[1] Курандагы ысымы «Байтул-Маамур» болгон бул Абад үй жетинчи асманда болуп, анын ичинде ар күн сайын жетимиш миң периште намаз окуйт. Кезек тийбей тизилип тургандардын саны ушунчалык көп болгондуктан бир жолу анда намаз окуган периште эгер дагы кезекке турчу болсо, Кыяматка чейин кезек келбейт.
[1] Демек, бейиштеги бабаларды кубантуу үчүн Аллах таала ыйман менен өткөн урпактарды аларга кошот экен, эгер сооп даражалары бабалардай болбосо да. Бирок, мунун мааниси бабалардын сообунан урпактарга алып берилет экен дегенге жатпайт. Тескерисинче "(бабалардын) амалдарынан эч нерсе кемитилбейт". Б.а. сооп алып берилбейт. Анткени, "Ар бир адам өз ишинин туткуну".
[1] Эгер жаратуучусу жок эле, өзүнөн-өзү жаралып калбаган болсо, жана өздөрү ааламдардын жаратуучусу болбосо, үчүнчү пикир – аларды жалгыз Аллах гана жаратканы чындык болот. Анда эмне үчүн ошол Жаратуучунун Өзүнө сыйынбай жатышат!
[1] Пайгамбарыбызга түшкөн Куран - Аллах тааланын казына-мүлкүнөн берилген. Алар "Мухаммад пайгамбар эмес" дешет. Эмне, Аллахтын казына-мүлкү алардын колунда болуп, алар бөлүштүрүүчү бекен?!
[1] Каапырлар ушундай кенебес болушат. Байыркы заманда Аад коомунун үстүнө Аллах асмандан балээ жибергенде да алар: «Бул кара булут, эми бизге жамгыр жаайт» - деп сүйүнгөн. Себеби, алар Аллахтан балээ келет деп күтүшкөн эмес. Эгер Курайш каапырларынын башына да Аллах ошондой балээ жиберчү болсо,алар да ошентишмек.
[1] «Тозоктон башка азап» каапырларга ушул дүйнөдө жеткирилген азаптар же болбосо Барзах – мүрзө жашоосундагы азаптар.