पवित्र कुरअानको अर्थको अनुवाद - किर्गिज अनुवाद : शम्सु द्दीन हकिमोव ।

رقم الصفحة:close

external-link copy
92 : 4

وَمَا كَانَ لِمُؤۡمِنٍ أَن يَقۡتُلَ مُؤۡمِنًا إِلَّا خَطَـٔٗاۚ وَمَن قَتَلَ مُؤۡمِنًا خَطَـٔٗا فَتَحۡرِيرُ رَقَبَةٖ مُّؤۡمِنَةٖ وَدِيَةٞ مُّسَلَّمَةٌ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِۦٓ إِلَّآ أَن يَصَّدَّقُواْۚ فَإِن كَانَ مِن قَوۡمٍ عَدُوّٖ لَّكُمۡ وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَتَحۡرِيرُ رَقَبَةٖ مُّؤۡمِنَةٖۖ وَإِن كَانَ مِن قَوۡمِۭ بَيۡنَكُمۡ وَبَيۡنَهُم مِّيثَٰقٞ فَدِيَةٞ مُّسَلَّمَةٌ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِۦ وَتَحۡرِيرُ رَقَبَةٖ مُّؤۡمِنَةٖۖ فَمَن لَّمۡ يَجِدۡ فَصِيَامُ شَهۡرَيۡنِ مُتَتَابِعَيۡنِ تَوۡبَةٗ مِّنَ ٱللَّهِۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمٗا

Момун адам момун адамды - адашып гана өлтүрүп албаса - (атайлап) өлтүрүүсү мүмкүн эмес. Кимде-ким (ал жашпы, карыбы, аялбы, эркекпи, каапырбы, момунбу же башкабы) бир момунду адашып (катачылыктан улам) өлтүрүп койсо, (бул күнөөсүн жуу үчүн) бир момун кулду азат кылат жана (буга кошумча) маркумдун мураскорлоруна дия (кун акысын) төлөйт. Ал эми, (сөөктүн ээлери) кечирип жиберсе (дия төлөбөйт). Эгер өлгөн адам силерге душман коомдон, бирок момун болсо, (дия төлөбөй) бир момун кулду азат кылат. Эгер өлгөн адам, силер менен тынчтык келишимин түзгөн коомдон болсо, өлгөндүн үй-бүлөсүнө дия төлөө менен бирге бир момун кулду да азат кылат. Ал эми ким (кул азат кылганга же дия төлөгөнгө мүмкүнчүлүк) таппаса, Аллах тарабынан тообосу кабыл алынышы үчүн эки ай үзгүлтүксүз орозо кармайт. Аллах Билүүчү, Даанышман.[1] info

[1] Момун адамды атайлап өлтүргөн ыймандуунун ыйманы кескин түрдө азайып, каапырчылыкка жакындашып калат. Ошондуктан пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам: “Менден кийин бири-бириңерди өлтүрүүчү каапырларга айланып калбагыла” деп катуу эскерткен.

التفاسير:

external-link copy
93 : 4

وَمَن يَقۡتُلۡ مُؤۡمِنٗا مُّتَعَمِّدٗا فَجَزَآؤُهُۥ جَهَنَّمُ خَٰلِدٗا فِيهَا وَغَضِبَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِ وَلَعَنَهُۥ وَأَعَدَّ لَهُۥ عَذَابًا عَظِيمٗا

Ким момун адамды атайлап өлтүрсө, анын жазасы түбөлүк тозок! Ага Аллахтын каары жана каргышы жаайт! Аллах ага чоң азапты даярдап койгон! info
التفاسير:

external-link copy
94 : 4

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا ضَرَبۡتُمۡ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ فَتَبَيَّنُواْ وَلَا تَقُولُواْ لِمَنۡ أَلۡقَىٰٓ إِلَيۡكُمُ ٱلسَّلَٰمَ لَسۡتَ مُؤۡمِنٗا تَبۡتَغُونَ عَرَضَ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا فَعِندَ ٱللَّهِ مَغَانِمُ كَثِيرَةٞۚ كَذَٰلِكَ كُنتُم مِّن قَبۡلُ فَمَنَّ ٱللَّهُ عَلَيۡكُمۡ فَتَبَيَّنُوٓاْۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٗا

О, ыйман келтиргендер! Эгер Аллахтын жолунда (жихадга) жөнөсөңөр, (кимдин ким экенин) анык билип алгыла. (Коркконунан же урматтаганынан) силерге салам берген адамга, дүйнө жашоосунун (арзыбаган) нерселерин каалап: “Сен ыймандуу эмессиң!”- дебегиле. Аллахтын алдында көп олжолор бар. Мурун өзүңөр ошондой элеңер. Кийин Аллах силерди ардактуу кылды. Эми, (ишиңерди) анык билип жүргүлө! Албетте, Аллах силердин бардык ишиңерден Кабардар.[1] info

[1] Аллахтын жолунда жихадга бара жаткан бир топ сахабалар жолдо кезигип, салам айткан кишини “Бул душман экен, жанынан коркуп эле салам берип жатат” деп ойлоп, өлтүрүп, мал-мүлкүн, койлорун олжо кылып алышат. Аллах бул аятта аларды ушул каталары үчүн жемелеп, бир кездерде өздөрүнүн да ошол адам сыяктуу коркуп-үркүп жүргөндөрүн эстерине салат.

التفاسير: