[1] Негизинен Аллах тааланын бардык нерселерден кабардарлыгы ошол күнгө чектелбейт. Бул жердеги чектөө ал күндүн өтө маанилүүлүгүн ачып берүү үчүн. Ооба Аллах таала ал күндө пендеге ушул дүйнөдө жасаган бардык иштерин билдирет. Эгер ал иш өтө жашыруун, өтө сырдуу болсо да, адамдар ал күнөө ишти унутуп жиберген болсо да, Аллах унуткан эмес!