[1] Акыйкатта, улук пайгамбарыбызды өз ата-журту-Меккени таштап чыгып кетүүгө мажбурлаган мушриктер, андан кийин эч канча убакыт өтпөй эле, «Бадр» согушунда көп жоготууларга учурап, пайгамбарды айдагандардын көпчүлүгү, болгондо да башчылары шерменделүү өлүм табышты.
[1] Аллах түзгөн бул жол-эреженин мазмуну: ким Аллахтын пайгамбарын кордосо, тез арада азап-жазага кириптер кылынат демек.
[1] Бул аятта Аллах таала Өз пайгамбарын беш убак намазды толук окууга буюрууда. Күн батышка оогондон кечке чейин Бешим жана Дигер (Аср) намазы, түн караңгысы бүт ааламды каптай баштаганда Шам намазы, ал эми толук каптаганда Куптан намазы окулат. Бул аяттагы Таңкы намаздын пазилет-артыкчылыгынын бири ал “Күбө болунган намаз”. Башкача айтканда бул намазга Аллах жана Күн-Түн периштелери күбө болушат. Бул намаздын арабча контекстте «Куран» деп аталганын себеби, анда башка намаздарга караганда узунураак сүрөлөр окулат.
[1] Бул намаз пайгамбарга милдет, башка пенделерге ыктыярдуу. Пайгамбарга милдет болушунун себеби, Аллах аны ушул вазыйпа менен даражасын көтөрүп, Кыямат-Күндө макталган орун - бардык инсанияттын күнөөсүн Аллахтан сурап ала турган ортомчулук (шапаат) ордуна даярдоо.
[1] Кай жерде анык, таза Ислам илими болсо, ал жерден жалган диндер, пикирлер жоголот. Тескерисинче, кай жерде ислам илими начар болсо, жалган күчөп, өнүгөт.
[1] Куран - бул шыпаа. Руханиятка да шыпаа, дене ооруларына да шыпаа. Бирок, бардык эле адамдар үчүн эмес. Куран аяттарына ыйман келтирбеген, жана колунан келсе да аларга амал кылбаган (аткарбаган) залым адамдарга Куран шыпаа болбойт. Алар Куранды канча укса, жүрөгүндөгү шек-күмөндөрү себептүү, дагы ошончолук терең адашуучулукта калышат.