വിശുദ്ധ ഖുർആൻ പരിഭാഷ - തഫ്സീറുൽ മുഖ്തസർ കിർഗിസ് പരിഭാഷ

പേജ് നമ്പർ:close

external-link copy
62 : 38

وَقَالُواْ مَا لَنَا لَا نَرَىٰ رِجَالٗا كُنَّا نَعُدُّهُم مِّنَ ٱلۡأَشۡرَارِ

Чектен чыккан текеберлер айтышты: «Эмнеге биз дүйнөдө азапка татыктуу бактысыздар деп эсептеген кишилерди биз менен чогу көрбөй жатабыз? info
التفاسير:

external-link copy
63 : 38

أَتَّخَذۡنَٰهُمۡ سِخۡرِيًّا أَمۡ زَاغَتۡ عَنۡهُمُ ٱلۡأَبۡصَٰرُ

Биз аларды шылдыңдаганыбыз катачылык болуп, алар азапка татыктуу болбой калыштыбы же биз аларды шылдыңдаганыбыз туура болуп, алар тозокко кириштиби? Биз аларды көрбөй жатабыз го?». info
التفاسير:

external-link copy
64 : 38

إِنَّ ذَٰلِكَ لَحَقّٞ تَخَاصُمُ أَهۡلِ ٱلنَّارِ

Чындыгында Биз силерге айткан каапырлардын кыяматтагы талашып-тартышуусу эч кандай шек-күмөнү жок акыйкат нерсе. info
التفاسير:

external-link copy
65 : 38

قُلۡ إِنَّمَآ أَنَا۠ مُنذِرٞۖ وَمَا مِنۡ إِلَٰهٍ إِلَّا ٱللَّهُ ٱلۡوَٰحِدُ ٱلۡقَهَّارُ

Оо, Мухаммад! Коомуңдагы каапырларга айт: «Акыйкатта мен болгону силерге каапырлыгыңар жана пайгамбарларды жалганга чыгарганыңар себептүү Аллахтын азабы келип калуусунан эскертүүчүмүн. Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал Өз улуктугунда жана ысым-сыпаттарында Жалгыз. Ал баарын багынткан жана баш ийдирген Каардуу. info
التفاسير:

external-link copy
66 : 38

رَبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَا ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡغَفَّٰرُ

Ал асмандар менен жердин жана алардын ортосундагы нерселердин Раббиси. Ал Өз бийлигинде эч кимден жеңилбеген Кудуреттүү. Ал тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү. info
التفاسير:

external-link copy
67 : 38

قُلۡ هُوَ نَبَؤٌاْ عَظِيمٌ

Оо, пайгамбар! Ал жалганчыларга айт: «Акыйкатта Куран – улуу мартабалуу кабар. info
التفاسير:

external-link copy
68 : 38

أَنتُمۡ عَنۡهُ مُعۡرِضُونَ

Силер бул улуу мартабалуу кабарга көңүл бурбастан, андан жүз буруп жатасыңар. info
التفاسير:

external-link copy
69 : 38

مَا كَانَ لِيَ مِنۡ عِلۡمِۭ بِٱلۡمَلَإِ ٱلۡأَعۡلَىٰٓ إِذۡ يَخۡتَصِمُونَ

Эгерде Аллах мага вахий түшүрүп, мени үйрөтпөгөндө, анда менде периштелер менен Адамдын жаралуусунун ортосунда болгон сөз тууралуу илим болмок эмес. info
التفاسير:

external-link copy
70 : 38

إِن يُوحَىٰٓ إِلَيَّ إِلَّآ أَنَّمَآ أَنَا۠ نَذِيرٞ مُّبِينٌ

Чындыгында Аллах Өзү вахий кылган нерселерди гана мага түшүрдү. Анткени мен силерге Анын азабын ачык эскертүүчүмүн». info
التفاسير:

external-link copy
71 : 38

إِذۡ قَالَ رَبُّكَ لِلۡمَلَٰٓئِكَةِ إِنِّي خَٰلِقُۢ بَشَرٗا مِّن طِينٖ

Эстегин, бир кезде Раббиң периштелерге айтты: «Мен ылайдан адамды жаратам. Ал – Адам. info
التفاسير:

external-link copy
72 : 38

فَإِذَا سَوَّيۡتُهُۥ وَنَفَخۡتُ فِيهِ مِن رُّوحِي فَقَعُواْ لَهُۥ سَٰجِدِينَ

Мен анын тулку-боюн түздөп, келбет берип жана ага Өз Рухумдан жан салганда, ага сажда кылгыла». info
التفاسير:

external-link copy
73 : 38

فَسَجَدَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ كُلُّهُمۡ أَجۡمَعُونَ

Периштелер Раббисинин буйругуна баш ийип, баарысы сый-урмат катары сажда кылышты. Алардын арасынан Адамга сажда кылбаган бири да калган жок. info
التفاسير:

external-link copy
74 : 38

إِلَّآ إِبۡلِيسَ ٱسۡتَكۡبَرَ وَكَانَ مِنَ ٱلۡكَٰفِرِينَ

Бир гана Иблис сажда кылуудан текеберленди. Ал Раббисинин буйругуна текеберлик кылганы үчүн каапырлардан болду. info
التفاسير:

external-link copy
75 : 38

قَالَ يَٰٓإِبۡلِيسُ مَا مَنَعَكَ أَن تَسۡجُدَ لِمَا خَلَقۡتُ بِيَدَيَّۖ أَسۡتَكۡبَرۡتَ أَمۡ كُنتَ مِنَ ٱلۡعَالِينَ

Аллах айтты: «Эй, Иблис! Өзүмдүн эки Колум менен жараткан Адамга сажда кылууга сага эмне тоскоол болду? Сени сажда кылуудан текеберлик тостубу же сен буга чейин эле Раббиңе текеберленип, менменсинип калдың беле?». info
التفاسير:

external-link copy
76 : 38

قَالَ أَنَا۠ خَيۡرٞ مِّنۡهُ خَلَقۡتَنِي مِن نَّارٖ وَخَلَقۡتَهُۥ مِن طِينٖ

Ибилис: «Мен Адамдан артыкмын. Сени мени оттон, аны болсо ылайдан жараттың» – деди. Анын оюнда от топурактан шарапаттуу эле. info
التفاسير:

external-link copy
77 : 38

قَالَ فَٱخۡرُجۡ مِنۡهَا فَإِنَّكَ رَجِيمٞ

Аллах Иблиске айтты: «Бейиштен чык! Эми сен каргышка жана сөгүшкө калдың. info
التفاسير:

external-link copy
78 : 38

وَإِنَّ عَلَيۡكَ لَعۡنَتِيٓ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلدِّينِ

Сен сыйлык жана жаза күн болгон кыяматка чейин бейиштен куулдуң». info
التفاسير:

external-link copy
79 : 38

قَالَ رَبِّ فَأَنظِرۡنِيٓ إِلَىٰ يَوۡمِ يُبۡعَثُونَ

Иблис айтты: «Пенделериңди кайра тирилткен күнгө чейин мага мөөнөт бер жана мени өлтүрбө». info
التفاسير:

external-link copy
80 : 38

قَالَ فَإِنَّكَ مِنَ ٱلۡمُنظَرِينَ

Аллах айтты: «Сен мөөнөт берилгендерден болдуң. info
التفاسير:

external-link copy
81 : 38

إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡوَقۡتِ ٱلۡمَعۡلُومِ

Сени жок кылуу үчүн белгилүү бир убакыт келген күнгө чейин». info
التفاسير:

external-link copy
82 : 38

قَالَ فَبِعِزَّتِكَ لَأُغۡوِيَنَّهُمۡ أَجۡمَعِينَ

Иблис айтты: «Сенин кудуреттүүлүгүңө жана каардуулугуңа ант болсун! Мен бүткүл адам баласын адаштырамын. info
التفاسير:

external-link copy
83 : 38

إِلَّا عِبَادَكَ مِنۡهُمُ ٱلۡمُخۡلَصِينَ

Сен менин адаштыруумдан коргогондорду жана жалгыз Өзүңө чын ыкластан ибадат кылгандарды гана адаштыра албайм». info
التفاسير:
ഈ പേജിലെ ആയത്തുകളിൽ നിന്നുള്ള പാഠങ്ങൾ:
• القياس والاجتهاد مع وجود النص الواضح مسلك باطل.
Ачык-айкын далил турганына карабастан, салыштыруу (кыяс) же терең изилдөө (ижтихад) ыкмаларын колдонуу – туура эмес жол. info

• كفر إبليس كفر عناد وتكبر.
Иблистин каапырлыгы – текеберлик жана баш ийбестик каапырлыгы. info

• من أخلصهم الله لعبادته من الخلق لا سبيل للشيطان عليهم.
Адамдардан Аллах кимди Өзүнө гана чын ыкластан ибадат кылууга тандаган болсо, аларды шайтан адаштыра албайт. info