Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - 吉尔吉斯语翻译:社慕斯丁·哈克冒富

Анкабут

external-link copy
1 : 29

الٓمٓ

Алиф. Лам. Мим.[1] info

[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.

التفاسير:

external-link copy
2 : 29

أَحَسِبَ ٱلنَّاسُ أَن يُتۡرَكُوٓاْ أَن يَقُولُوٓاْ ءَامَنَّا وَهُمۡ لَا يُفۡتَنُونَ

Адамдар «ыйман келтирдик» деп айтса эле, (ар түрдүү машакаттар менен) сыналбай калабыз деп ойлошобу? info
التفاسير:

external-link copy
3 : 29

وَلَقَدۡ فَتَنَّا ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡۖ فَلَيَعۡلَمَنَّ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ صَدَقُواْ وَلَيَعۡلَمَنَّ ٱلۡكَٰذِبِينَ

Чынында Биз алардан мурункуларды да (чоң машакаттар менен) сынаганбыз. Натыйжада Аллах («ыймандуубуз» деген сөздөрүндө) чынчыл болгондорду билет, жалганчыларды да билет. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 29

أَمۡ حَسِبَ ٱلَّذِينَ يَعۡمَلُونَ ٱلسَّيِّـَٔاتِ أَن يَسۡبِقُونَاۚ سَآءَ مَا يَحۡكُمُونَ

Жаман (күнөө) иштерди жасаган адамдар Бизден кутулуп кетебиз деп ойлошобу?! Алардын чечимдери кандай жаман! info
التفاسير:

external-link copy
5 : 29

مَن كَانَ يَرۡجُواْ لِقَآءَ ٱللَّهِ فَإِنَّ أَجَلَ ٱللَّهِ لَأٓتٖۚ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ

Ал эми, ким (кыяматта) Аллахка жолугуудан үмүт кылса, Аллахтын (кыяматка) белгилеген убактысы (сөзсүз) келүүчү. Ал Угуучу, Билүүчү. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 29

وَمَن جَٰهَدَ فَإِنَّمَا يُجَٰهِدُ لِنَفۡسِهِۦٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَغَنِيٌّ عَنِ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Жана ким (өз напсисине, шайтанга жана Аллахтын душмандарына каршы) жихад кылса, өзүнүн пайдасына жихад кылганы. Чынында, Аллах ааламдардан беймуктаж.[1] info

[1] Аллах пендесинин жихад кылуусуна да муктаж эмес. Ал жихад кылып кыйналса, жадагалса, жанын жоготсо да, өз жанынын пайдасы: убактылуу жана азаптуу дүйнөдөн кетип, түбөлүк бейишке жетишет.

التفاسير: