[1] Ал парыздар боюнча момундар төрттөн ашык аял алууга укуктуу эмес. Пайгамбар саллаллоху алайхи ва салламдын аялы тогуз болчу. Бул анын өзгөчө ыйгарымдуу укугу. Момундардын никеси үчүн аялдын ишенимдүү адамдары, күбөлөрү болушу зарыл. Пайгамбардын никесинде зарыл эмес. Момундарга эгер бир аял өзүн белек кылса, махр мүлкүн бергенден кийин гана үйлөнө алат. Ал эми пайгамбарга өзүн белек кылган аялга ал махр бербей үйлөнө берет.