Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Berbahasa Kirgizstan - Syamsuddin Ḥakīmuf

Мудасир

external-link copy
1 : 74

يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡمُدَّثِّرُ

Оо, чүмкөнүп (жатып) алган адам! info
التفاسير:

external-link copy
2 : 74

قُمۡ فَأَنذِرۡ

Туруп (элдерге Акыретти) эскерт! info
التفاسير:

external-link copy
3 : 74

وَرَبَّكَ فَكَبِّرۡ

Жана Раббиңдин улуулугун даңазала![1] info

[1] Пайгамбарыбыз «Хира» үңкүрүндө Жебирейил периштеден алгачкы вахийди кабыл алганда, адаттан тышкары окуяга кабылганы себептүү катуу коркуп, үйүнө келип, оронуп-чүмкөнүп жатып алат. Ошол убакытта ушул аяттар түшүп, элдерди ыйманга чакыруу вазыйпасы жүктөлөт жана ишенбеген адамдарга акыреттеги тозокту эскертүү буюрулат.

التفاسير:

external-link copy
4 : 74

وَثِيَابَكَ فَطَهِّرۡ

Жана кийимиңди тазала![1] info

[1] Аллах таала – Аруу, Таза. Андан келген дин-ыйман дагы таза. Демек, бул Таза Жолго чакыруу үчүн тазаланыш керек. Бул аятты түз маанисинде «тазаалык (даарат)тын шарттарынан бири» деп түшүнүүгө да болот. Бирок, кээ бир уламалар «кийим» дегенден максат инсандын бардык иш – аракеттери, кыял-жоруктары дешет.

التفاسير:

external-link copy
5 : 74

وَٱلرُّجۡزَ فَٱهۡجُرۡ

Жана ыпластыктан ыраак бол![1] info

[1] Бул аяттагы «ыпластык» сөзүн да уламалар эки түрлүү түшүндүрүшөт. Биринчи тайпалары «ыпластык – бул Аллахтан башка ар түрдүү кудайлар» дешет. Дагы кээ бирөөлөрү «бардык ыплас иштер» дешет.

التفاسير:

external-link copy
6 : 74

وَلَا تَمۡنُن تَسۡتَكۡثِرُ

Аз нерсе берип ордуна көп нерсе сураба.[1] info

[1] Бул тафсир Имам Куртубийге тиешелүү.

التفاسير:

external-link copy
7 : 74

وَلِرَبِّكَ فَٱصۡبِرۡ

(Көргөн жамандыктарга) Раббиң үчүн сабыр кыл! info
التفاسير:

external-link copy
8 : 74

فَإِذَا نُقِرَ فِي ٱلنَّاقُورِ

Эми, качан гана (Исрафил периште тарабынан «Сур» деген) керней тартылганда (жана Кыямат башталганда). info
التفاسير:

external-link copy
9 : 74

فَذَٰلِكَ يَوۡمَئِذٖ يَوۡمٌ عَسِيرٌ

Мына ушул күн – өтө оор күн! info
التفاسير:

external-link copy
10 : 74

عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ غَيۡرُ يَسِيرٖ

Каапырларга жеңил болбогон (күн)! info
التفاسير:

external-link copy
11 : 74

ذَرۡنِي وَمَنۡ خَلَقۡتُ وَحِيدٗا

(Оо, Мухаммад) Мен жалгыз жараткан (каапыр) пендени Мага кой.[1] info

[1] Бул аяттагы «каапыр пенде», Мекке мушриктеринин бири Валид ибн Мугира аль Махзуумий. Ал пайгамбарыбызга көп душманчылык көргөзүп, өзүнүн байлыгы, бала-чакасы көп адам экени менен мактанаар эле. Аллах таала бул аятта пайгамбарына эки чындыкты айтууда: Биринчиси, “аны Мен менен жалгыз кой, жазасын Өзүм беремин” деп пайгамбарынын көңүлүн көтөрүү. Экинчиси, пайгамбарына Валидди тегеректеген балдары, жардамчылары көп болгону менен жаратылганда (туулганда) эл катары жалгыз, алсыз туулганын билдирүү.

التفاسير:

external-link copy
12 : 74

وَجَعَلۡتُ لَهُۥ مَالٗا مَّمۡدُودٗا

Мен ага эсепсиз дүйнө-мүлк бердим. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 74

وَبَنِينَ شُهُودٗا

Жана (ар дайым кызматына) даяр турган уул перзенттерди бердим. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 74

وَمَهَّدتُّ لَهُۥ تَمۡهِيدٗا

Жана ага өтө кененчилик бердим. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 74

ثُمَّ يَطۡمَعُ أَنۡ أَزِيدَ

Андан соң ал (каниетсиз, наадан адам) Биз ага (Акыреттик бейишти да) кошумча кылуубузду үмүт кылат.[1] info

[1] Ал жана ага окшогондор Аллахтын бул берешендиги истидраж (акырындап, сездирбей жазага кириптер кылуу) экенин түшүнбөй «Аллах мени сүйөт. Бул дүйнөдө берген жакшылыгын Акыретте да берет» деп ойлошот.

التفاسير:

external-link copy
16 : 74

كَلَّآۖ إِنَّهُۥ كَانَ لِأٓيَٰتِنَا عَنِيدٗا

Жок! (андай болбойт! Себеби) ал Биздин аяттарыбызды (билип, түшүнүп туруп) четке какты! info
التفاسير:

external-link copy
17 : 74

سَأُرۡهِقُهُۥ صَعُودًا

Мен аны жакында (тозоктогу) аска таштын үстүнө чыгарамын! info
التفاسير:

external-link copy
18 : 74

إِنَّهُۥ فَكَّرَ وَقَدَّرَ

Себеби, ал (Куран жөнүндө) пикир кылды жана (аны өзүнүн кыска ченем-өлчөмү менен) өлчөдү![1] info

[1] Ыйык Куранды окуган, аяттарынын үстүндө пикир кылган бардык адамдарга хидаят (туура жол) боло бербейт. Аны окуп жаткандагы ниет кандай болсо, ошого жараша болот. Куранды өзүнүн кыска акылына ченеп окугандар албетте, адашышат.

التفاسير: