[1] Момун адамды атайлап өлтүргөн ыймандуунун ыйманы кескин түрдө азайып, каапырчылыкка жакындашып калат. Ошондуктан пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам: “Менден кийин бири-бириңерди өлтүрүүчү каапырларга айланып калбагыла” деп катуу эскерткен.
[1] Аллахтын жолунда жихадга бара жаткан бир топ сахабалар жолдо кезигип, салам айткан кишини “Бул душман экен, жанынан коркуп эле салам берип жатат” деп ойлоп, өлтүрүп, мал-мүлкүн, койлорун олжо кылып алышат. Аллах бул аятта аларды ушул каталары үчүн жемелеп, бир кездерде өздөрүнүн да ошол адам сыяктуу коркуп-үркүп жүргөндөрүн эстерине салат.