Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - Qurani Kərimin müxtəsər tərfsiri - kitabının Qırğız dilinə tərcüməsi.

Səhifənin rəqəmi: 287:282 close

external-link copy
59 : 17

وَمَا مَنَعَنَآ أَن نُّرۡسِلَ بِٱلۡأٓيَٰتِ إِلَّآ أَن كَذَّبَ بِهَا ٱلۡأَوَّلُونَۚ وَءَاتَيۡنَا ثَمُودَ ٱلنَّاقَةَ مُبۡصِرَةٗ فَظَلَمُواْ بِهَاۚ وَمَا نُرۡسِلُ بِٱلۡأٓيَٰتِ إِلَّا تَخۡوِيفٗا

Пайгамбардын чынчыл экендигин далилдеген өлүктөрдү тирилтүү ж.б.у.с. мушриктер талап кылган кереметтерди түшүрбөй койгонубуздун себеби – биз аларды мурунку коомдорго да түшүргөнүбүздө аларды жалганга чыгарышкан. Биз Самуд коомуна ачык-айкын улуу кереметти «төөнү» бердик. Алар аны жалганга чыгарышты, анан Биз алардын азабын тездеттик. Биз пайгамбарлардын колу менен кандай кереметти көрсөтпөйлүк, ал коомдор балким моюн сунушар деп аларды коркутуу максатта гана көрсөткөнбүз. info
التفاسير:

external-link copy
60 : 17

وَإِذۡ قُلۡنَا لَكَ إِنَّ رَبَّكَ أَحَاطَ بِٱلنَّاسِۚ وَمَا جَعَلۡنَا ٱلرُّءۡيَا ٱلَّتِيٓ أَرَيۡنَٰكَ إِلَّا فِتۡنَةٗ لِّلنَّاسِ وَٱلشَّجَرَةَ ٱلۡمَلۡعُونَةَ فِي ٱلۡقُرۡءَانِۚ وَنُخَوِّفُهُمۡ فَمَا يَزِيدُهُمۡ إِلَّا طُغۡيَٰنٗا كَبِيرٗا

Оо, пайгамбар! Эстечи, Биз сага айтканбыз: «Чындыгында Раббиңдиң кудуреттүүлүгү бүткүл адамдарды өзүнө камтып алат, алар Анын уучунда. Аллах сени алардан коргойт. Сен буйрулган нерсеңди жеткир». Биз сага Исра түнүндө көргөзгөн нерселерди, адамдар ага ишенет бекен же жалганга чыгарат бекен деп аларды сыноо үчүн кылганбыз. Ошондой эле Куранда айтылган тозоктун түбүндө өскөн Заккум дарагын да аларды сынаш үчүн кылганбыз. Эгерде алар бул эки аят-белгиге ишенбей турган болсо, анда башкаларына эч качан ишенишпейт. Биз аларга аят-белгилерди түшүрүп коркутабыз, бирок бул алардын каапырлыгын жана адашууларын андан бетер күчөтөт. info
التفاسير:

external-link copy
61 : 17

وَإِذۡ قُلۡنَا لِلۡمَلَٰٓئِكَةِ ٱسۡجُدُواْ لِأٓدَمَ فَسَجَدُوٓاْ إِلَّآ إِبۡلِيسَ قَالَ ءَأَسۡجُدُ لِمَنۡ خَلَقۡتَ طِينٗا

Оо, пайгамбар! Эстечи, Биз периштелерге: «Адамга сыйынып эмес, саламдашып сажда кылгыла» – дегенибизде алар моюн сунушуп баарысы сажда кылышты. Бирок Иблис текеберлик кылып: «Ылайдан жараткан нерсеңе сажда кылмак белем? Мени оттон жараткансың. Мен мындан артыкмын»,– деп сажда кылуудан баш тартты. info
التفاسير:

external-link copy
62 : 17

قَالَ أَرَءَيۡتَكَ هَٰذَا ٱلَّذِي كَرَّمۡتَ عَلَيَّ لَئِنۡ أَخَّرۡتَنِ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ لَأَحۡتَنِكَنَّ ذُرِّيَّتَهُۥٓ إِلَّا قَلِيلٗا

Иблис Раббисине айтты: «Айтчы, мени ага сажда кыл деп буйруп менден артык көрүп жараткан макулук ушулбу?! Бул дүйнө бүткөнгө чейин мени тирүү калтыра турган болсоң, мен мунун урпактарын Сенин туура жолуңдан сөзсүз адаштырам, аларды азгырам. Бирок Өзүң коргогон аз сандагы ыкластуу пенделериңди гана азгыра албайм». info
التفاسير:

external-link copy
63 : 17

قَالَ ٱذۡهَبۡ فَمَن تَبِعَكَ مِنۡهُمۡ فَإِنَّ جَهَنَّمَ جَزَآؤُكُمۡ جَزَآءٗ مَّوۡفُورٗا

Раббиси ага айтты: «Кет! Сага баш ийгендер да кошо кетсин!». Чындыгында тозок сенин жазаң жана алардын кылган иштеринин толук жазасы болот. info
التفاسير:

external-link copy
64 : 17

وَٱسۡتَفۡزِزۡ مَنِ ٱسۡتَطَعۡتَ مِنۡهُم بِصَوۡتِكَ وَأَجۡلِبۡ عَلَيۡهِم بِخَيۡلِكَ وَرَجِلِكَ وَشَارِكۡهُمۡ فِي ٱلۡأَمۡوَٰلِ وَٱلۡأَوۡلَٰدِ وَعِدۡهُمۡۚ وَمَا يَعِدُهُمُ ٱلشَّيۡطَٰنُ إِلَّا غُرُورًا

Күнөөгө чакырган добушуң менен алардын кимисин азгыра алсаң азгыр! Атчан жана жөө жан-жөкөрлөрүң менен аларды сени ээрчүүгө чакыр! Шариятка каршы жолду кооз көргөзүп алардын мал-мүлктөрүнө шерик бол. Алардын бала-чакасында да шерик бол, баласы эмес болсо да жалган жолдо баласы кыл, зына жолдо балалуу кыл, ат койгондо Аллахтан башканын кулу деп ат койдур. Аларга жалган убадаларды, калп кыялдарды кооз кылып көргөз. Шайтандын аларга берген убадасы аларды азгырган жалган гана убадалар. info
التفاسير:

external-link copy
65 : 17

إِنَّ عِبَادِي لَيۡسَ لَكَ عَلَيۡهِمۡ سُلۡطَٰنٞۚ وَكَفَىٰ بِرَبِّكَ وَكِيلٗا

Эй, Иблис! Чындыгында сен Мага баш ийген ыймандуу пенделеримдин үстүнөн бийлик кыла албайсың! Анткени Аллах аларды сенин жамандыгыңдан коргойт. Бардык ишинде Ага гана таянган адамга Аллах жетиштүү Коргоочу. info
التفاسير:

external-link copy
66 : 17

رَّبُّكُمُ ٱلَّذِي يُزۡجِي لَكُمُ ٱلۡفُلۡكَ فِي ٱلۡبَحۡرِ لِتَبۡتَغُواْ مِن فَضۡلِهِۦٓۚ إِنَّهُۥ كَانَ بِكُمۡ رَحِيمٗا

Оо, адамдар! Силер соода-сатык пайдалары жана башка жолдор аркылуу ырыскы издешиңер үчүн Раббиңер силерге деңиздин үстүндө кемелерди жүргүзүп койду. Чындыгында Ал силерге Ырайымдуу. Анткени Ал силерге бул каражаттарды жеңил кылды. info
التفاسير:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• من رحمة الله بالناس عدم إنزاله الآيات التي يطلبها المكذبون حتى لا يعاجلهم بالعقاب إذا كذبوا بها.
Жалганчылар талап кылган кереметтерди түшүрбөө – Аллахтын адамдарга болгон ырайымдуулугунан. Себеби аларды жалганга чыгара турган болсо, аларга тезинен азап келиши ыктымал. info

• ابتلى الله العباد بالشيطان الداعي لهم إلى معصية الله بأقواله وأفعاله.
Аллах пенделерди шайтан аркылуу сынайт. Ал аларды сөзү жана иштери менен Аллахка моюн сунбоого чакырат. info

• من صور مشاركة الشيطان للإنسان في الأموال والأولاد: ترك التسمية عند الطعام والشراب والجماع، وعدم تأديب الأولاد.
Адамдын мал-мүлкүнө, бала-чакасына шайтандын шерик болгонунун кээ бир көрүнүштөрүнөн – тамактануудан, суусундук ичүүдөн жана жыныстык мамиледен алдын «бисмиллах» деп айтпоо жана балдарга туура эмес адеп берүү. info