(Аллах) айтты: “О, Нух! Ал сенин үй-бүлөңдөн эмес! Чынында, бул (сенин каапырга жан тартышың) жакшы иш эмес! Өзүң (акыбетин) билбеген нерселерди менден тилебе! Мен сага наадандардан болбошуңду насаат кыламын”.[1]
[1] Андан кийин Нух алейхи салам ишине бушайман болду. Себеби, ал Аллах тааланын { وَلَا تُخَاطِبْنِي فِي الَّذِينَ ظَلَمُوا إِنَّهُمْ مُغْرَقُونَ } «Залым-каапыр адамдар жөнүндө мага кайрылба! Алар чөктүрүлгөндөр!» деген буйругун билбей калган эле.
Айтты: “О, Раббим! Мен өзүм билбеген нерсени Сенден сураганымдын жамандыгынан Өзүңдөн коргоо тилеймин! Эгер Сен мени кечирип, ырайым кылбасаң, зыян тартуучулардан болуп каламын!
Айтылды: «Оо, Нух! Биз тараптан берилген амандык менен жана сага, сени менен (кемеде) бирге болгондорго берилген берекелер менен (жерге) түшкүн. Дагы эл-улуттар (болот). Биз аларды (ар түрдүү) нээматтар менен пайдалантабыз. (Эгер шүгүр-ибадат кылышпаса) кийин аларды Биз тараптан келген кыйноочу азап кармайт».
(Оо, Мухаммад!) Булар Биз сага вахий кылган кайып кабарлары. Мындан мурун аларды сен билбейт элең, коомуң да билбейт эле. Эми, сабырдуу бол. Чынында акыбет-натыйжа такыба кишилердин пайдасына!
Жана Биз (Йемен) жериндеги) Аад элине, өздөрүнүн бурадарлары Худду пайгамбар кылып жибердик. Ал айтты: «Оо, коомум! Аллахтын Өзүнө ибадат кылгыла! Силерге Андан бөлөк сыйынууга татыктуу кудай жок! Силер (жалган “кудайларды”) ойлоп чыгарган (мушрик) экенсиңер.