[1] Пайгамбарыбыз «Хира» үңкүрүндө Жебирейил периштеден алгачкы вахийди кабыл алганда, адаттан тышкары окуяга кабылганы себептүү катуу коркуп, үйүнө келип, оронуп-чүмкөнүп жатып алат. Ошол убакытта ушул аяттар түшүп, элдерди ыйманга чакыруу вазыйпасы жүктөлөт жана ишенбеген адамдарга акыреттеги тозокту эскертүү буюрулат.
[1] Аллах таала – Аруу, Таза. Андан келген дин-ыйман дагы таза. Демек, бул Таза Жолго чакыруу үчүн тазаланыш керек. Бул аятты түз маанисинде «тазаалык (даарат)тын шарттарынан бири» деп түшүнүүгө да болот. Бирок, кээ бир уламалар «кийим» дегенден максат инсандын бардык иш – аракеттери, кыял-жоруктары дешет.
[1] Бул аяттагы «каапыр пенде», Мекке мушриктеринин бири Валид ибн Мугира аль Махзуумий. Ал пайгамбарыбызга көп душманчылык көргөзүп, өзүнүн байлыгы, бала-чакасы көп адам экени менен мактанаар эле. Аллах таала бул аятта пайгамбарына эки чындыкты айтууда: Биринчиси, “аны Мен менен жалгыз кой, жазасын Өзүм беремин” деп пайгамбарынын көңүлүн көтөрүү. Экинчиси, пайгамбарына Валидди тегеректеген балдары, жардамчылары көп болгону менен жаратылганда (туулганда) эл катары жалгыз, алсыз туулганын билдирүү.
[1] Ал жана ага окшогондор Аллахтын бул берешендиги истидраж (акырындап, сездирбей жазага кириптер кылуу) экенин түшүнбөй «Аллах мени сүйөт. Бул дүйнөдө берген жакшылыгын Акыретте да берет» деп ойлошот.
[1] Ыйык Куранды окуган, аяттарынын үстүндө пикир кылган бардык адамдарга хидаят (туура жол) боло бербейт. Аны окуп жаткандагы ниет кандай болсо, ошого жараша болот. Куранды өзүнүн кыска акылына ченеп окугандар албетте, адашышат.