[1] Аллах таала ыймандуулардын арасынан бекем ишенимдегилерди тандап алуу үчүн жана Өзүнө гана белгилүү себептерден улам Иерусалимди убактылуу кыбыла кылып бергенде, өчөшкөн дин душмандары, пайгамбарга каршы чоң далил таап алгансып: "ал кантип Ибрахимдин дининдемин деп жүрөт? Анда Ибрахимдин жана Исмаилдин кыбласы (Кааба) бул жакта калып, Иерусалимге (Байтул Макдиске) карап намаз окуганы эмнеси - ыя?!" деп чуу көтөрүшкөн. Бирок, Аллах таала кыбыланы кайрадан Каабага буруп берүү менен яхуди, христиан жана мушриктерден турган дин душмандарынын "далилдерин" жокко чыгарды. Бирок, кээ бир жүрөгүндө былыгы бар залым адамдар тынчып калган жок. Себеби, аларга далил таасир этпейт. Яхудилер, мунафыктар жана мушриктер кыбыланы алмаштыруунун тегерегинде чынында, аябай чоң фитна чыгарып жиберишкен. Ошондуктан, Аллах бул маселени мусулмандарга өтө кылдаттык менен, кайра-кайра кайталап чечип берди жана дин душмандарынын ызы-чуусунан коркпой, Өзүнөн гана коркууга буюрду. Ошондо гана аларга Аллахтын жакшылыктары толук берилмек. Ошондо гана алар дин жолунда адашпай туура жүрүшмөк.
[1] Намаз – диндин түркүгү, момундардын нуру жана пенде менен Аллахты байланыштырып турган “ыйык көпүрө”. Эгер адам баласы намазды бардык талаптары менен аткарса, анда “хузур” деген нерсе пайда болот. “Хузур” – бул намаздын маңызы. “Хузур” абалына кирүү үчүн адамдын жүрөгү “Мен Раббимдин хузурунда (алдында) олтурам” деп сезиш керек. Ошондо, анын жүрөгү ойгоо болот. Намаздагы ар бир сөз, ар бир кыймыл аракеттин маанисин түшүнөт. Раббисине кулдук макаамында (даражасында) туруп, өз муктаждыктарын жалбарып сурайт. Мындай намаз адамга чоң жардам (кубат) берет жана адамды жаман жөрөлгөлөрдөн кайтарат.