[1] Бул аят келечектен кабар берген моожиза болуу менен бирге мусулмандардын көңүлүн көтөрүү маанисин да өз ичине камтыган. Мусулмандар Мединага көчүп барганда бир жарым жыл аралыгында Байтул-Макдис (Иерусалим) тарапка карап намаз окууга буюрулушкан болчу. Мында Аллах тааланын хикмат – Даанышмандыгы бар эле. Аллах таала бул окуяны яхудийлер мыскылдап кабыл алышын, Аллахтын өкүмүнө каяша айтышаарын, «Мусулмандарды кыбылаларынан эмне бурду?» дешип, ызы-чуу көтөрүшүн алдын ала кабар берди жана бул алар тарабынан боло турган акмакчылык экенин айтты. Анткени, Динге моюн сунган акылдуу адамдар, Дин ээси болгон Аллахтан кандай буйрук келсе, аны талкуулап отурбай, дароо моюн сунушат. Аллах таала айтат: “Аллах жана Анын элчиси бир ишти буюрганда, эч бир момун эркек же момун аял үчүн аны талкуулоого эрк-ыктыяр калбайт”. Демек, дароо моюн сунуулары зарыл.
[1] Пайгамбарыбыз Мединага хижрат кылып барганда, Аллахтын буйругу менен, он алты же он жети ай Байтул Макдис (Иерусалим) тарапка карап намаз окуду. Бул мусулмандар үчүн оор иш эле. Ошентсе да, ыйманы бекем мусулмандар Аллахтын амирине кийгилишпей жана каяша кылбай, Байтул Макдиске карап намаз окуй беришти. Бирок, кээ бир ыйманы бош жана улутчул арабдар динден кайтып кетишти. Мына ушундай Даанышмандык менен Аллах таала Өз пайгамбарына "(моюн сунуп) ээрчиген адамдарды артына бурулуп, (динден кайтып) кеткен адамдардан" ажыратып, билгизип койду.
[2] Бул аятта Ахлу Сунна вал Жамаа аалымдарынын "мусулмандын дене мүчөлөрү менен аткарган амалдары дагы ыймандын курамына кирет" деген пикирлерине далил бар. Анткенит, кыбла өзгөргөндө кээ бир мусулмандар "биздин абалкы кыблага карап окуган намаздарыбыз эмне болот?" деп кейий башташты. Ошондо, Аллах намазды ыйман деген сөз менен белгилеп, "Аллах силердин ыйманыңарды текке кетирбейт" деген аятты түшүрдү.