Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - 吉尔吉斯语翻译:社慕斯丁·哈克冒富

Мaаун

external-link copy
1 : 107

أَرَءَيۡتَ ٱلَّذِي يُكَذِّبُ بِٱلدِّينِ

(Оо, Мухаммад)? сен динди «жалган» деген кишини көрдүң беле?! info
التفاسير:

external-link copy
2 : 107

فَذَٰلِكَ ٱلَّذِي يَدُعُّ ٱلۡيَتِيمَ

Мынаке ал, жетимди(н акысына кыянаттык кылып,) түрткүлөгөн адам! info
التفاسير:

external-link copy
3 : 107

وَلَا يَحُضُّ عَلَىٰ طَعَامِ ٱلۡمِسۡكِينِ

Жана ал жакырды тамактандырууга (элдерди) үгүттөгөн эмес.[1] info

[1] Кийинки аяттарда Аллах таала кээ бир адамдар намаз окуса деле... тозокко түшүп калуусун айтат. Ал кандай адамдар экен? Жооп кийинки аятта.

التفاسير:

external-link copy
4 : 107

فَوَيۡلٞ لِّلۡمُصَلِّينَ

(Кээ бир) намаз окуучуларга азап-тозок болсун! info
التفاسير:

external-link copy
5 : 107

ٱلَّذِينَ هُمۡ عَن صَلَاتِهِمۡ سَاهُونَ

Алар намаздарын унутуп коюшат.[1] info

[1] «Намазды унутуп коюу” деп өз убактысынан себепсиз кечиктирүү, парыздарын, шарттарын кемитип окуу сыяктуу күнөөлөргө айтылат.

التفاسير:

external-link copy
6 : 107

ٱلَّذِينَ هُمۡ يُرَآءُونَ

Алар (намазда жана башка ибадаттарда) рия[1] кылышат. info

[1] «Рия» - бул эл көрсүнгө жасалган ибадат. Рия от сыяктуу. Ибадаттын соопторун күйдүрүп жиберет.

التفاسير:

external-link copy
7 : 107

وَيَمۡنَعُونَ ٱلۡمَاعُونَ

Жана (муктаждардан) буюм-шаймандарды кызганышат. info
التفاسير: