Fassarar Ma'anonin Alqura'ni - Fassarar Ƙirgiziyanci - Shamsuddi Hakimuf

Шамс

external-link copy
1 : 91

وَٱلشَّمۡسِ وَضُحَىٰهَا

Күн жана анын жарыгына ант! info
التفاسير:

external-link copy
2 : 91

وَٱلۡقَمَرِ إِذَا تَلَىٰهَا

Анын (Күндүн) артынан келген Айга ант! info
التفاسير:

external-link copy
3 : 91

وَٱلنَّهَارِ إِذَا جَلَّىٰهَا

Жана караңгыны жарык кылган күндүзгө ант! info
التفاسير:

external-link copy
4 : 91

وَٱلَّيۡلِ إِذَا يَغۡشَىٰهَا

Жана аны ороп кала турган түнгө ант! info
التفاسير:

external-link copy
5 : 91

وَٱلسَّمَآءِ وَمَا بَنَىٰهَا

Асманга жана аны (бекем) курганга[1] ант! info

[1] Аллах таала Өзүнүн Улуу Кудурети менен ант берүүдө.

التفاسير:

external-link copy
6 : 91

وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا طَحَىٰهَا

Жерге жана аны жайганга ант! info
التفاسير:

external-link copy
7 : 91

وَنَفۡسٖ وَمَا سَوَّىٰهَا

Напсиге жана аны (түз жол үстүндө) жаратканга ант![1] info

[1] Аллах таала бардык инсаниятты түз табият менен б. а. адал, таза жана туура Ислам жолунун үстүндө жаратат. Кийин ата-энелери аларды же яхуди, же христиан, же отко сыйынуучу каапыр кылып тарбиялайт. (Ибн Касир).

التفاسير:

external-link copy
8 : 91

فَأَلۡهَمَهَا فُجُورَهَا وَتَقۡوَىٰهَا

Ал (Аллах) анын (напсинин) бузукулугуна да, такыбалыгына да илхам берип койду. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 91

قَدۡ أَفۡلَحَ مَن زَكَّىٰهَا

Эми, кимде-ким аны (бузук кулк-мүнөздөн) тазалаган болсо жеңишке (бейишке) жетет. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 91

وَقَدۡ خَابَ مَن دَسَّىٰهَا

Кимде-ким аны (напсини күнөө менен) тебелеп-кордогон болсо, (бейиштен) үмүтсүз калат.[1] info

[1] Напсини бузбай, таза кармап жүрүүнүн жападан-жалгыз жолу пайгамбар көргөзгөндөй жашоо жана амал кылуу. Ал эми, пайгамбардын таалимин тоотпой, өз башынча жашаган же болбосо ага каяша айткан элдер ар кайсы доордо Аллах тааланын каарына жолуккан жана жолуга бермекчи. Ошондой коомдордун бири Самуд коому.

التفاسير:

external-link copy
11 : 91

كَذَّبَتۡ ثَمُودُ بِطَغۡوَىٰهَآ

Самуд (коому) өзүнүн чектен чыгуусу менен (пайгамбары Салихти) жалганчыга чыгарды. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 91

إِذِ ٱنۢبَعَثَ أَشۡقَىٰهَا

Бир кезде анын эң бактысыз адамы (пайгамбарга берилген моожиза-төөнү союш үчүн) козголду. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 91

فَقَالَ لَهُمۡ رَسُولُ ٱللَّهِ نَاقَةَ ٱللَّهِ وَسُقۡيَٰهَا

Аларга Аллахтын элчиси “Аллахтын төөсүнө (жамандык кылуудан) жана анын суу ичүүсүнө (тоскоол болуудан абайлагыла. Эгер баш ийбесеңер, силерге Аллахтын азабы келет!”) деди. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 91

فَكَذَّبُوهُ فَعَقَرُوهَا فَدَمۡدَمَ عَلَيۡهِمۡ رَبُّهُم بِذَنۢبِهِمۡ فَسَوَّىٰهَا

Аны “жалганчы” дешти жана (төөнү) союп салышты. Натыйжада (ушул) күнөөлөрү себептүү Раббиси аларды ойрон кылды жана аны (азапты бардыгына) тең кылды![1] info

[1] Төөнү бир эле адам сойгон бирок, башкалары аны кой деген эмес. Тескерисинче, шыкак берип турушкан. Ошондуктан, азап коомдун бардыгына тең келди.

التفاسير:

external-link copy
15 : 91

وَلَا يَخَافُ عُقۡبَٰهَا

Ал (Аллах таала) бул иштин акыбетинен коркпойт. info
التفاسير: