[1] Арабдардын үрп-адаты боюнча “шахрул-харам” деп аталган айларда согушуу мүмкүн эмес. Бирок, мушриктер көбүнчө бул адатты бузуп, мусулмандарга сокку урушкан. Ошондуктан, Аллах “Алар “шахрул-харамды” урматтабай силерге согуш ачса, силер да карап отурбай согуша бергиле, жана арам айлардын эрежесин сактабаганы үчүн өч алгыла” деп буюрду.
[1] Аллахтын ыраазычылыгы, Анын дининин өнүгүшү, дүйнөгө жайылып, бардык диндерге үстөм болушу үчүн мусулман адам жанын, малын, бүт аракетин нафака (чыгаша) кылышы парыз. Аллах жолундагы эң зарыл жана башкаларына өбөлгө болгон нафака – бул материалдык садака. Эгер Аллахтын Дини жогору болушунун эң биринчи шарты жихад болсо жана жихаддын үч түрү болсо (кол менен, мал менен, калем – тил менен) ушул үчөө тең материалдык нафакасыз ишке ашпайт.
[2] “Өзүңөрдү өлүмгө таштабагыла” дегендин мааниси “Аллахтын буйруктарын аткарбай, Анын Динине малыңар, жаныңар жана убакыт-арекетиңер менен жардам бербей отуруп балээге кабылып калбагыла” деген маанини туюндурат. Айрыкча, мусулмандар убактысын, аракетин, акча-байлыгын Аллах жолунда нафака кылбай отура берсе, тез эле башка диндердин, башка элдердин тепсендисинде калып, түз маанисинде чоң балээге кабылышат.