[1] Ажырашкан аялдын жүрөк жараатын айыктыруу жана кээ бир укуктарын сактоо үчүн бул аяттын өкүмү боюнча эркектер өздөрүнүн социалдык абалына карап, талак берген аялдарына материалдык пайда берүүлөрү талап кылынат.
[1] Бул окуя байыркы яхуди шаарларынын биринде болгон. Шаарды өлөт (чума) каптаганда миңдеген адамдар өлүмдөн качып чыгышты. Бирок, бул качуу менен өлүмдөн кутулган эмес: Аллах алардын бардыгын "өлгүлө!" деген бир сөзү менен өлтүрүп, кайра тирилтти. Муну менен Аллах ошол коомго гана эмес, тээ Кыяматка чейинки инсаниятка эскертүү берди: Өлтүрүү да, жашатуу да жалгыз Өзүнүн колунда! Адамдардын куландай соо жана тирүү бойдон жүрүүлөрү - бул Аллахтын пазилет-берешендиги. Буга шүгүр кылуу керек. Бирок, көп адамдар муну унутуп коюшкан. Шүгүр (ибадат) кылышпайт!
[2] «Пазилет» - Аллах тааланын берешендиги жана жоомарттыгы.
[1] Аллах жолунда жанын, малын сарп кылган адам Аллахка жакшынакай карыз берген сыяктуу. Аллах таала аны кааласа жети жүз эсе көбөйтүп кайтарат. Эгер мусулман эсеп-чотун кучактап, сараңдык кыла бербей, мал-жанын Аллах жолуна иштете берсе, кең ырыскы берүүчү да, ырыскыны кысып коюуучу да Аллахтын Өзү. Бардык мүлк Өзүнүн колунда. Кааласа эсепсиз даражада көбөйтүп берет. Дал ушул сыяктуу дагы бир аятта Аллах таала мындай деген: "Мал-дүйнөлөрүн Аллах жолунда сарптаган кишилердин мисалы жети машакты өндүргөн бир дан сыяктуу. Ар бир машакта жүздөн дан болот. Аллах каалаган адамына (ушул сыяктуу) көбөйтүп берет. Аллах (тын пейили, илими) Кенен (жана) Билүүчү". Демек, Аллах жолунда малын, жанын сарптаган инсан эч нерсе жоготпойт.