വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - തഫ്സീറുൽ മുഖ്തസർ കിർഗിസ് പരിഭാഷ

പേജ് നമ്പർ:close

external-link copy
17 : 38

ٱصۡبِرۡ عَلَىٰ مَا يَقُولُونَ وَٱذۡكُرۡ عَبۡدَنَا دَاوُۥدَ ذَا ٱلۡأَيۡدِۖ إِنَّهُۥٓ أَوَّابٌ

Оо, пайгамбар! Ал жалганчылардын сага жакпаган сөздөрүнө сабыр кыл. Душмандарына каршы турууда кубаттуу жана Аллахка ибадат кылууда сабырдуу пендебиз Даудду эсте. Чындыгында ал Аллахка көп тообо кылып кайткан жана Ал ыраазы болгон иштердин кылган пенде эле. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 38

إِنَّا سَخَّرۡنَا ٱلۡجِبَالَ مَعَهُۥ يُسَبِّحۡنَ بِٱلۡعَشِيِّ وَٱلۡإِشۡرَاقِ

Биз ага кечке маал жана таңга маал аны менен кошо Аллахты аруулаган тоолорду моюн сундурдук. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 38

وَٱلطَّيۡرَ مَحۡشُورَةٗۖ كُلّٞ لَّهُۥٓ أَوَّابٞ

Жана абада калкып турган канаттууларды ага моюн сундурдук. Алардын баарысы анын артынан кошо аруулашып моюн сунушат. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 38

وَشَدَدۡنَا مُلۡكَهُۥ وَءَاتَيۡنَٰهُ ٱلۡحِكۡمَةَ وَفَصۡلَ ٱلۡخِطَابِ

Жана Биз аны айбаттуулук, күч-кудурет жана душмандарынын үстүнөн жеңишке жеткирген бийлик менен кубаттадык. Биз ага пайгамбарлыкты жана иш-аракеттердеги тууралыкты бердик. Ошондой эле Биз ага ар бир көздөгөн нерсесинде жеткиликтүү баяндоону, сөзүндө жана өкүм кылууда калыстыкты бердик. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 38

۞ وَهَلۡ أَتَىٰكَ نَبَؤُاْ ٱلۡخَصۡمِ إِذۡ تَسَوَّرُواْ ٱلۡمِحۡرَابَ

Оо, пайгамбар! Сага талашып-тартышкан эки адамдын кабары келдиби? Биз кезде алар Дауддун ибадатканасына ашып түшүштү. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 38

إِذۡ دَخَلُواْ عَلَىٰ دَاوُۥدَ فَفَزِعَ مِنۡهُمۡۖ قَالُواْ لَا تَخَفۡۖ خَصۡمَانِ بَغَىٰ بَعۡضُنَا عَلَىٰ بَعۡضٖ فَٱحۡكُم بَيۡنَنَا بِٱلۡحَقِّ وَلَا تُشۡطِطۡ وَٱهۡدِنَآ إِلَىٰ سَوَآءِ ٱلصِّرَٰطِ

Алар Дауддун үстүнө күтүүсүз кирип барышты. Ал алардын адаттан тыш мындай жолдо капыстан кирип келгенинен чоочуп кетти. Качан алар анын коркуп кеткенин билишкенде ага: «Коркпо! Биз экөөбүздүн ортобузда талаш жаралып, экөөбүздүн бирибиз зулумдук кылды. Биздин ортобузда адилеттик менен өкүм чыгарып бер. Өкүм кылганда бизге зулумдук кылба. Жана бизге туура жолго карай туура багыт көргөз». info
التفاسير:

external-link copy
23 : 38

إِنَّ هَٰذَآ أَخِي لَهُۥ تِسۡعٞ وَتِسۡعُونَ نَعۡجَةٗ وَلِيَ نَعۡجَةٞ وَٰحِدَةٞ فَقَالَ أَكۡفِلۡنِيهَا وَعَزَّنِي فِي ٱلۡخِطَابِ

Талашкандардын бирөөсү Даудга айтты: «Бул киши диндеш бир тууганым. Мунун токсон тогуз кою бар. А меники бирөө эле. Анан бул менден «муну да мага бер» деп талап кылып, мени сөздөн жеңип алды». info
التفاسير:

external-link copy
24 : 38

قَالَ لَقَدۡ ظَلَمَكَ بِسُؤَالِ نَعۡجَتِكَ إِلَىٰ نِعَاجِهِۦۖ وَإِنَّ كَثِيرٗا مِّنَ ٱلۡخُلَطَآءِ لَيَبۡغِي بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٍ إِلَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ وَقَلِيلٞ مَّا هُمۡۗ وَظَنَّ دَاوُۥدُ أَنَّمَا فَتَنَّٰهُ فَٱسۡتَغۡفَرَ رَبَّهُۥ وَخَرَّۤ رَاكِعٗاۤ وَأَنَابَ۩

Дауд ал экөөнүн ортосунда өкүм кылып доогерге кайрылып мындай деди: «Сенин коюңду өзүнүн койлоруна кошуп алууну талап кылуу менен бул диндеш бир тууганың сага зулумдук кылыптыр. Чынында канча деген шериктер өз ара акысын бербей жана калыстык кылбай аша чабышат. Жакшылык иштерди кылган ыймандуулар гана шериктерине адил мамиле кылат, аларга зулум кылышпайт. Мындай сыпаттагылар өтө сейрек». Ошондо Дауд Биз аны бул талаш-тартыш аркылуу сынап жатканыбызды билип калып, Раббисинен кечирим сурады, Аллахка жакындаш үчүн сажда кылды жана Ага тообо кылды. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 38

فَغَفَرۡنَا لَهُۥ ذَٰلِكَۖ وَإِنَّ لَهُۥ عِندَنَا لَزُلۡفَىٰ وَحُسۡنَ مَـَٔابٖ

Ошондо Биз ага жооп берип, ал кылганын кечирдик. Чындыгында ал Биздин алдыбызда жакындардан эле жана ал үчүн акыретте жакшы акыбет бар. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 38

يَٰدَاوُۥدُ إِنَّا جَعَلۡنَٰكَ خَلِيفَةٗ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَٱحۡكُم بَيۡنَ ٱلنَّاسِ بِٱلۡحَقِّ وَلَا تَتَّبِعِ ٱلۡهَوَىٰ فَيُضِلَّكَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ يَضِلُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ لَهُمۡ عَذَابٞ شَدِيدُۢ بِمَا نَسُواْ يَوۡمَ ٱلۡحِسَابِ

Оо, Дауд! Биз сени жер бетинде диний жана дүйнөлүк өкүм-буйруктарды ишке ашырууң үчүн орун басар кылдык. Эми сен адамдардын ортосунда адилеттик менен өкүм кыл. Адамдардын ортосунда өкүм кылууда напси каалооңо ээрчибе! Туугандык же достук себептүү эки тараптын бир жагына тартпа же душмандык себептүү экинчи тарапка зыян бербе. Антсең сени напси каалооң Аллахтын туура жолунан адаштырып коёт. Чындыгында Аллахтын туура жолунан адашкандар сурак күнүн унутушканы себептүү аларга катуу азап болот. Эгерде алар аны эстешкенде жана андан коркушканда, анда напси каалоолоруна ээрчишпейт болчу. info
التفاسير:
ഈ പേജിലെ ആയത്തുകളിൽ നിന്നുള്ള പാഠങ്ങൾ:
• بيان فضائل نبي الله داود وما اختصه الله به من الآيات.
Аллахтын пайгамбары Дауддун артыкчыларын жана Аллахтын ага өзгөчөлөп берген аят-белгилерин баяндоо. info

• الأنبياء - صلوات الله وسلامه عليهم - معصومون من الخطأ فيما يبلغون عن الله تعالى؛ لأن مقصود الرسالة لا يحصل إلا بذلك، ولكن قد يجري منهم بعض مقتضيات الطبيعة بنسيان أو غفلة عن حكم، ولكن الله يتداركهم ويبادرهم بلطفه.
Пайгамбарлар Аллах тараптан жеткирүүдө катачылык кетирүүдөн таза. Анткени пайгамбарчылыктын максаты ошонун негизинде гана ишке ашат. Бирок кээде алардан унутуу же өкүмдү элес албагандык сыяктуу нерселер табиятынан болушу мүмкүн. Бирок Аллах Өз мээрими менен аларды алдын алып, оңдоп түзөйт. info

• استدل بعض العلماء بقوله تعالى: ﴿ وَإِنَّ كَثِيرًا مِّنَ اْلْخُلَطَآءِ لَيَبْغِي بَعْضُهُمْ عَلَى بَعْضٍ ﴾ على مشروعية الشركة بين اثنين وأكثر.
Кээ бир аалымдар Аллахтын: «Нечендеген шериктер бири-бирине зулум кылышат» – деген сөзүн эки же андан көп адамдардын ортосундагы шериктештиктин шариятта уруксат экендигине далил кылышкан. info

• ينبغي التزام الأدب في الدخول على أهل الفضل والمكانة.
Пазилеттүү жана абройлуу адамдардын алдына киргенде адеп сактоо керек. info