വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - തഫ്സീറുൽ മുഖ്തസർ കിർഗിസ് പരിഭാഷ

പേജ് നമ്പർ:close

external-link copy
43 : 38

وَوَهَبۡنَا لَهُۥٓ أَهۡلَهُۥ وَمِثۡلَهُم مَّعَهُمۡ رَحۡمَةٗ مِّنَّا وَذِكۡرَىٰ لِأُوْلِي ٱلۡأَلۡبَٰبِ

Биз ага жооп берип, анын зыян тарткан нерсесин жок кылдык. Ошондой эле ага үй-бүлөсүн кайтардык жана туура акыл жүгүрткөн адамдар «сабырдуулуктун акыбети – кутулуу жана соопко жетүү» экендиги тууралуу ой жүгүртүүлөрү үчүн Биз ага Өзүбүз тараптан ырайым катары анын үстүнө дагы ошончо бала-чаканы жана неберелерди кошуп бердик. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 38

وَخُذۡ بِيَدِكَ ضِغۡثٗا فَٱضۡرِب بِّهِۦ وَلَا تَحۡنَثۡۗ إِنَّا وَجَدۡنَٰهُ صَابِرٗاۚ نِّعۡمَ ٱلۡعَبۡدُ إِنَّهُۥٓ أَوَّابٞ

Качан Аюб аялына ачуусу келип, ага жүз балак урам деп касам ичкенде Биз ага айттык: «Эй, Аюб! Касамыңды ишке ашырыш үчүн колуңа бир ууч курманын ичке сабактарын алып, аны менен аялыңды ур! Касам ичкенден кийин аны бузба». Ошондо ал бир ууч курманын сабагын алып, аны урду. Чындыгында Биз анын сыноолорубузга сабырдуулугун көрдүк. Ал кандай жакшы пенде! Чындыгында ал Аллахка дайым тообо кылып кайтуучу. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 38

وَٱذۡكُرۡ عِبَٰدَنَآ إِبۡرَٰهِيمَ وَإِسۡحَٰقَ وَيَعۡقُوبَ أُوْلِي ٱلۡأَيۡدِي وَٱلۡأَبۡصَٰرِ

Оо, пайгамбар! Сен Биз тандаган пенделер жана Биз жиберген элчилер болгон Ибрахим, Исхак жана Якубду эстечи. Алар Аллахка ибадат кылууда күч-кубаттуу, Анын ыраазылыгын издеген жана акыйкатка чындап көрөгөчтүк кылган адамдар болчу. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 38

إِنَّآ أَخۡلَصۡنَٰهُم بِخَالِصَةٖ ذِكۡرَى ٱلدَّارِ

Чындыгында Биз аларга өзгөчө касиет бердик. Ал касиет – акыретти эстөө менен жүрөктөрүн тирилтүү, жакшылык иштерди кылып ага даярдык көрүү жана адамдарды аларды аткарууга чакыруу. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 38

وَإِنَّهُمۡ عِندَنَا لَمِنَ ٱلۡمُصۡطَفَيۡنَ ٱلۡأَخۡيَارِ

Акыйкатта алар Биздин алдыбызда моюн сунуу үчүн, ибадат кылуу үчүн тандап алынган адамдардан. Биз аларга пайгамбарлык милдетти тапшырып, аны адамдарга жеткирүү үчүн тандап алдык. info
التفاسير:

external-link copy
48 : 38

وَٱذۡكُرۡ إِسۡمَٰعِيلَ وَٱلۡيَسَعَ وَذَا ٱلۡكِفۡلِۖ وَكُلّٞ مِّنَ ٱلۡأَخۡيَارِ

Оо, пайгамбар! Ибрахимдин баласы Исмаилди, Аль-Ясааны жана Зулкифлди эстегин. Аларга эң сонун мактоолорду айт. Анткени алар ошого татыктуу. Алардын баарысы Аллахтын алдында тандалган пенделерден. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 38

هَٰذَا ذِكۡرٞۚ وَإِنَّ لِلۡمُتَّقِينَ لَحُسۡنَ مَـَٔابٖ

Бул аларга карата айтылган алкыш-мактоолор тууралуу Курандагы эскерүү. Ошондой эле Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштаган такыбалар үчүн акыретте эң сонун кайтып баруучу жай бар. info
التفاسير:

external-link copy
50 : 38

جَنَّٰتِ عَدۡنٖ مُّفَتَّحَةٗ لَّهُمُ ٱلۡأَبۡوَٰبُ

Ал кайтып баруучу эң сонун жай – алар кыямат күнү кире турган түбөлүктүү бейиштер. Анын эшиктери аларга салтанаттуу ачылат. info
التفاسير:

external-link copy
51 : 38

مُتَّكِـِٔينَ فِيهَا يَدۡعُونَ فِيهَا بِفَٰكِهَةٖ كَثِيرَةٖ وَشَرَابٖ

Алар кооздолгон сөрүлөрдө жамбаштап жатышып, кызматчылардан өздөрү каалаган түркүн-түрлүү мөмө-жемиштерди жана шарап сыяктуу алар каалаган суусундуктарды алдырышат. info
التفاسير:

external-link copy
52 : 38

۞ وَعِندَهُمۡ قَٰصِرَٰتُ ٱلطَّرۡفِ أَتۡرَابٌ

Алардын алдында күйөөлөрүнөн көзүн албаган, башкаларга көз салбаган жана баары тегиз бир куракта болгон аялдар бар. info
التفاسير:

external-link copy
53 : 38

هَٰذَا مَا تُوعَدُونَ لِيَوۡمِ ٱلۡحِسَابِ

Оо, такыбалар! Силер дүйнөдө кылган жакшылык иштериңердин кыяматтагы эң жакшы сыйлыгы катары силерге убада кылынган нерсе – мына ушул. info
التفاسير:

external-link copy
54 : 38

إِنَّ هَٰذَا لَرِزۡقُنَا مَا لَهُۥ مِن نَّفَادٍ

Чындыгында бул айткан сыйлыгыбыз – Биз берген ырыскы. Биз аны кыямат күнү такыбаларга насип кылабыз. Ал ырыскы дайым уланат, ал эч качан бүтпөйт жана түгөнбөйт. info
التفاسير:

external-link copy
55 : 38

هَٰذَاۚ وَإِنَّ لِلطَّٰغِينَ لَشَرَّ مَـَٔابٖ

Биз айткан бул нерсе – такыбалардын сыйлыгы. Ал эми каапырлык жана күнөөлөрдү кылып Аллахтын чектеринен чыккандарга такыбалардын сыйлыгынан айырмаланган жаза бар. Алар үчүн кыяматта эң жаман кайтып баруучу жай бар. info
التفاسير:

external-link copy
56 : 38

جَهَنَّمَ يَصۡلَوۡنَهَا فَبِئۡسَ ٱلۡمِهَادُ

Бул жаза – аларды ороп алуучу тозок. Алар анын ысыгынан жана жалынан азап тартышат. Аларга оттон төшөктөр бар. Алардын төшөгү кандай жаман! info
التفاسير:

external-link copy
57 : 38

هَٰذَا فَلۡيَذُوقُوهُ حَمِيمٞ وَغَسَّاقٞ

Бул азап – кайнаган ысык суу жана тозокто азапталган адамдардын аккан ириңдери. Аны ичкиле! Бул алардын чаңкоосун кетирбеген суусундуктары. info
التفاسير:

external-link copy
58 : 38

وَءَاخَرُ مِن شَكۡلِهِۦٓ أَزۡوَٰجٌ

Алар үчүн бул азапка окшогон башка дагы азаптар бар. Алар акыретте азапталыш үчүн аларга түркүн-түрлүү азаптар даярдалган. info
التفاسير:

external-link copy
59 : 38

هَٰذَا فَوۡجٞ مُّقۡتَحِمٞ مَّعَكُمۡ لَا مَرۡحَبَۢا بِهِمۡۚ إِنَّهُمۡ صَالُواْ ٱلنَّارِ

Адамдар тозокко киргенде душмандар сыяктуу бири-бирин сөгүшөт, бири-биринен баш тартып, кээ бирлери: «Бул топ силер менен бирге тозокко кирет» – деп айтышканда, аларга мындай деп жооп беришет: «Алар кош келишпеди! Алар дагы биз сыяктуу тозок азабын тартышат». info
التفاسير:

external-link copy
60 : 38

قَالُواْ بَلۡ أَنتُمۡ لَا مَرۡحَبَۢا بِكُمۡۖ أَنتُمۡ قَدَّمۡتُمُوهُ لَنَاۖ فَبِئۡسَ ٱلۡقَرَارُ

Ээрчиген жоон топ өздөрүнүн башчыларына айтышат: «Эй, башчылар! Өзүңөр кош келбедиңер! Силер бизди адаштырып жана азгырып ушул кыйноочу азапка түшүүбүзгө себепчи болдуңар. Бул эмне деген жаман жай! Тозок оту – баарынын турак-жайы». info
التفاسير:

external-link copy
61 : 38

قَالُواْ رَبَّنَا مَن قَدَّمَ لَنَا هَٰذَا فَزِدۡهُ عَذَابٗا ضِعۡفٗا فِي ٱلنَّارِ

Ээрчигендер айтышты: «Оо, Раббибиз! Бизге акыйкат келгенден кийин бизди адаштыргандарды тозокто эселеп азапта». info
التفاسير:
ഈ പേജിലെ ആയത്തുകളിൽ നിന്നുള്ള പാഠങ്ങൾ:
• من صبر على الضر فالله تعالى يثيبه ثوابًا عاجلًا وآجلًا، ويستجيب دعاءه إذا دعاه.
Кыйынчылыкка сабыр кылган адамга эртеби-кечпи Аллах ага сообун берет жана дуба кылса дубасына жооп берет. info

• في الآيات دليل على أن للزوج أن يضرب امرأته تأديبًا ضربًا غير مبرح؛ فأيوب عليه السلام حلف على ضرب امرأته ففعل.
Бул аяттарда күйөөсү аялын адептеш үчүн чектен чыкпастан урууга уруксат экенине далил бар. Аюб пайгамбар аялын урам деп касам ичип, кийин ал айтканын аткарды. info