Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - Қирғизча таржима

Вакиъа

external-link copy
1 : 56

إِذَا وَقَعَتِ ٱلۡوَاقِعَةُ

(Кыяматтык) окуя болгондо... info
التفاسير:

external-link copy
2 : 56

لَيۡسَ لِوَقۡعَتِهَا كَاذِبَةٌ

Анын болгонун эч ким «жалган» дей албайт. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 56

خَافِضَةٞ رَّافِعَةٌ

Ал төмөндөтүүчү, бийиктетүүчү.[1] info

[1] Куранда кыяматтын бир нече аталыштары келген. Алардын бири Вакеьа. Кыямат келип калганда, анын белгилерин, коркунучтарын өз көзү менен көргөн бардык акыл-эстүүлєр ага ишенишет. Бирок, ошого чейин эле (бул дүйнөдө) Аллaх тааланын сурагынан коркуп, адал жашагандардын кадыры ал күндө бийик болот. Ишенбей, арам жашагандар төмөн, кор жашоого кабылат.

التفاسير:

external-link copy
4 : 56

إِذَا رُجَّتِ ٱلۡأَرۡضُ رَجّٗا

Жер катуу силкинип, титирегенде..., info
التفاسير:

external-link copy
5 : 56

وَبُسَّتِ ٱلۡجِبَالُ بَسّٗا

Тоолор дагы талкаланып, info
التفاسير:

external-link copy
6 : 56

فَكَانَتۡ هَبَآءٗ مُّنۢبَثّٗا

чаң-тозонго айланганда..., info
التفاسير:

external-link copy
7 : 56

وَكُنتُمۡ أَزۡوَٰجٗا ثَلَٰثَةٗ

Жана силер (төмөндөгү) үч тайпага бөлүнгөндө: info
التفاسير:

external-link copy
8 : 56

فَأَصۡحَٰبُ ٱلۡمَيۡمَنَةِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَيۡمَنَةِ

Оң тарап ээлери. Оң тарап ээлери кандай (бийик даража)! info
التفاسير:

external-link copy
9 : 56

وَأَصۡحَٰبُ ٱلۡمَشۡـَٔمَةِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَشۡـَٔمَةِ

Жана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)! info
التفاسير:

external-link copy
10 : 56

وَٱلسَّٰبِقُونَ ٱلسَّٰبِقُونَ

Алдыңкылар – алдыңкылар. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 56

أُوْلَٰٓئِكَ ٱلۡمُقَرَّبُونَ

Ошолор (Аллахка) жакын болгондор![1] info

[1] Үч тайпанын биринчиси, амал баракчасы (китеби) оң тарабынан берилген оң тарап ээлери, экинчиси амал баракчасы сол тарабынан берилген сол тарап ээлери. Ал эми үчүнчүсү - эң бактылуу адамдар. Алар - алдыңкылар! Алар Жалгыз Аллахка ибадат кылууда ар дайым алдыңкы сапта турган пайгамбарлар, олуялар, салихтер,шейиттер. Алар бейишке да эң алдыңкы болуп киришет.

التفاسير:

external-link copy
12 : 56

فِي جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ

Алар «Наим» (нээматы эң көп) бейиштерде болушат. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 56

ثُلَّةٞ مِّنَ ٱلۡأَوَّلِينَ

Мурунку коомдордон болгон көптөгөн жамааттар. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 56

وَقَلِيلٞ مِّنَ ٱلۡأٓخِرِينَ

Акыркылардан азыраак жамааттар (түшөт). info
التفاسير:

external-link copy
15 : 56

عَلَىٰ سُرُرٖ مَّوۡضُونَةٖ

Алар (асыл таштар аралаш) токулган сөрүлөрдө info
التفاسير:

external-link copy
16 : 56

مُّتَّكِـِٔينَ عَلَيۡهَا مُتَقَٰبِلِينَ

жамбаштап, бири-бирине бетмаңдай (сүйлөшүп) отурушат. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 56

يَطُوفُ عَلَيۡهِمۡ وِلۡدَٰنٞ مُّخَلَّدُونَ

(Алардын кызматында) түбөлүк жаш жигиттер тегеренип жүрүшөт, info
التفاسير:

external-link copy
18 : 56

بِأَكۡوَابٖ وَأَبَارِيقَ وَكَأۡسٖ مِّن مَّعِينٖ

Таттуу шарап толтурулган, көзөлөрү, кумуралары, чөйчөктөрү менен. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 56

لَّا يُصَدَّعُونَ عَنۡهَا وَلَا يُنزِفُونَ

Ал шараптан алардын баштары оорубайт жана мас болушпайт. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 56

وَفَٰكِهَةٖ مِّمَّا يَتَخَيَّرُونَ

(Кызматчы жигиттер, алар) тандаган мөмөлөр менен, info
التفاسير:

external-link copy
21 : 56

وَلَحۡمِ طَيۡرٖ مِّمَّا يَشۡتَهُونَ

табити каалаган (ар түрдүү, бышкан) куш эттери менен (тегеренип жүрүшөт). info
التفاسير:

external-link copy
22 : 56

وَحُورٌ عِينٞ

Жана (алар үчүн) бакыраң көз үр кыздар бар. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 56

كَأَمۡثَٰلِ ٱللُّؤۡلُوِٕ ٱلۡمَكۡنُونِ

(Седепте) жашынган бермет сыяктуу! info
التفاسير:

external-link copy
24 : 56

جَزَآءَۢ بِمَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ

Жасаган (сооп) иштеринин сыйлыгына! info
التفاسير:

external-link copy
25 : 56

لَا يَسۡمَعُونَ فِيهَا لَغۡوٗا وَلَا تَأۡثِيمًا

(Бейиштегилер) ал жерде маанисиз жана уят (күнөө) сөздөрдү угушпайт. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 56

إِلَّا قِيلٗا سَلَٰمٗا سَلَٰمٗا

Бир гана «салам-салам» (деген) сөздөрдү угушат. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 56

وَأَصۡحَٰبُ ٱلۡيَمِينِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلۡيَمِينِ

Оң тарап ээлери. Оң тарап ээлери не деген (бакыт)! info
التفاسير:

external-link copy
28 : 56

فِي سِدۡرٖ مَّخۡضُودٖ

(Алар) тикенсиз «Сидр»[1] дарагынын арасында, info

[1] "Сидр" деген жыпар жыттуу бирок, тикенектүү дарак бар. Ал эми бейиштеги Сидр дарагы ушуга окшогон эле жыпар жыттуу, а бирок тикенексиз болот.

التفاسير:

external-link copy
29 : 56

وَطَلۡحٖ مَّنضُودٖ

Мөмөлүү банан бактарында, info
التفاسير:

external-link copy
30 : 56

وَظِلّٖ مَّمۡدُودٖ

Жайылган (кенен) көлөкөлөрдө, info
التفاسير:

external-link copy
31 : 56

وَمَآءٖ مَّسۡكُوبٖ

(Шар) аккан суулар(дын боюн)да, info
التفاسير:

external-link copy
32 : 56

وَفَٰكِهَةٖ كَثِيرَةٖ

Көп мөмө-жемиштердин ичинде info
التفاسير:

external-link copy
33 : 56

لَّا مَقۡطُوعَةٖ وَلَا مَمۡنُوعَةٖ

Түгөнбөгөн, үзүлбөгөн[1] info

[1] Бул дүйнөнүн мөмөлөрү кыш мезгилинде түгөнүп калат. Ал эми бейиште, кыш, суук деген жок. Мөмө-жемиштер эч түгөнбөй бышып турат.

التفاسير:

external-link copy
34 : 56

وَفُرُشٖ مَّرۡفُوعَةٍ

(Жана) балпайган (жумшак, жибек) төшөктөрдө! info
التفاسير:

external-link copy
35 : 56

إِنَّآ أَنشَأۡنَٰهُنَّ إِنشَآءٗ

Биз аларды (бейиштеги үр кыздарды) өзгөчө жаратуу менен жараттык.[1] info

[1] Аллах таала аларды ошол турпатында жараткан.Алар дүйнө сулуулары сыяктуу оболу кичинекей секелек болуп, анан чоңоюшкан эмес.

التفاسير:

external-link copy
36 : 56

فَجَعَلۡنَٰهُنَّ أَبۡكَارًا

Биз аларды бикир[1] кылып жаратып, info

[1] Бикир – күйөөгө тийбеген кыз.

التفاسير:

external-link copy
37 : 56

عُرُبًا أَتۡرَابٗا

Бир тегиз куракта жана өтө сүймөнчүк (назик) кылып койдук, info
التفاسير:

external-link copy
38 : 56

لِّأَصۡحَٰبِ ٱلۡيَمِينِ

Оң тарап ээлери үчүн. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 56

ثُلَّةٞ مِّنَ ٱلۡأَوَّلِينَ

Алар (оң тарап ээлери) абалкылардан болгон жамааттар. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 56

وَثُلَّةٞ مِّنَ ٱلۡأٓخِرِينَ

Акыркылардан болгон жамааттар. info
التفاسير:

external-link copy
41 : 56

وَأَصۡحَٰبُ ٱلشِّمَالِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلشِّمَالِ

Жана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)! info
التفاسير:

external-link copy
42 : 56

فِي سَمُومٖ وَحَمِيمٖ

Алар «самум» менен «хамимдин!»[1] ичинде info

[1] «Самум» – бул тозоктогу ысык шамал, ал эми «хамим» – кайнаган суу

التفاسير:

external-link copy
43 : 56

وَظِلّٖ مِّن يَحۡمُومٖ

жана кап-кара түтүндүн «көлөкөсүндө»! info
التفاسير:

external-link copy
44 : 56

لَّا بَارِدٖ وَلَا كَرِيمٍ

Анын салкыны да жок, көркү да жок. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 56

إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَبۡلَ ذَٰلِكَ مُتۡرَفِينَ

Алар мурда(гы жашоосунда) арамкор адамдар эле. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 56

وَكَانُواْ يُصِرُّونَ عَلَى ٱلۡحِنثِ ٱلۡعَظِيمِ

Алар үзгүлтүксүз, чоң күнөөлөрдү жасашкан. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 56

وَكَانُواْ يَقُولُونَ أَئِذَا مِتۡنَا وَكُنَّا تُرَابٗا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَبۡعُوثُونَ

Жана «Биз өлүп топурак жана (чириген) сөөк болуп калсак деле кайра тирилет бекенбиз? info
التفاسير:

external-link copy
48 : 56

أَوَءَابَآؤُنَا ٱلۡأَوَّلُونَ

Ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилет бекен?)» – дешкен. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 56

قُلۡ إِنَّ ٱلۡأَوَّلِينَ وَٱلۡأٓخِرِينَ

(Аларга айт): «Чынында, абалкылар дагы, акыркылар дагы, info
التفاسير:

external-link copy
50 : 56

لَمَجۡمُوعُونَ إِلَىٰ مِيقَٰتِ يَوۡمٖ مَّعۡلُومٖ

Белгиленген күндүн убадасына чогултулат. info
التفاسير:

external-link copy
51 : 56

ثُمَّ إِنَّكُمۡ أَيُّهَا ٱلضَّآلُّونَ ٱلۡمُكَذِّبُونَ

Кийин, эй, акыретти «жалган» деп адашкандар, info
التفاسير:

external-link copy
52 : 56

لَأٓكِلُونَ مِن شَجَرٖ مِّن زَقُّومٖ

«Заккум» дарагын(ын ачуу, тикенектүү «мөмөсүн») жейсиңер! info
التفاسير:

external-link copy
53 : 56

فَمَالِـُٔونَ مِنۡهَا ٱلۡبُطُونَ

Аны менен курсагыңарды толтуруп, info
التفاسير:

external-link copy
54 : 56

فَشَٰرِبُونَ عَلَيۡهِ مِنَ ٱلۡحَمِيمِ

Үстүнөн кайнак суу ичесиңер. info
التفاسير:

external-link copy
55 : 56

فَشَٰرِبُونَ شُرۡبَ ٱلۡهِيمِ

Суусаган төө сыяктуу (жуткунуп) ичесиңер!» info
التفاسير:

external-link copy
56 : 56

هَٰذَا نُزُلُهُمۡ يَوۡمَ ٱلدِّينِ

Алардын Кыяматтагы «сыйтамагы» – ушул! info
التفاسير:

external-link copy
57 : 56

نَحۡنُ خَلَقۡنَٰكُمۡ فَلَوۡلَا تُصَدِّقُونَ

(Оо, инсандар!) Силерди биз жаратканбыз, ишенгиле! info
التفاسير:

external-link copy
58 : 56

أَفَرَءَيۡتُم مَّا تُمۡنُونَ

Өзүңөр агызган бел суу жөнүндө ойлоп көрдүңөрбү? info
التفاسير:

external-link copy
59 : 56

ءَأَنتُمۡ تَخۡلُقُونَهُۥٓ أَمۡ نَحۡنُ ٱلۡخَٰلِقُونَ

Аны (адам кылып) өзүңөр жаратып аласыңарбы же биз жаратабызбы? info
التفاسير:

external-link copy
60 : 56

نَحۡنُ قَدَّرۡنَا بَيۡنَكُمُ ٱلۡمَوۡتَ وَمَا نَحۡنُ بِمَسۡبُوقِينَ

Силердин араңардагы өлүмдү да Биз тагдыр кылганбыз жана Биз алсыз эмеспиз, info
التفاسير:

external-link copy
61 : 56

عَلَىٰٓ أَن نُّبَدِّلَ أَمۡثَٰلَكُمۡ وَنُنشِئَكُمۡ فِي مَا لَا تَعۡلَمُونَ

Силерге окшогондорду (кыйратып башка элге) алмаштырууга жана (Кыяматта) силерге белгисиз абалда кайра жаратууга. info
التفاسير:

external-link copy
62 : 56

وَلَقَدۡ عَلِمۡتُمُ ٱلنَّشۡأَةَ ٱلۡأُولَىٰ فَلَوۡلَا تَذَكَّرُونَ

Билесиңер го, (Аллах жасаган) абалкы жаратууну. Эсиңерге келбейсиңерби?![1] info

[1] Аллах силерди экинчи ирет ошондой эле жарата алат.

التفاسير:

external-link copy
63 : 56

أَفَرَءَيۡتُم مَّا تَحۡرُثُونَ

Өзүңөрдүн эгиндериңерге карабайсыңарбы: info
التفاسير:

external-link copy
64 : 56

ءَأَنتُمۡ تَزۡرَعُونَهُۥٓ أَمۡ نَحۡنُ ٱلزَّٰرِعُونَ

Аны өзүңөр өндүрдүңөрбү же Биз өндүрдүкпү? info
التفاسير:

external-link copy
65 : 56

لَوۡ نَشَآءُ لَجَعَلۡنَٰهُ حُطَٰمٗا فَظَلۡتُمۡ تَفَكَّهُونَ

Эгер кааласак Биз аны кууратып коймокбуз. Анан силер таңыркаган бойдон кайгырып: info
التفاسير:

external-link copy
66 : 56

إِنَّا لَمُغۡرَمُونَ

«Чынында биз зыянга баттык! info
التفاسير:

external-link copy
67 : 56

بَلۡ نَحۡنُ مَحۡرُومُونَ

(Ырыскыдан) кол жууп калдык!» - демексиңер. info
التفاسير:

external-link copy
68 : 56

أَفَرَءَيۡتُمُ ٱلۡمَآءَ ٱلَّذِي تَشۡرَبُونَ

Ичип жаткан сууңарга карабайсыңарбы: info
التفاسير:

external-link copy
69 : 56

ءَأَنتُمۡ أَنزَلۡتُمُوهُ مِنَ ٱلۡمُزۡنِ أَمۡ نَحۡنُ ٱلۡمُنزِلُونَ

Аны булут арасынан силер түшүрдүңөрбү же Биз түшүрдүкпү?! info
التفاسير:

external-link copy
70 : 56

لَوۡ نَشَآءُ جَعَلۡنَٰهُ أُجَاجٗا فَلَوۡلَا تَشۡكُرُونَ

Эгер кааласак Биз аны туздуу кылып коймокбуз. Шүгүр кылбайсыңарбы?! info
التفاسير:

external-link copy
71 : 56

أَفَرَءَيۡتُمُ ٱلنَّارَ ٱلَّتِي تُورُونَ

Өзүңөр жагып жаткан отко байкоо салдыңарбы? info
التفاسير:

external-link copy
72 : 56

ءَأَنتُمۡ أَنشَأۡتُمۡ شَجَرَتَهَآ أَمۡ نَحۡنُ ٱلۡمُنشِـُٔونَ

Анын (отун болгон) дарагын өзүңөр жаратып алдыңарбы же Биз жаратып бердикби? info
التفاسير:

external-link copy
73 : 56

نَحۡنُ جَعَلۡنَٰهَا تَذۡكِرَةٗ وَمَتَٰعٗا لِّلۡمُقۡوِينَ

Биз жаратканбыз аны, (Кыяматтагы тозок отунан) эскерме иретинде жана мусапырлар пайдаланышы үчүн. info
التفاسير:

external-link copy
74 : 56

فَسَبِّحۡ بِٱسۡمِ رَبِّكَ ٱلۡعَظِيمِ

Эми (оо, Мухаммад) Улук Раббиңдин ысымын (кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула! info
التفاسير:

external-link copy
75 : 56

۞ فَلَآ أُقۡسِمُ بِمَوَٰقِعِ ٱلنُّجُومِ

Мен жылдыздардын (баткандагы жана чыккандагы) орду менен ант ичемин. info
التفاسير:

external-link copy
76 : 56

وَإِنَّهُۥ لَقَسَمٞ لَّوۡ تَعۡلَمُونَ عَظِيمٌ

Бул өтө улук ант, эгер билсеңер. info
التفاسير:

external-link copy
77 : 56

إِنَّهُۥ لَقُرۡءَانٞ كَرِيمٞ

Ал – Улук Куран! info
التفاسير:

external-link copy
78 : 56

فِي كِتَٰبٖ مَّكۡنُونٖ

Сакталган-жашыруун Китепте![1] info

[1] Бул китеп Лавхул Махфуз. Ал периштелердин колунда сакталган жана инсаният менен жиндерден жашыруун болгон Тагдыр Китеби.

التفاسير:

external-link copy
79 : 56

لَّا يَمَسُّهُۥٓ إِلَّا ٱلۡمُطَهَّرُونَ

Аны (Куранды) таза адамдар гана кармайт.[1] info

[1] Б.а. Куранды ширктен таза жана даараттуу адамдар гана кармайт.

التفاسير:

external-link copy
80 : 56

تَنزِيلٞ مِّن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Ал – ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн. info
التفاسير:

external-link copy
81 : 56

أَفَبِهَٰذَا ٱلۡحَدِيثِ أَنتُم مُّدۡهِنُونَ

Силер бул (Улук) Сөздү баалабайсыңарбы?! info
التفاسير:

external-link copy
82 : 56

وَتَجۡعَلُونَ رِزۡقَكُمۡ أَنَّكُمۡ تُكَذِّبُونَ

Аны «жалган» деп, четке кагууну өнөр-ырыскы кылып аласыңарбы?! info
التفاسير:

external-link copy
83 : 56

فَلَوۡلَآ إِذَا بَلَغَتِ ٱلۡحُلۡقُومَ

(Эгер бир жакыныңардын) жан(ы) алкымга келсе, info
التفاسير:

external-link copy
84 : 56

وَأَنتُمۡ حِينَئِذٖ تَنظُرُونَ

Ошондо (колуңардан эч нерсе келбей) карап каласыңар. info
التفاسير:

external-link copy
85 : 56

وَنَحۡنُ أَقۡرَبُ إِلَيۡهِ مِنكُمۡ وَلَٰكِن لَّا تُبۡصِرُونَ

(Анткени), аларга (илим-кудуретибиз жана периштелерибиз менен) силерге караганда Биз жакыныраакпыз. Бирок, силер (аларды) көрбөйсүңөр. info
التفاسير:

external-link copy
86 : 56

فَلَوۡلَآ إِن كُنتُمۡ غَيۡرَ مَدِينِينَ

Эгер силер (өлбөс жана) эсеп бербес болсоңор, info
التفاسير:

external-link copy
87 : 56

تَرۡجِعُونَهَآ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ

(Алкымына келген) жанды кайтаргылачы кана, эгер чынчыл болсоңор?! info
التفاسير:

external-link copy
88 : 56

فَأَمَّآ إِن كَانَ مِنَ ٱلۡمُقَرَّبِينَ

Эми эгер (жаны алкымга келген) адам алдыңкылардан болсо, info
التفاسير:

external-link copy
89 : 56

فَرَوۡحٞ وَرَيۡحَانٞ وَجَنَّتُ نَعِيمٖ

(Ага наркы дүйнөдө) ырахат, жыргал жана «Наим» бейиши даяр! info
التفاسير:

external-link copy
90 : 56

وَأَمَّآ إِن كَانَ مِنۡ أَصۡحَٰبِ ٱلۡيَمِينِ

Ал эми ал оң тарап ээлеринен бири болсо, info
التفاسير:

external-link copy
91 : 56

فَسَلَٰمٞ لَّكَ مِنۡ أَصۡحَٰبِ ٱلۡيَمِينِ

Анда сага (эй жаны алкымына келген пенде), оң тарап ээлеринин саламы болсун! info
التفاسير:

external-link copy
92 : 56

وَأَمَّآ إِن كَانَ مِنَ ٱلۡمُكَذِّبِينَ ٱلضَّآلِّينَ

Эгерде ал адашкан жана (Куранды) «жалган» дегендерден болсо, info
التفاسير:

external-link copy
93 : 56

فَنُزُلٞ مِّنۡ حَمِيمٖ

Ага кайнак суудан «сыйтамак» берилип, info
التفاسير:

external-link copy
94 : 56

وَتَصۡلِيَةُ جَحِيمٍ

Тозокко ташталат! info
التفاسير:

external-link copy
95 : 56

إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ حَقُّ ٱلۡيَقِينِ

Чынында бул (айтылгандар) эч күмөнсүз Акыйкат. info
التفاسير:

external-link copy
96 : 56

فَسَبِّحۡ بِٱسۡمِ رَبِّكَ ٱلۡعَظِيمِ

Демек, Улук Раббиңдин ысымын аруулагын (ар убак)! info
التفاسير: