О, коомум! Мен (динге) даават кылганым үчүн силерден мал-дүйнө сурабаймын. Мага сооп-сыйлыкты Аллах берет. Мен ыйманга келгендерди кууп жибербеймин.[1] Алар Раббисине жолугуучу (жана андан бейиш сыйлыгын алуучу) адамдар. Бирок, мен силердин наадан коом экениңерди көрүп турамын.
[1] Коомдун уруу башчылары, байлары “ыйманга келген бей-бечараларды айдасаң анан биз ыйманды кабыл алабыз” деп шарт коюшкан эле.
Мен силерге: “Менде Аллахтын казыналары бар” дебеймин. Мен кайыпты да билбеймин (аны бир Аллахтан башка эч ким билбейт). Жана “мен периштемин” деп да айтпаймын. Жана… Силер көзүңөргө илбеген (бей-бечара) адамдар жөнүндө: “Аллах аларга жакшылык (бейиш) бербейт” дей албаймын. (Эгер ыймандары ыкыластуу болсо, албетте, берет) Алардын жан-дилиндеги нерселерди Аллах көбүрөөк билет. Мен (эгер силер каалаганды айтсам) анда, мен залымдардан болуп калмакмын. (Мушрик-каапырлар Нух алейхи саламдан өздөрү талап кылган жоопту алалбай калгандан кийин мындай)
Эгер Аллах силерди адаштырууну каалаган болсо, мен силерге насаат айтууну кааласам да, насаатым силерге пайда бербейт. Ал силердин Раббиңер жана Өзүнө кайтарыласыңар” - деди.
Же алар: “(Нух) Аллахка жалган-жалаа айтып жатат” дешеби? Айт: “Эгер мен жалган айтсам, күнөөм өз мойнумда. Бирок, мен силердин күнөөңөргө жооп бербеймин”.
Нухка (Аллах тарабынан) вахий кылынды: “Коомуңдун арасынан мурда ыйман келтиргендеринен башка эч ким ыйман келтирбейт. Бирок, алардын (каапырлык) иштери себептүү кайгырба. (Аллах сазайын берет!)
(О, Нух!) Биздин Көз алдыбызда вахий-таалимибиз боюнча (чоң) кеме жаса жана залым адамдар(ды өлтүрүү) жөнүндө мага кайрылбай эле кой. (Тагдырдагы «иш» бүткөн:) Алар – чөктүрүлгөндөр![1]
[1] Аллах таала көбүнчө Өзүнүн тагдыр китебинде жазылган бирок, боло элек нерселерди "болду" маанисинде сүйлөйт.