(Анан Нух) кеме жасай баштады. Ар качан (анын) алдынан коомунун адамдары өткөндө, аны шылдыңдашты. (Анда Нух): “Эгер (азыр) бизди мазактасаңар, биз да силерди өзүңөрдөй мазактайбыз.
Качан гана Биздин (тагдырда белгилеген) буйругубуз келип, (асмандан сел куюлуп, бардык жерден, жадагалса оттун “уюгу” болгон) тандырлар(дын оозунан да оргуштап суу) атырылып чыкканда, Биз айттык: «(О, Нух!) Кемеңе ар түрдүү айбанаттардан экиден жуптарды, үй-бүлөңдү жана ыйман келтиргендерди чыгар. Ал эми, Биздин (“ага өлүм” деген) сөзүбүз жеткен адамдарды (чыгарба!)» Ага бир аз эле кишилер ыйман келтирген болчу.
Жана кеме тоолордой толкундардын үстүндө сүзүп баратканда Нух (ыймандуулардан) ажырап калган уулуна: “О, уулум, биз менен бирге кемеге чык! Каапырлар менен болбо! (Анда сен дагы чөгүп өлөсүң)” - деди.
(Баласы атасына ишенбей): “Мен тоонун башына чыгып кетемин. Ал мени суудан сактап калат”- деди. (Нух) айтты: “Бүгүн Аллахтын буйругунан кутултуучу жок. Өзү ырайым кылгандар гана (кутулат.) (Анан) экөөнүн арасын толкун бөлүп койду жана (уулу, каапыр болгону себептүү) чөктүрүлгөндөрдөн болду.
(Кийин Аллахтын буйругу) айтылды: “О, жер, сууңду тарт! О, асман, (жамгырды) токтот!” Ошентип, суу тартылды жана өкүм аткарылды. (Кеме) Жудий тоосунун үстүндө токтоп калды жана “залымдарга өлүм!” деген наалат айтылды.
Анан Нух Раббисине (бийик добуш менен) жалбарды: “Раббим-ай! Уулум менин үй-бүлөмдөн го!? Сенин убадаң акыйкат го!? Сен эң адилет өкүм кылуучусун го!?[1]
[1] Нух пайгамбар Аллахтын: “Ар бир жуптуктан экиден жана үй-бүлөңдү кемеге чыгар” деген убадасын айтып жатат. Нух алейхи салам ыймандуу-ыймансыз экенине карабай үй бүлөмдөн болсо эле кутулат экен деп ойлогон.