[1] Аллах таала бардык инсаниятты түз табият менен б. а. адал, таза жана туура Ислам жолунун үстүндө жаратат. Кийин ата-энелери аларды же яхуди, же христиан, же отко сыйынуучу каапыр кылып тарбиялайт. (Ибн Касир).
[1] Напсини бузбай, таза кармап жүрүүнүн жападан-жалгыз жолу пайгамбар көргөзгөндөй жашоо жана амал кылуу. Ал эми, пайгамбардын таалимин тоотпой, өз башынча жашаган же болбосо ага каяша айткан элдер ар кайсы доордо Аллах тааланын каарына жолуккан жана жолуга бермекчи. Ошондой коомдордун бири Самуд коому.
[1] Төөнү бир эле адам сойгон бирок, башкалары аны кой деген эмес. Тескерисинче, шыкак берип турушкан. Ошондуктан, азап коомдун бардыгына тең келди.