કુરઆન મજીદના શબ્દોનું ભાષાંતર - કિર્ગીઝ ભાષામાં અનુવાદ - શમસુદ્ દીન હકીમોફ

પેજ નંબર:close

external-link copy
44 : 33

تَحِيَّتُهُمۡ يَوۡمَ يَلۡقَوۡنَهُۥ سَلَٰمٞۚ وَأَعَدَّ لَهُمۡ أَجۡرٗا كَرِيمٗا

Ага жолуккан (акырет) күндөгү (ыймандуулардын) амандашуулары «Салам» (деген сөз). Аллах аларга улук сооп (бейиш) даярдап койгон. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 33

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ إِنَّآ أَرۡسَلۡنَٰكَ شَٰهِدٗا وَمُبَشِّرٗا وَنَذِيرٗا

Оо, пайгамбар! Биз сени күбө болуучу, (бейиштен) сүйүнчү кабар берүүчү, (тозоктон) коркутуучу кылып жибердик. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 33

وَدَاعِيًا إِلَى ٱللَّهِ بِإِذۡنِهِۦ وَسِرَاجٗا مُّنِيرٗا

Өзүнүн уруксаты менен (элдерди) Аллахка чакыруучу жана нурлуу чырак (кылып жибердик). info
التفاسير:

external-link copy
47 : 33

وَبَشِّرِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ بِأَنَّ لَهُم مِّنَ ٱللَّهِ فَضۡلٗا كَبِيرٗا

Жана ыймандууларга, алар үчүн Аллах тарабынан улук сыйлык (артыкчылык) болушу жөнүндө куш кабар бер! info
التفاسير:

external-link copy
48 : 33

وَلَا تُطِعِ ٱلۡكَٰفِرِينَ وَٱلۡمُنَٰفِقِينَ وَدَعۡ أَذَىٰهُمۡ وَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱللَّهِۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلٗا

Каапырлар менен мунафыктарга (эки жүздүүлөргө) моюн сунба! Алар көргөзгөн ызааларды жөн койо тур. Жана Аллахка тобокел кыл! Сактоочулук жаатынан Аллахтын Өзү жетиштүү. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 33

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا نَكَحۡتُمُ ٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ ثُمَّ طَلَّقۡتُمُوهُنَّ مِن قَبۡلِ أَن تَمَسُّوهُنَّ فَمَا لَكُمۡ عَلَيۡهِنَّ مِنۡ عِدَّةٖ تَعۡتَدُّونَهَاۖ فَمَتِّعُوهُنَّ وَسَرِّحُوهُنَّ سَرَاحٗا جَمِيلٗا

Оо, ыйман келтирген адамдар! Эгерде, ыймандуу аялдарды никеңерге алганыңардан кийин аларга жакындык кылбай туруп талагын берсеңер, силер үчүн өздөрү санай турган иддага отурушпайт. Эми, аларды (көңүлүңөрдөн чыккан белектер менен) пайдалантып, сылык-сыпаа жообун берип койгула. info
التفاسير:

external-link copy
50 : 33

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ إِنَّآ أَحۡلَلۡنَا لَكَ أَزۡوَٰجَكَ ٱلَّٰتِيٓ ءَاتَيۡتَ أُجُورَهُنَّ وَمَا مَلَكَتۡ يَمِينُكَ مِمَّآ أَفَآءَ ٱللَّهُ عَلَيۡكَ وَبَنَاتِ عَمِّكَ وَبَنَاتِ عَمَّٰتِكَ وَبَنَاتِ خَالِكَ وَبَنَاتِ خَٰلَٰتِكَ ٱلَّٰتِي هَاجَرۡنَ مَعَكَ وَٱمۡرَأَةٗ مُّؤۡمِنَةً إِن وَهَبَتۡ نَفۡسَهَا لِلنَّبِيِّ إِنۡ أَرَادَ ٱلنَّبِيُّ أَن يَسۡتَنكِحَهَا خَالِصَةٗ لَّكَ مِن دُونِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَۗ قَدۡ عَلِمۡنَا مَا فَرَضۡنَا عَلَيۡهِمۡ فِيٓ أَزۡوَٰجِهِمۡ وَمَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُهُمۡ لِكَيۡلَا يَكُونَ عَلَيۡكَ حَرَجٞۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمٗا

Оо, пайгамбар! Биз сага махрын берген жубайларыңды, Аллах (согуштардан) олжо кылып берген күңдөрүңдү, (дагы) абаңдын, атаңдын эже-карындаштарынын, таякеңдин жана таежеңдин (кыздарынын арасынан) сени менен бирге көчүп (Мединага) келгендерин адал кылдык. Жана өзүн пайгамбарга белек кылган ар бир ыймандуу аялды – эгер пайгамбар аны өз никесине алууну кааласа – адал кылдык. (Бул укук, оо, пайгамбар) башка момундарсыз жалгыз өзүңө тиешелүү. Албетте, момундарга аялдары, күңдөрү жөнүндө парз кылган нерселерибизди Өзүбүз жакшы билебиз.[1] (Сага бул укуктар) жүрөгүң сыгылбасын деп (берилди). Аллах - Кечирүүчү, Ырайымдуу. info

[1] Ал парыздар боюнча момундар төрттөн ашык аял алууга укуктуу эмес. Пайгамбар саллаллоху алайхи ва салламдын аялы тогуз болчу. Бул анын өзгөчө ыйгарымдуу укугу. Момундардын никеси үчүн аялдын ишенимдүү адамдары, күбөлөрү болушу зарыл. Пайгамбардын никесинде зарыл эмес. Момундарга эгер бир аял өзүн белек кылса, махр мүлкүн бергенден кийин гана үйлөнө алат. Ал эми пайгамбарга өзүн белек кылган аялга ал махр бербей үйлөнө берет.

التفاسير: