Traduzione dei Significati del Sacro Corano - Traduzione kirghiza - Shamsuddin Hakimov

Numero di pagina:close

external-link copy
76 : 17

وَإِن كَادُواْ لَيَسۡتَفِزُّونَكَ مِنَ ٱلۡأَرۡضِ لِيُخۡرِجُوكَ مِنۡهَاۖ وَإِذٗا لَّا يَلۡبَثُونَ خِلَٰفَكَ إِلَّا قَلِيلٗا

Алар сени (өзүң туулган) жерден чыгарып жиберүү үчүн айдаганга камданып калышкан. Андай болсо, Сенден кийин өздөрү да көпкө турушпайт.[1] info

[1] Акыйкатта, улук пайгамбарыбызды өз ата-журту-Меккени таштап чыгып кетүүгө мажбурлаган мушриктер, андан кийин эч канча убакыт өтпөй эле, «Бадр» согушунда көп жоготууларга учурап, пайгамбарды айдагандардын көпчүлүгү, болгондо да башчылары шерменделүү өлүм табышты.

التفاسير:

external-link copy
77 : 17

سُنَّةَ مَن قَدۡ أَرۡسَلۡنَا قَبۡلَكَ مِن رُّسُلِنَاۖ وَلَا تَجِدُ لِسُنَّتِنَا تَحۡوِيلًا

Бул сенден мурда жиберген пайгамбарлардын (Биз түзүп койгон) жолу.[1] Сен Биздин жолубуз өзгөргөнүн көрбөйсүң. info

[1] Аллах түзгөн бул жол-эреженин мазмуну: ким Аллахтын пайгамбарын кордосо, тез арада азап-жазага кириптер кылынат демек.

التفاسير:

external-link copy
78 : 17

أَقِمِ ٱلصَّلَوٰةَ لِدُلُوكِ ٱلشَّمۡسِ إِلَىٰ غَسَقِ ٱلَّيۡلِ وَقُرۡءَانَ ٱلۡفَجۡرِۖ إِنَّ قُرۡءَانَ ٱلۡفَجۡرِ كَانَ مَشۡهُودٗا

(О, Мухаммад!) Күн чак түштөн (батышка) оогондо, түн караңгысына чейин намаз оку. Жана таңдын намазын да (оку). Чынында, таңдын намазы күбө болунган (намаз).[1] info

[1] Бул аятта Аллах таала Өз пайгамбарын беш убак намазды толук окууга буюрууда. Күн батышка оогондон кечке чейин Бешим жана Дигер (Аср) намазы, түн караңгысы бүт ааламды каптай баштаганда Шам намазы, ал эми толук каптаганда Куптан намазы окулат. Бул аяттагы Таңкы намаздын пазилет-артыкчылыгынын бири ал “Күбө болунган намаз”. Башкача айтканда бул намазга Аллах жана Күн-Түн периштелери күбө болушат. Бул намаздын арабча контекстте «Куран» деп аталганын себеби, анда башка намаздарга караганда узунураак сүрөлөр окулат.

التفاسير:

external-link copy
79 : 17

وَمِنَ ٱلَّيۡلِ فَتَهَجَّدۡ بِهِۦ نَافِلَةٗ لَّكَ عَسَىٰٓ أَن يَبۡعَثَكَ رَبُّكَ مَقَامٗا مَّحۡمُودٗا

Түндүн бир бөлүгүндө туруп, өзүң үчүн нафил намаздарында Куран оку. Мүмкүн (ошондо) Раббиң сени макталган орунда тирилтээр![1] info

[1] Бул намаз пайгамбарга милдет, башка пенделерге ыктыярдуу. Пайгамбарга милдет болушунун себеби, Аллах аны ушул вазыйпа менен даражасын көтөрүп, Кыямат-Күндө макталган орун - бардык инсанияттын күнөөсүн Аллахтан сурап ала турган ортомчулук (шапаат) ордуна даярдоо.

التفاسير:

external-link copy
80 : 17

وَقُل رَّبِّ أَدۡخِلۡنِي مُدۡخَلَ صِدۡقٖ وَأَخۡرِجۡنِي مُخۡرَجَ صِدۡقٖ وَٱجۡعَل لِّي مِن لَّدُنكَ سُلۡطَٰنٗا نَّصِيرٗا

Айткын: «О, Раббим! Мени бир орунга киргизсең жакшылык-чындык менен киргиз жана бир (жамандык болуп жаткан) жерден чыгарсаң да чындык менен чыгар! Өзүң тараптан мага дем болуучу кубат-далилдерди бер! info
التفاسير:

external-link copy
81 : 17

وَقُلۡ جَآءَ ٱلۡحَقُّ وَزَهَقَ ٱلۡبَٰطِلُۚ إِنَّ ٱلۡبَٰطِلَ كَانَ زَهُوقٗا

Жана Айткын: «Акыйкат (Ислам) келип, жалган (диндер) жоголду. Аныгында жалган – жоголуучу нерсе.[1] info

[1] Кай жерде анык, таза Ислам илими болсо, ал жерден жалган диндер, пикирлер жоголот. Тескерисинче, кай жерде ислам илими начар болсо, жалган күчөп, өнүгөт.

التفاسير:

external-link copy
82 : 17

وَنُنَزِّلُ مِنَ ٱلۡقُرۡءَانِ مَا هُوَ شِفَآءٞ وَرَحۡمَةٞ لِّلۡمُؤۡمِنِينَ وَلَا يَزِيدُ ٱلظَّٰلِمِينَ إِلَّا خَسَارٗا

Биз ыймандуулар үчүн шыпаа жана ырайым болгон Куранды түшүрөбүз. Ал эми (Куран аяттары) залымдардын зыяндарын гана көбөйтөт.[1] info

[1] Куран - бул шыпаа. Руханиятка да шыпаа, дене ооруларына да шыпаа. Бирок, бардык эле адамдар үчүн эмес. Куран аяттарына ыйман келтирбеген, жана колунан келсе да аларга амал кылбаган (аткарбаган) залым адамдарга Куран шыпаа болбойт. Алар Куранды канча укса, жүрөгүндөгү шек-күмөндөрү себептүү, дагы ошончолук терең адашуучулукта калышат.

التفاسير:

external-link copy
83 : 17

وَإِذَآ أَنۡعَمۡنَا عَلَى ٱلۡإِنسَٰنِ أَعۡرَضَ وَنَـَٔا بِجَانِبِهِۦ وَإِذَا مَسَّهُ ٱلشَّرُّ كَانَ يَـُٔوسٗا

Эгер Биз инсанга нээмат- жакшылык берсек, (сүйүнүп, оолугуп) Аллахтан четтеп, жүз буруп (шүгүр кылбай) кетет. А, эгер бир жамандык кармаса, (Аллахтан биротоло) үмүтсүз болуп калат. info
التفاسير:

external-link copy
84 : 17

قُلۡ كُلّٞ يَعۡمَلُ عَلَىٰ شَاكِلَتِهِۦ فَرَبُّكُمۡ أَعۡلَمُ بِمَنۡ هُوَ أَهۡدَىٰ سَبِيلٗا

Айт: «Ар бир адам өз абалына жараша амал кылат. Бирок, Раббиң ким туура жол табуучу экенин жакшы билет. info
التفاسير:

external-link copy
85 : 17

وَيَسۡـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلرُّوحِۖ قُلِ ٱلرُّوحُ مِنۡ أَمۡرِ رَبِّي وَمَآ أُوتِيتُم مِّنَ ٱلۡعِلۡمِ إِلَّا قَلِيلٗا

(О, Мухаммад!) сенден Рух жөнүндө сурашат. Айткын: «Рух Раббимдин (Өзүнө гана таандык) иштеринен» жана силерге (о, адамдар) аз гана илим берилген. info
التفاسير:

external-link copy
86 : 17

وَلَئِن شِئۡنَا لَنَذۡهَبَنَّ بِٱلَّذِيٓ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ ثُمَّ لَا تَجِدُ لَكَ بِهِۦ عَلَيۡنَا وَكِيلًا

Эгер Биз кааласак сага Өзүбүз вахий кылган нерсени (Куранды сенден) кетире алабыз, анан, өзүң үчүн Бизге каршы (Куранды кайтарып бере турган) жардамчы таба албай каласың. info
التفاسير: