Terjemahan makna Alquran Alkarim - Terjemahan Berbahasa Kirgizstan - Syamsuddin Ḥakīmuf

Nomor Halaman:close

external-link copy
19 : 74

فَقُتِلَ كَيۡفَ قَدَّرَ

Өлүмгө жолуккур! Кандай (жаман) өлчөдү! info
التفاسير:

external-link copy
20 : 74

ثُمَّ قُتِلَ كَيۡفَ قَدَّرَ

Дагы (бир ирет) өлүмгө жолуккур! Эмне деген (жаман өлчөм менен) өлчөдү! info
التفاسير:

external-link copy
21 : 74

ثُمَّ نَظَرَ

Анан (чыгарган тыянагын) байкап көрдү. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 74

ثُمَّ عَبَسَ وَبَسَرَ

Кийин (жактырбай) кабак чытып, маңдайын тырыштырды. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 74

ثُمَّ أَدۡبَرَ وَٱسۡتَكۡبَرَ

Андан соң (акыйкаттан артка кетенчиктеп) текеберленди. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 74

فَقَالَ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٞ يُؤۡثَرُ

Анан айтты: «Бул байыркыдан калган сыйкыр. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 74

إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا قَوۡلُ ٱلۡبَشَرِ

Бул - адамдын гана сөзү». info
التفاسير:

external-link copy
26 : 74

سَأُصۡلِيهِ سَقَرَ

Мен аны жакында “Сакар” тозогуна киргиземин. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 74

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا سَقَرُ

(Оо, Мухаммад) сен “Сакар” тозогунун кандай экенин билбейсиң. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 74

لَا تُبۡقِي وَلَا تَذَرُ

Ал (өзүнө ташталган эч бир кылмышкерди) калтырбайт жана жөн койбойт. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 74

لَوَّاحَةٞ لِّلۡبَشَرِ

(Терини карартып,) өзгөртүп койот! info
التفاسير:

external-link copy
30 : 74

عَلَيۡهَا تِسۡعَةَ عَشَرَ

Анын үстүндө он тогуз (орой периштелер) бар.[1] info

[1] Аллах таала тозок периштелерине атайлап ушундай табият берген. Бул дагы тозокуларды кыйноонун бир көрүнүшү. Тозок периштелерин «Забаниялар» деп аталат. Ал эми, бейиштеги кызматчылар өтө жумшакпейил болушат.

التفاسير:

external-link copy
31 : 74

وَمَا جَعَلۡنَآ أَصۡحَٰبَ ٱلنَّارِ إِلَّا مَلَٰٓئِكَةٗۖ وَمَا جَعَلۡنَا عِدَّتَهُمۡ إِلَّا فِتۡنَةٗ لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ لِيَسۡتَيۡقِنَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ وَيَزۡدَادَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِيمَٰنٗا وَلَا يَرۡتَابَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَ وَلِيَقُولَ ٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٞ وَٱلۡكَٰفِرُونَ مَاذَآ أَرَادَ ٱللَّهُ بِهَٰذَا مَثَلٗاۚ كَذَٰلِكَ يُضِلُّ ٱللَّهُ مَن يَشَآءُ وَيَهۡدِي مَن يَشَآءُۚ وَمَا يَعۡلَمُ جُنُودَ رَبِّكَ إِلَّا هُوَۚ وَمَا هِيَ إِلَّا ذِكۡرَىٰ لِلۡبَشَرِ

Биз тозоктун кожоюндарын периштелерден гана кылдык жана алардын санын, каапыр болгон адамдарды сыноо үчүн, китеп элдери (яхудилер менен христиандар) анык билип алуулары үчүн, жана ыймандуулардын ыйманы дагы (бир нече даражага) көбөйүшү үчүн (он тогуз даана) кылдык. Жана китеп (Тоорат, Инжил) берилген элдер менен момундар (периштелердин саны боюнча) шектенип калбашы үчүн, ал эми, жүрөгүндө кара ниети болгон адамдар (мунаафыктар) менен каапырлар: «Аллах бул мисал менен эмнени каалады экен» деп (шектенип) сүйлөшү үчүн (Аллах тозок периштелеринин санын он тогуз даана кылды). Аллах мына ушинтип, Өзү каалаган пендесин адаштырат жана каалаганын туура жолго салат. (Оо, Мухаммад, периштелерден турган) Раббиңдин аскерлерин(ин санын) бир Өзү гана билет. Жана бул (насааттар) адамдар үчүн эскертүүдөн башка (нерсе) эмес. info
التفاسير:

external-link copy
32 : 74

كَلَّا وَٱلۡقَمَرِ

Жок, Мен айга ант (ичип), info
التفاسير:

external-link copy
33 : 74

وَٱلَّيۡلِ إِذۡ أَدۡبَرَ

кайтып кеткен түнгө ант (ичип), info
التفاسير:

external-link copy
34 : 74

وَٱلصُّبۡحِ إِذَآ أَسۡفَرَ

(агарып) келе жаткан таңга ант (ичип), info
التفاسير:

external-link copy
35 : 74

إِنَّهَا لَإِحۡدَى ٱلۡكُبَرِ

(Айтамын): Чынында ал (“Сакар” тозогу) чоң балээлердин бири![1] info

[1] Аллах таала Өзү жараткан олуттуу нерселер менен ант ичет. Бирок, пенделер Аллахтан башка нерсе менен ант бербеши керек. Ошондуктан, кээ бир адамдардын "жер урсун", көк урсун", "арбак урссун", "нан урсун", "кара түндө турамын", "дасторкондун үстүндө турамын" деген сыяктуу анттары чоң күнөө болуп саналат.

التفاسير:

external-link copy
36 : 74

نَذِيرٗا لِّلۡبَشَرِ

(“Сакар” тозогу) адамдарга эскертүү! info
التفاسير:

external-link copy
37 : 74

لِمَن شَآءَ مِنكُمۡ أَن يَتَقَدَّمَ أَوۡ يَتَأَخَّرَ

Силердин араңардагы, (Аллахтын ыраазычылыгына) умтулууну же болбосо кетенчиктеп кетүүнү каалагандар үчүн info
التفاسير:

external-link copy
38 : 74

كُلُّ نَفۡسِۭ بِمَا كَسَبَتۡ رَهِينَةٌ

Ар бир жан (ээси) өзү жасаган (күнөө) иштердин туткуну. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 74

إِلَّآ أَصۡحَٰبَ ٱلۡيَمِينِ

Оң тарап ээлери гана андай (туткун) эмес.[1] info

[1] Бул аяттагы «Оң тарап ээлери» ким экенин түшүндүрүүдө ар кандай пикирлер айтылган. Али разияллоху анху “алар – бөбөктөр” деген болсо, Ибн Аббас “алар – периштелер” деп түшүндүргөн. Анткени, бөбөктөр менен периштелер тап-такыр күнөөсүз болушат. (Тафсиру Табарий) Тафсирчи аалымдардын арасында “алар – амал китеби оң тарабынан берилип, бейишке өкүм кылынган ыкластуу мусулмандар” дегендери да бар. (Тафсийру Куртубий) Эң туурасын Аллах билүүчү.

التفاسير:

external-link copy
40 : 74

فِي جَنَّٰتٖ يَتَسَآءَلُونَ

Алар бейиштерде туруп сурашат - info
التفاسير:

external-link copy
41 : 74

عَنِ ٱلۡمُجۡرِمِينَ

(тозоктогу) кылмышкерлерден: info
التفاسير:

external-link copy
42 : 74

مَا سَلَكَكُمۡ فِي سَقَرَ

«Силерди «Сакар» тозогуна эмне түшүрдү?» info
التفاسير:

external-link copy
43 : 74

قَالُواْ لَمۡ نَكُ مِنَ ٱلۡمُصَلِّينَ

Алар айтышат: «Биз намаз окуучулардан болбодук. info
التفاسير:

external-link copy
44 : 74

وَلَمۡ نَكُ نُطۡعِمُ ٱلۡمِسۡكِينَ

Жана бей-бечараларды тамактандырбадык. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 74

وَكُنَّا نَخُوضُ مَعَ ٱلۡخَآئِضِينَ

(Күнөө деңизине) чөмүлгөндөр менен бирге чөмүлдүк. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 74

وَكُنَّا نُكَذِّبُ بِيَوۡمِ ٱلدِّينِ

Жана Акырет күндү жалган дедик. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 74

حَتَّىٰٓ أَتَىٰنَا ٱلۡيَقِينُ

Башыбызга өлүм келгенге чейин» info
التفاسير: