Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - Bản dịch tiếng Kyrgyzstan về diễn giải ngắn gọn Kinh Qur'an

external-link copy
37 : 19

فَٱخۡتَلَفَ ٱلۡأَحۡزَابُ مِنۢ بَيۡنِهِمۡۖ فَوَيۡلٞ لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن مَّشۡهَدِ يَوۡمٍ عَظِيمٍ

Кийин алар Иса тууралуу талашып тартышып отуруп, эл ичинде топторго бөлүнүп кетишти. Кээ бирлери ага ыйман келтирип, “ал пайгамбар” дешти, жөөттөргө окшогон башкалары ага каапырлык кылышты. Ошол сыяктуу кээ бир топтор “ал кудай” дешти. Башкалары болсо ал “кудайдын баласы” дешти. Аллах бул нерселерден аруу! Улуу кыямат күнүндө күбөлөр болгондо ал тууралуу талашып тартышкандарга азап болсун! Анткени ал күндө ар кандай көрүнүштөр, сурак жана жаза болот. info
التفاسير:
Trong những bài học trích được của các câu Kinh trên trang này:
• في أمر مريم بالسكوت عن الكلام دليل على فضيلة الصمت في بعض المواطن .
Мариямдын эч сүйлөбөстөн унчукпай койгону – кээ бир жерлерде унчукпай коюунун артык экендигинин далили. info

• نذر الصمت كان جائزًا في شرع من قبلنا، أما في شرعنا فقد دلت السنة على منعه.
Сүйлөбөй коюуну назири кылуу мурдаг шарияттарда уруксат болгон, биздин шариятыбызда андайга тыюу салынган. info

• أن ما أخبر به القرآن عن كيفية خلق عيسى هو الحق القاطع الذي لا شك فيه، وكل ما عداه من تقولات باطل لا يليق بالرسل.
Иса пайгамбардын жаралышы тууралуу Куранда айтылган сөздөр эч бир шек-күмөнү жок айкын чындык. Ал эми андан башка айтылган сөздөрдүн баарысы жалган. Ал сөздөр пайгамбарларга ылайык келбейт. info

• في الدنيا يكون الكافر أصم وأعمى عن الحق، ولكنه سيبصر ويسمع في الآخرة إذا رأى العذاب، ولن ينفعه ذلك.
Каапыр адам бул дүйнөдө акыйкатка карата дүлөй жана сокур. Ал эми акыретте азапты көргөндө угуп-көрүп калат. Бирок мунун эч кандай пайдасы тийбейт. info