पवित्र कुरअानको अर्थको अनुवाद - किर्गिज अनुवाद : शम्सु द्दीन हकिमोव ।

رقم الصفحة:close

external-link copy
52 : 4

أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ لَعَنَهُمُ ٱللَّهُۖ وَمَن يَلۡعَنِ ٱللَّهُ فَلَن تَجِدَ لَهُۥ نَصِيرًا

Аларды Аллах ырайымынан кууган. Аллах кимди ырайымынан ажыраткан болсо, ага эч жардамчы таба албайсың. info
التفاسير:

external-link copy
53 : 4

أَمۡ لَهُمۡ نَصِيبٞ مِّنَ ٱلۡمُلۡكِ فَإِذٗا لَّا يُؤۡتُونَ ٱلنَّاسَ نَقِيرًا

Же алардын колунда мүлк-бийлик бар бекен?! Болгон күндө деле (ач көздүгүнөн улам) адамдарга кыпындай нерсени да ыраа көрүшмөк эмес! info
التفاسير:

external-link copy
54 : 4

أَمۡ يَحۡسُدُونَ ٱلنَّاسَ عَلَىٰ مَآ ءَاتَىٰهُمُ ٱللَّهُ مِن فَضۡلِهِۦۖ فَقَدۡ ءَاتَيۡنَآ ءَالَ إِبۡرَٰهِيمَ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡحِكۡمَةَ وَءَاتَيۡنَٰهُم مُّلۡكًا عَظِيمٗا

Же болбосо, адамдарга (мусулмандарга) Аллах берген артыкчылыкты көрө албай жатышабы. Биз Ибрахимдын үй-бүлөсүнө Китеп, Даанышмандык (пайгамбарлык) жана чоң мүлк - бийлик бергенбиз. info
التفاسير:

external-link copy
55 : 4

فَمِنۡهُم مَّنۡ ءَامَنَ بِهِۦ وَمِنۡهُم مَّن صَدَّ عَنۡهُۚ وَكَفَىٰ بِجَهَنَّمَ سَعِيرًا

Алардын (китеп ээлеринин) арасында ыйман келтиргендери да бар, (көралбастык менен адамдарды) андан тыйгандар да бар. Аларга күйгүзүүчү тозок жетиштүү. info
التفاسير:

external-link copy
56 : 4

إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِـَٔايَٰتِنَا سَوۡفَ نُصۡلِيهِمۡ نَارٗا كُلَّمَا نَضِجَتۡ جُلُودُهُم بَدَّلۡنَٰهُمۡ جُلُودًا غَيۡرَهَا لِيَذُوقُواْ ٱلۡعَذَابَۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَزِيزًا حَكِيمٗا

Биздин аяттарыбызга каапыр болгон адамдарды, жакында тозокко таштайбыз. Качан терилери бышып (азапты сезбей) калганда, азаптын “даамын” сезиши үчүн аларды(н терилерин) башка териге алмаштырабыз. Албетте, Аллах (ар кандай ишке) Кудуреттүү жана Даанышман. info
التفاسير:

external-link copy
57 : 4

وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ سَنُدۡخِلُهُمۡ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدٗاۖ لَّهُمۡ فِيهَآ أَزۡوَٰجٞ مُّطَهَّرَةٞۖ وَنُدۡخِلُهُمۡ ظِلّٗا ظَلِيلًا

Ал эми, ыйман келтирип, жакшы (соопту) иштерди кылгандарды болсо, жакында астынан дарыялары агып туруучу, анда түбөлүк кала турган бейиштерге киргизебиз. Анда аларга (кулк-мүнөзү) таза-аруу жубайлар бар. Биз аларды көлөкөлүү бейиштерге киргизебиз. info
التفاسير:

external-link copy
58 : 4

۞ إِنَّ ٱللَّهَ يَأۡمُرُكُمۡ أَن تُؤَدُّواْ ٱلۡأَمَٰنَٰتِ إِلَىٰٓ أَهۡلِهَا وَإِذَا حَكَمۡتُم بَيۡنَ ٱلنَّاسِ أَن تَحۡكُمُواْ بِٱلۡعَدۡلِۚ إِنَّ ٱللَّهَ نِعِمَّا يَعِظُكُم بِهِۦٓۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ سَمِيعَۢا بَصِيرٗا

(О, ыймандуулар!) Аллах силерди аманаттарды өз ээлерине кайтарууга буюрат. Эгер адамдардын арасында өкүм кылуучу болуп калсаңар, (Аллах көрсөткөндөй) адилдик менен өкүм чыгарууга буюрат. Албетте, Аллах, силерге эң жакшы нерселерди насаат кылды. Аллах - Угуучу, Көрүүчү. info
التفاسير:

external-link copy
59 : 4

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَطِيعُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُواْ ٱلرَّسُولَ وَأُوْلِي ٱلۡأَمۡرِ مِنكُمۡۖ فَإِن تَنَٰزَعۡتُمۡ فِي شَيۡءٖ فَرُدُّوهُ إِلَى ٱللَّهِ وَٱلرَّسُولِ إِن كُنتُمۡ تُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِۚ ذَٰلِكَ خَيۡرٞ وَأَحۡسَنُ تَأۡوِيلًا

О, ыйман келтиргендер! Аллахка, пайгамбарга жана өзүңөрдөн (мусулмандардан) болгон иш башчыңарга моюн сунгула. Кайсыл бир маселеде талашып калсаңар, эгер Аллахка жана Акырет күнүнө ишенүүчү болсоңор ал маселени Аллахка жана пайгамбарга кайтаргыла. Ушул (силер үчүн) жакшы жана эң абзел чечим (болуп саналат). info
التفاسير: