанын мындай дешинин себеби, ал Мисирде Фараондун сарайында жүргөндө бир египеттик кишини байкоосуздан уруп өлтүрүп алат жана ушул себептүү качып кетет.