[1] Албетте, ар бир үммөттүн каапырларына каршы өз пайгамбарлары “мен буларга чындыкты жеткиргенмин, өздөрү укпай коюшкан” деп күбөлүккө өткөндө абал өзгөрүп, башкача айтканда, бул дүйнөдө текеберленип, эч кимди көзүнө илбей, теңине албай шапар тээп жүргөндөр, кордолуп, мөңкүрөп, тозокко айдалышат. Текебер каапырлар тарабынан маскараланып жүргөн момундар кудуреттүү-таберик болуп, алардын өзүн маскаралашат жана бейиш бактарындагы түбөлүк ырахаттарга кадам коюшат
[1] Бул хамр (мас кылуучу ичимдик) жөнүндөгү экинчи түшкөн аят. Биринчисинде Аллах таала “(Оо, Мухаммад) сенден хамр жана кумар ойноо жөнүндө сурашат. Айткын: “Ал экөөндө чоң күнөө жана адамдарга (дүйнөлүк) пайда бар. Бирок, алардын күнөөсү пайдасынан чоңураак” деген аятты түшүргөн. Кийин эң акырында, үчүнчү ирет түшүргөн төмөндөгү аят жогорку эки аяттын өкүмүн жокко чыгарган: “Оо, ыйман келтиргендер, Чынында, хамр (мас кылуучу ичимдик), кумар ойноо, ансап (бут-статуялар) жана азлам (пал ачуу) шайтандын амалынан болгон ыпыластык. Андан сактангыла!” Ушул аят түшкөн соң ислам коомчулугунда арак-шарап тамчысына чейин арам болгон. Ал эми, аяттын уландысынын өкүмү жоюлган эмес.