വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - തഫ്സീറുൽ മുഖ്തസർ കിർഗിസ് പരിഭാഷ

പേജ് നമ്പർ:close

external-link copy
84 : 38

قَالَ فَٱلۡحَقُّ وَٱلۡحَقَّ أَقُولُ

Аллах таала айтты: «Акыйкат Менден жана Мен акыйкатты гана айтамын: info
التفاسير:

external-link copy
85 : 38

لَأَمۡلَأَنَّ جَهَنَّمَ مِنكَ وَمِمَّن تَبِعَكَ مِنۡهُمۡ أَجۡمَعِينَ

Кыямат күнү сен жана сени каапырлыкта ээрчиген бардык адам баласы менен тозокту толтурамын». info
التفاسير:

external-link copy
86 : 38

قُلۡ مَآ أَسۡـَٔلُكُمۡ عَلَيۡهِ مِنۡ أَجۡرٖ وَمَآ أَنَا۠ مِنَ ٱلۡمُتَكَلِّفِينَ

Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге айт: «Мен силерге жеткирген насааттарым үчүн сыйлык сурабайм жана мен буйрулган нерседен ашыкча сүйлөп убара болгондордон эмесмин». info
التفاسير:

external-link copy
87 : 38

إِنۡ هُوَ إِلَّا ذِكۡرٞ لِّلۡعَٰلَمِينَ

Куран адамзат менен жиндердин арасынан милдет алгандарына эскертме! info
التفاسير:

external-link copy
88 : 38

وَلَتَعۡلَمُنَّ نَبَأَهُۥ بَعۡدَ حِينِۭ

Бул Курандын кабарын жана ал чындык экенин бир аз убакыттан кийин өлгөн кезиңерде сөзсүз билесиңер. info
التفاسير:
ഈ പേജിലെ ആയത്തുകളിൽ നിന്നുള്ള പാഠങ്ങൾ:
• الداعي إلى الله يحتسب الأجر من عنده، لا يريد من الناس أجرًا على ما يدعوهم إليه من الحق.
Аллахка даават кылган адам сооп-сыйлыкты Андан гана үмүт кылат. Акыйкатка чакырганы үчүн адамдардан сыйлык күтпөйт. info

• التكلّف ليس من الدِّين.
Ашыкча убаракерчилик динден эмес. info

• التوسل إلى الله يكون بأسمائه وصفاته وبالإيمان وبالعمل الصالح لا غير.
Аллахка ортомчулук кылуу (тавассул) Анын ысым-сыпаттары, ыйман келтирүү жана жакшылык иштерди ортого салуу менен гана болот. info