Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - Qurani Kərimin müxtəsər tərfsiri - kitabının Qırğız dilinə tərcüməsi.

Səhifənin rəqəmi:close

external-link copy
76 : 17

وَإِن كَادُواْ لَيَسۡتَفِزُّونَكَ مِنَ ٱلۡأَرۡضِ لِيُخۡرِجُوكَ مِنۡهَاۖ وَإِذٗا لَّا يَلۡبَثُونَ خِلَٰفَكَ إِلَّا قَلِيلٗا

Каапырлар сага болгон душмандыктары менен сени Меккеден куугунтуктоо үчүн сенин тынчыңды алууларына аз калды. Бирок Раббиңдин буйругу менен Меккеден чыгууңа чейин аларды сени чыгаруусунан тосуп койду. Эгерде алар сени чыгарышканда, анда сени чыгаргандан кийин алар аз гана убакыт жашашмак. info
التفاسير:

external-link copy
77 : 17

سُنَّةَ مَن قَدۡ أَرۡسَلۡنَا قَبۡلَكَ مِن رُّسُلِنَاۖ وَلَا تَجِدُ لِسُنَّتِنَا تَحۡوِيلًا

Сенден кийин алар аз гана жашайт деген Аллахтын өкүмү бул сенден алдынкы пайгамбарлар туурасында болгон Аллахтын өзгөрбөс жолу. Ал жол – кайсы пайгамбарды өз эли куугунтуктаганда Аллах ал коомго азап түшүрүп турган. Оо, пайгамбар! Сен Биздин жолдун өзгөргөнүн көрбөйсүң. Бул өзгөрбөгөн бекем уланып туруучу жол экенин көрөсүң. info
التفاسير:

external-link copy
78 : 17

أَقِمِ ٱلصَّلَوٰةَ لِدُلُوكِ ٱلشَّمۡسِ إِلَىٰ غَسَقِ ٱلَّيۡلِ وَقُرۡءَانَ ٱلۡفَجۡرِۖ إِنَّ قُرۡءَانَ ٱلۡفَجۡرِ كَانَ مَشۡهُودٗا

Күн чак түштөн оогондон кийин намазыңды өз убагында талаптагыдай толук оку. Бул сөз түн киргенге чейин окула турган бешим жана асыр намаздарын, ошондой эле шам жана куптан намаздарын да камтыйт. Багымдат намазын оку жана анда кыраатты узун оку. Анткени багымдат намазына түнкү периштелер жана күндүзгү периштелер катышат. info
التفاسير:

external-link copy
79 : 17

وَمِنَ ٱلَّيۡلِ فَتَهَجَّدۡ بِهِۦ نَافِلَةٗ لَّكَ عَسَىٰٓ أَن يَبۡعَثَكَ رَبُّكَ مَقَامٗا مَّحۡمُودٗا

Оо, пайгамбар! Окуган намазың сенин даражаларыңды көтөрүш үчүн түндүн бир бөлүгүндө туруп намаз оку. Кыямат күнү Раббиң кыяматтын оор жагдайларында турганда сени адамдарга шапаатчы кылуусун тилеп оку. Ошондо сага абалкылар жана акыркылар алкыш айткан чоң шапаат макамы берилет. info
التفاسير:

external-link copy
80 : 17

وَقُل رَّبِّ أَدۡخِلۡنِي مُدۡخَلَ صِدۡقٖ وَأَخۡرِجۡنِي مُخۡرَجَ صِدۡقٖ وَٱجۡعَل لِّي مِن لَّدُنكَ سُلۡطَٰنٗا نَّصِيرٗا

Оо, пайгамбар! Мындай деп айткын: “Оо, Раббим! Мен кайсы жакка кирбейин, кайсыл жактан чыкпайын анын баарын Сага болгон ибадатта жана Сени ыраазы кыла турган иштерде кыл! Жана душмандарыма каршы Сен мага жардам бере турган Өзүң тараптан мен үчүн ачык далил кыл”. info
التفاسير:

external-link copy
81 : 17

وَقُلۡ جَآءَ ٱلۡحَقُّ وَزَهَقَ ٱلۡبَٰطِلُۚ إِنَّ ٱلۡبَٰطِلَ كَانَ زَهُوقٗا

Оо, пайгамбар! Ал мушриктерге мындай деп айткын: “Ислам келди жана Аллах жардам беришин убада кылган нерселер орундалды. Ширк жана каапырлык кетти. Чындыгында жалган акыйкаттын алдында туруштук бере албай алсырап жок болот. info
التفاسير:

external-link copy
82 : 17

وَنُنَزِّلُ مِنَ ٱلۡقُرۡءَانِ مَا هُوَ شِفَآءٞ وَرَحۡمَةٞ لِّلۡمُؤۡمِنِينَ وَلَا يَزِيدُ ٱلظَّٰلِمِينَ إِلَّا خَسَارٗا

Наадандыктан, каапырлыктан жана шектенүүдөн арылуу үчүн жүрөктөргө жана аны менен дем салынса денелерге шыпаа болгон, ошондой эле ага амал кылган момундар үчүн ырайым болгон Куран аяттарын түшүрөбүз. Бул Куран каапырлардын кыйроосун күчөтөт. Анткени аны угуу аларды ачуулантып жана алардын жалганга чыгаруусун жана жүз бурууларын күчөтөт. info
التفاسير:

external-link copy
83 : 17

وَإِذَآ أَنۡعَمۡنَا عَلَى ٱلۡإِنسَٰنِ أَعۡرَضَ وَنَـَٔا بِجَانِبِهِۦ وَإِذَا مَسَّهُ ٱلشَّرُّ كَانَ يَـُٔوسٗا

Эгер адамга ден-соолук жана байлык сыяктуу жакшылыктарды берсек, анда ал Аллахка шүгүр кылып жана Ага ибадат кылуудан жүз бурат жана текеберленип Андан алыстайт. Ал эми адамга оору же жакырлык сыяктуу кыйынчылыктар жетсе, анда ал Аллахтын ырайымынан абдан үмүтсүз болот. info
التفاسير:

external-link copy
84 : 17

قُلۡ كُلّٞ يَعۡمَلُ عَلَىٰ شَاكِلَتِهِۦ فَرَبُّكُمۡ أَعۡلَمُ بِمَنۡ هُوَ أَهۡدَىٰ سَبِيلٗا

Оо, пайгамбар! Мындай деп айткын: “Ар бир адам туура жана адашуудагы абалын чагылдырган жолунда иш-аракеттерди кыла берсин. Раббиңер ким акыйкат жолдо экенин жакшы билет”. info
التفاسير:

external-link copy
85 : 17

وَيَسۡـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلرُّوحِۖ قُلِ ٱلرُّوحُ مِنۡ أَمۡرِ رَبِّي وَمَآ أُوتِيتُم مِّنَ ٱلۡعِلۡمِ إِلَّا قَلِيلٗا

Оо, пайгамбар! Китеп ээлеринен болгон каапырлар сенден рухтун кандай экендиги туурасында сурашат. Аларга мындай деп айткын: “Рухтун кандай экендигин Аллахтан башка эч ким билбейт. Аруу Аллахтын илиминин алдында силерге жана бардык адамдарга аз гана илим берилди”. info
التفاسير:

external-link copy
86 : 17

وَلَئِن شِئۡنَا لَنَذۡهَبَنَّ بِٱلَّذِيٓ أَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡكَ ثُمَّ لَا تَجِدُ لَكَ بِهِۦ عَلَيۡنَا وَكِيلًا

Оо, пайгамбар! Эгер Биз сага түшүргөн аян-кабарды көкүрөктөрдөн жана китептерден өчүрүү менен Өзүбүзгө кайтарып алууну кааласак, анда аны кайтарып алмакбыз. Андан кийин сага жардам бере турган жана аны сага кайтара турган эч кимди тапмак эмессиң. info
التفاسير:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• في الآيات دليل على شدة افتقار العبد إلى تثبيت الله إياه، وأنه ينبغي له ألا يزال مُتَمَلِّقًا لربه أن يثبته على الإيمان.
Пенде Аллах аны бекем кылуусуна жана ал ыйманга бекем кылуусу үчүн Раббисине ар дайым жалынуусу керектигине бул аяттарда далил бар. info

• عند ظهور الحق يَضْمَحِل الباطل، ولا يعلو الباطل إلا في الأزمنة والأمكنة التي يكسل فيها أهل الحق.
Акыйкат ачыкка чыкканда жалган жоголот. Ошондой эле акыйкат ээлери жалкоолук кылган учурда жана акыйкат ээлери жалкоолук кылган жерде гана жалган көтөрүлөт. info

• الشفاء الذي تضمنه القرآن عام لشفاء القلوب من الشُّبَه، والجهالة، والآراء الفاسدة، والانحراف السيئ والمقاصد السيئة.
Куран өз ичине камтыган шыпаа – бул жүрөктөгү шек-күмөндөргө, наадандыкка, бузуку ойлорго, адашууга, жаман ой-максаттарга жана жалпы баарына шыпаа. info

• في الآيات دليل على أن المسؤول إذا سئل عن أمر ليس في مصلحة السائل فالأولى أن يعرض عن جوابه، ويدله على ما يحتاج إليه، ويرشده إلى ما ينفعه.
Суралган адам сураган адамга пайдасы жок нерсе тууралуу суралса, анда суралган адам жооп берүүдөн жүз буруп, сураган адам муктаж болгон жана ага пайда бере турган ишке аны багыттаганы жакшыраак. info