[1] Куранда кыяматтын бир нече аталыштары келген. Алардын бири Вакеьа. Кыямат келип калганда, анын белгилерин, коркунучтарын өз көзү менен көргөн бардык акыл-эстүүлєр ага ишенишет. Бирок, ошого чейин эле (бул дүйнөдө) Аллaх тааланын сурагынан коркуп, адал жашагандардын кадыры ал күндө бийик болот. Ишенбей, арам жашагандар төмөн, кор жашоого кабылат.
[1] Үч тайпанын биринчиси, амал баракчасы (китеби) оң тарабынан берилген оң тарап ээлери, экинчиси амал баракчасы сол тарабынан берилген сол тарап ээлери. Ал эми үчүнчүсү - эң бактылуу адамдар. Алар - алдыңкылар! Алар Жалгыз Аллахка ибадат кылууда ар дайым алдыңкы сапта турган пайгамбарлар, олуялар, салихтер,шейиттер. Алар бейишке да эң алдыңкы болуп киришет.