د قرآن کریم د معناګانو ژباړه - قيرغيزي ژباړه - شمس الدين حكيموف

Аaдият

external-link copy
1 : 100

وَٱلۡعَٰدِيَٰتِ ضَبۡحٗا

Алкынып чуркаган тулпарларга ант! info
التفاسير:

external-link copy
2 : 100

فَٱلۡمُورِيَٰتِ قَدۡحٗا

(Туягынан) от чачырата чуркаган аттарга ант! info
التفاسير:

external-link copy
3 : 100

فَٱلۡمُغِيرَٰتِ صُبۡحٗا

Таң азанда (душманга) чабуул койгон аттарга ант! info
التفاسير:

external-link copy
4 : 100

فَأَثَرۡنَ بِهِۦ نَقۡعٗا

Ошондо алар (чабуулу менен) топуракты ызгытты. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 100

فَوَسَطۡنَ بِهِۦ جَمۡعًا

Андан соң (душман) топторунун ортосуна жарып кирди.[1] info

[1] Аллах тааланын күлүк аттар менен ант ичишинин себеби, алар Аллахтын керемет жаныбарлары жана теңдешсиз нээматы.

التفاسير:

external-link copy
6 : 100

إِنَّ ٱلۡإِنسَٰنَ لِرَبِّهِۦ لَكَنُودٞ

Инсан деген аныгында, Раббисине нашүкүр![1] info

[1] Аллах тааланын нээматтарына ибадат-кулчулук менен жооп бериши керек болчу. Бирок, ал мунун ордуна күнөө үстүнө күнөө жасайт.

التفاسير:

external-link copy
7 : 100

وَإِنَّهُۥ عَلَىٰ ذَٰلِكَ لَشَهِيدٞ

Буга анын өзү деле күбөдүр! info
التفاسير:

external-link copy
8 : 100

وَإِنَّهُۥ لِحُبِّ ٱلۡخَيۡرِ لَشَدِيدٌ

Ал байлыкты катуу сүйөт! info
التفاسير:

external-link copy
9 : 100

۞ أَفَلَا يَعۡلَمُ إِذَا بُعۡثِرَ مَا فِي ٱلۡقُبُورِ

Билбейби ал мүрзөдөгү өлүктөр чыгарылганда… info
التفاسير:

external-link copy
10 : 100

وَحُصِّلَ مَا فِي ٱلصُّدُورِ

Көкүрөктөгү сырлар ашкере кылынганда… info
التفاسير:

external-link copy
11 : 100

إِنَّ رَبَّهُم بِهِمۡ يَوۡمَئِذٖ لَّخَبِيرُۢ

Ошол Күнү Раббиси кабардар го, алардан?![1] info

[1] Негизинен Аллах тааланын бардык нерселерден кабардарлыгы ошол күнгө чектелбейт. Бул жердеги чектөө ал күндүн өтө маанилүүлүгүн ачып берүү үчүн. Ооба Аллах таала ал күндө пендеге ушул дүйнөдө жасаган бардык иштерин билдирет. Эгер ал иш өтө жашыруун, өтө сырдуу болсо да, адамдар ал күнөө ишти унутуп жиберген болсо да, Аллах унуткан эмес!

التفاسير: